"Бурана мунарасынын макети Стамбулда көргөзмөгө коюлду..."

 

Кыргызстандын борбор шаары Бишкектен 80 чакырым алыстыкта орун алган Чүй өрөөнүндөгү 9-кылымда Карахандык мамлекети тарабынан курулган Жибек жолдун боюнда орун алган Бурана мунарасынын түп нускасына окшош 2 метр бийиктиктеги макети Стамбул шаар башчылыгынын маданият акционердик коому тарабынан салынып, Түрк дүйнөсүнүн маданият борборунда Кыргызстан маданият үйүнүн жанында көргөзмөгө коюлду.

Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы башкы консулу Ренат Тулебердиев жана Кыргызстан достук жана маданият коомунун мүчөлөрү катышкан чакан иш-чара уюштурулду. Башкы консул жана маданият борборунун директору сөз сүйлөп, Бурана макетинин чакан ачылышын өткөрдү. Ленталар кесилип макет көзгөзмөгө ачылган соң, Кыргызстан жана Азербайжандан келген жаш группалардын катышуусунда концерттик программа өттү.

Программанын соңунда катышуучуларга Кыргызстан достук жана маданият коому тарабынан жасалган аш таратылды.

 

 

 

Бурана – Караханийлер дооруна таандык тарыхый-архитектуралык эстелик, мунара. Чүй өрөөнүндөгү Tокмок шаарынан 15 км түштүк-

батышта, Дөңарык айылынын чыгышында жайгашкан. Мунара Жетисуудагы түрктөргө ислам тарала баштаган мезгилде, 10-кылымдын аягы–11-кылымдын башында курулган. 

Бышкан кыш менен төрт бурчтуу пайдубалга сегиз кырдуу түптөлүп, цилиндр түрүндө тургузулган мунара чептин ичинде жайгашып, сырткы бети оймо-чийме менен кооздолгон, ичинде жогору карай буралып чыгуучу тепкичтер орнотулган. Бийиктиги 14 м, түбүнүн диаметри 9 м, төбөсүнүкү 6 мге жакын.

Мунара кайрак ташка чегилген жазуу жана ал Баласагундук мыйзамчы имам Мухаммадга коюлгандыгы тууралуу орто кылымдагы тарыхчы Мухаммед Хайдардын эмгегинде эскерет. Бурана Борбордук Азиядагы мунара архитектуралык эстеликтеринин эң байыркысы.

Мунара Кыргызстандын аймагындагы курулуш өнөрүнүн жогорку деңгээлде өнүккөндүгүн далилдейт. Бурананын айланасында курулуштун калдыктары, чеп дубалдар бул жерде бир мезгилде Баласагун шаары өкүм сүргөндүгүн ырастайт. 13–14-кылымдарда шаар өзүнүн жашоосун токтоткон. 1971–76-жылдары Бурана оңдолуп, калыбына келтирилген.

(wikipedia'дан алынды)

24 Май 2015

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED