Стамбулдагы Кыргызстандыктар Нооруз майрамын өткөрүштү

Стамбулдагы Кыргызстандыктар Ноорузду майрамын Зейтинбурну мэриясынын маданият үйүндө тосушту. Майрамды жылдагыдай эле Стамбул акимчилиги уюштуруп, Түркияда жашаган түрк тилдүү элдер катышты. Кыргызстан достук жана маданият коому жана Кыргызстандан атайы келген келген группа көргөзмө ачып майрамга катышты. 

Стамбул шаарынын мэри Кадир Топбаш жана аким Васып Шахин программа башталаар алдында көргөзмөбүзгө келип, Стамбул башкы консулубуз Ренат Тулебердиев тосуп алды. Көргөзмөдөгү буюмдарды карашып, даам татышты. 


Стамбулдагы Кыргызстандыктар сүмөлөк жасашты.

Стамбулдагы Кыргызстандыктар Ноорузду алдын ала тосуп, Кыргызстан достук жана маданият коомунун кеңсесинде сүмөлөк жасашты. Бир жума мурда эле буудай уютулуп, коомдо көктөтүлө баштаган. Буудай көктөп сүмөлөк жасоо убагы келгенде, эже-карындаштарыбыз, ага-инилерибиз коомдо топтолушту. Боорсок жасалып, атайы Кыргызстандан келген тай эти кайнатылды.


Бахчелиевлер акими коомдо

Бахчелиевлер районунун акими коомубузга зиярет жасады. Акимди башкаруу комитети төрагасы Айбек Сарыгулов жана комитет мүчөлөрү тосуп алышты.


8 - Март бүткүл дүйнөлүк аялдар күнү

Кыргызстан достук жана маданият коому Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу менен бирге, 8-март аялдар күнүнө карата Кыргызстандан келген ырчылардын катышуусунда концерттик программа уюштурду.


Картепе чокусуна саякат

Кыргызстан достук жана маданият коому 7-Февраль күнү Кожаэли областындажайгашкан Картепе чокусуна саякат уюштурду.

 


Түркиянын Стамбул шаарындагы кыргыздар «Жаңы Жылды» тосушту

"Кыргызстан достук жана маданият коому" тарабынан Түркиянын Стамбул шаарында жашаган жана окуган кыргызстандык жарандардын башын бириктирүү максатында "Жаңы жылдык кече" уюштурулду. 

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED