Бахчелиевлер акими коомдо

 

Бахчелиевлер районунун акими коомубузга зиярет жасады. Акимди башкаруу комитети төрагасы Айбек Сарыгулов жана комитет мүчөлөрү тосуп алышты. Коомдун иштери менен жакындан таанышып, Айбек мырза болуп жаткан жана пландалган иш-чаралар жөнүндө айтып берди. Кыргыз элине жакындыгын билдирген аким, эки элдин бир туугандыгы жана тарыхтагы жакындыгы тууралуу кеп ачты. Айбек мырза Изник шаарындагы кыргыздардын күмбөзү жөнүндө айтып, кыргыздын 8 кылым мурун түрк элине жардамга келгенине аким да таң калды. 

Зиярат соңунда коом атынан Айбек мырза акимге белек катары калпак жана камчы тартуулады. 

 

 

16 Март 2015

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED