Стамбулдагы Кыргызстандыктар Нооруз майрамын өткөрүштү

 

Стамбулдагы Кыргызстандыктар Ноорузду майрамын Зейтинбурну мэриясынын маданият үйүндө тосушту. Майрамды жылдагыдай эле Стамбул акимчилиги уюштуруп, Түркияда жашаган түрк тилдүү элдер катышты. Кыргызстан достук жана маданият коому жана Кыргызстандан атайы келген келген группа көргөзмө ачып майрамга катышты. 

Стамбул шаарынын мэри Кадир Топбаш жана аким Васып Шахин программа башталаар алдында көргөзмөбүзгө келип, Стамбул башкы консулубуз Ренат Тулебердиев тосуп алды. Көргөзмөдөгү буюмдарды карашып, даам татышты. Башкы консул Стамбул мэрин жана акимин Кыргызстандан келген манасчы Үмөт Болот уулу менен тааныштырды. Концерттик программанын башталаарында Үмөт манас айтып күйөрмандарды таң калтырды.
Концерттен кийин кайрадан Кыргызстан көргөзмөсүнө келген Кадир Топбаш жана Васып Шахин баштаган группа, коомдо жасалган аштан жана сүмөлөк жешти. Коом жөнүндө кыскача маалымат алып, журналисттердин суроолоруна жооп беришти. 

Меймандар кеткен соң да майрам уланды. Мекендештерибиз аш, боорсок, казы жана башка даамдардан татышты. Башкы консулдугубуз алып келген максым коноктор кызыккан ичимдик болду...

 

 

22 Март 2015

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED