«Жайлоодогу балдар бакчалары»

 

Кымбаттуу мекендештер! 

Кыргызстанда алдыдагы жайкы каникулдарды мыкты жана пайдалуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбагыла!
21-кылымда, жогорку технологиялардын кылымында, абасы таза, интернети жок жана жөн гана эс алуучу жайга кеткиң келет. Ушунун бардыгын турмушка ашыруу үчүн биздин фонддун уникалдуу долбоору боюнча «Жайлоодогу балдар бакчаларына» волонтер катары чакырабыз. 
Жайлоодогу балдар бакчалары «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун демилгелеринин бири. Бул долбоордун максаты жай мезгилинде жайлоодогу балдар үчүн билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн берүү болуп саналат. Быйылкы жылы долбоор Кыргызстандын баардык жети регионунда ар кандай 35 жайытта балдар бакчаларын ачууга ниеттенип жатат. Долбоор 2015-жылдын 15-июнунда ачылат жана 15-августуна чейин иштейт. Сиз болсо, өз кезегинде, өзүңүзгө жаккан каалаган убакытты жана жаккан каалаган балдар бакчасын тандай аласыз жана бала бакчанын балдары менен 1 саат каалаган сабакты өткөрсөңүз болот. 
Жайлоодо жүргөн мезгилде төмөнкүлөрдү аткара аласыз:
- кыргыз тилин жакшыртуу жана окуп баштоо;
- кыргыздардын маданиятын жана турмуш-тиричилигин иликтөө;
- атка минип, чаптырганды үйрөнүү, кымыз ичүү, таза аба менен дем алуу, фиточайды ичип тоюу; 
- улуттук тамактарды жасоонун сырын билүү;
- жана жөн гана мыкты эс алуу!
Боз үйдөгү түнөк: таптакыр акысыз; сиз уктай турган төшөнчүнү, жылуу кийимди жана гигиеналык буюмдарды ала келишиңиз керек.
Тамак-аш: күнүнө 10 АКШ доллары, эгерде кааласаңыз «Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорунун ишин колдоо үчүн белек катарында канцтоварларды ала келсеңиз болот.
 
Баардык калган маселелер боюнча төмөнкү номерлерге чалсаңыз болот:
+996312663538 «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун офиси, 
+996555203949 Банур Абдиева, «МекендештерФоруму»долбоорунун координатору, 
+996553416049 Жаннат Токторбаева, «Мекендештер Форуму»долбоорунун ассистенти же mekendeshter@roza.kg дарегине кат жазып жана Фэйсбуктагы расмий бетте «Мекендештер Форумуна» билдирүү жөнөтүңүз. 

Ал эми "Жайлоодогу бала бакчалары" видеосун төмөндөгү шилтемеде көрүп алсаңыздар болот: https://www.youtube.com/watch?v=mRzTBoqP1hQ

 

Жайлоо балабакчалары Сиздерди жана үйбүлөө мүчөөлөрүнөрдү волонтер, окутуучу катары тосуп алууга даярдыгын билдирет! Сиздердин балдарынар үчүн тил жана маданият чөйрөсунө камтып Жайлоо Садиктери иш жүргүзүүнүн алдында, төмөнкү шилтемелерди карап географияны көрүүнөрдү өтүнөбүз
Жай кирип келди, достор!

http://www.openstreetmap.org/search…

https://www.google.com/…/@42.6858321,75.11874…/data=!3m1!4b1

https://www.facebook.com/mekendeshter/photos/p.733644900089185/733644900089185/?type=1&theater

 

 


Эскертүү: Жарыя «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун демилгесин колдоо максатында жарыяланды. Демилгенин мазмуну, аткарылышы жана башка маселелери боюнча «Кыргызстан достук жана маданият коому» жоопкерчил эмес.

25 Май 2015

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED