Кыргыздар күмбөзүнө зиярат

 

Салтка айланган Изник пикниги бул жыл да сонун өттү. 2015-жылдын 17-Май күнү мекендештерибиз Стамбулдан жолго чыгып күмбөзгө келип түшүштү. Ал эми 30-40 үй-бүлө бала чака менен бир күн мурун эле келип бул күндүн даярдыктарын көрө баштаган. Чоң шаардын кыйынчылыктарынан кийин күл жээгинде таза абада дем алуу өзгөчө бакыт...

Жылдагыдан өгөчөлөнүп бул жыл атайы Анкарадан элчыбыз Ибрагым Жунусов, Стамбулдан башкы консул Ренат Тулебердиевдер катышып эл менен бирге болушту. Элчи жана башкы консулубузду Изник шаарынын акими өзү тосуп алды.

Мекендештерибиз Изниктеги кыргыз күмбөзүнө барып Куран окуп курбандык чалышты. Изник мэриясы тарабынан атайы бөлүнүп берилген көл жээгиндеги аянтта мекендештерибиз тамак жасап, оюн-зоок уюштуруп көңүл ачышты.

 

 

 

Изник кыргыздар күмбөзү

1331 жылы кадимки Түркиядагы Изник шаарын (грециялык Никей, түркиялык Бурса шаарынан анча  алыс эмес жерде) чалгындоодон кийин, Султан Орхандын (1326—1359 жылдарда Осман мамлекетинин экинчи ханы) демилгеси менен, чалгынга катышып, курман тапкан тайманбас кыргыз баатырларынын эрдиги үчүн аларга атайын арналып күмбөз салынган. Ал заманда күмбөз жөндөн жөн жерде салынбайт эле - Кыргыз жоокерлери укмуш баатырлыкты көрсөтүшкөн. Күмбөздүн ысмы «Kyrgyz Turbesi», түрк тилинен "Кыргыз күмбөзү" деп которулат. Тарыхий маалыматтардын жоктугуна байланыштуу кийинчерек эл оозунда бул жерлерди: Hacı Camadan (Джамадан Хаджи), Camasa, Kırk Kızlar (40 кыздар), Reyhan (Базилик), Yedi Kardeşler (7 бир тууган) деген ар түрлүү ысымдарды коюп жатышты. Бир нече жыл мурун күмбөздүн жанына колодон куюлган эстелик орнотушкан. 2008 жылдын март айында Изник шаарынын жергиликтүү өкмөтү тарабынын ал жерде кайра калыбына келтирүү иш-аракеттерин кылышкан.

(булак: wikipedia)

 

 

 

18 Май 2015

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED