Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгы

2015-жылдын 20-Ноябрында Кыргызстан достук жана маданият коому Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы башкы консулдугу менен бирге кыргыз жазуучу, поэт жана котормочу Алыкул Осмоновдун 100-жылдыгына байланыштуу атайы программа өткөрдү.

Программага атайы Кыргыз Республикасынын ЖКнин депутаттары Ж.Мусабекова и Г.Молдобекова, Кыргыз Республикасынын Анкарадагы толук ыйгарымдуу элчиси И.Джунусов, КР Билимдер Академиясынын Вице-Президенти профессор А.Акматалиев, Анкара Университетинин профессору Г.Джумакунова, КР Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, Стамбулдагы кыргыз диаспорасынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Программада атайы фото көргөзмө жасалып, Алыкул Осмонов жөнүндө кыск метраждуу фильм көрсөтүлдү.

21 Ноябрь 2015

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED