Кайрымдуулук

Кыргызстандын Ош областына караштуу, Карасуу районунун, Жоош айылында жайгашкан Карасуу дүлөй(кулагы укпаган) балдар мектеп-интернаты жана Ж. Бокомбаев балдар үйү үчүн КР МИДтин тактамы боюнча КДМК кайрымдуулук компаниясы уюштурат. МИДтен алынган расмий катка караганда интернатта 0-9 класс арасы 175 өспүрүм окуйт. Интернаттын имаратын кайрадан оңдоо үчүн акчалай түрдө жана балдар-кыздар үчүн жаңы жана колдонулган(колдонулган кийимдер таза жуулуп үтүктөлүшү зарыл) жазгы-жайкы кийим кече жана мектеп буюмдары жөнөтүлөт. Эгер сиздин да жардам бергиңиз келсе анда үстүдөгү тизмеде айтылган буюмдарды жана акчалай түрдө жардамынызды Стамбул, Шириневлердеги КДМКнын боорборуна май айынын башына чейин тапшырсаныздар болот.

Байланыш тел: 0(212) 653 00 87

Факс: 0(212) 653 00 86

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED