Түркиянын Стамбул шаарындагы кыргыздар «Жаңы Жылды» тосушту

2014-жылдын 27-декабрь күнү "Кыргызстан достук жана маданият коому" тарабынан Түркиянын Стамбул шаарында жашаган жана окуган кыргызстандык жарандардын башын бириктирүү максатында "Жаңы жылдык кече" уюштурулду. Программанын уюштурушунда "Керемет Туризм" фирмасынын ээси Мусаев Нурлан мырзанын эмгеги чоң. Программа үчүн спонсор болуп, атайы Кыргызстандан конокторду алып келди. Ырчы Гүлжигит Калыков, комузчу Гулира Касымкулова жана Кыргызстан КВН командасы келгендерге жагымдуу маанай тартуулашты.

Аяз ата жаш балдардын баарына спонсорлор тарабынан даярдалган белектерди тапшырды. Белектерин алган балдар алар үчүн бөлүнгөн залда клоундар менен кызыктуу оюндар ойноп көңүл ачышты. Майрамдык иш-чарада ар кандай оюн-зооктор уюштурулуп баалуу сыйлыктарды тартуулаган лотерея ойнотулду. Лотереяда сыйлыктарынын ичинен «Кыргызстанга эки кишилик билеттин» кимге чыгаарын катышуучулар кеченин соңуна чейин чыдамсыздык менен күтүштү. Студенттер тарабынан бий аткарылып, ата-энелерге арналган тасма көрсөтүлдү. «Кыргызстан достук жана маданият коомунун» төрагасы Айбек Сарыгулов кечеге келгендердин баарын жаңы жылы менен куттуктап, жакшы каалоо тилектерин айтып өттү. Ошондой эле башкы консул Тулебердиев Ренат Темирбекович кечеге конок болуп, куттуктоо сөзүн айта кетти. 

 

30 Декабрь 2014

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED