Стамбулдагы Кыргызстандыктар сүмөлөк жасашты.

 

Стамбулдагы Кыргызстандыктар Ноорузду алдын ала тосуп, Кыргызстан достук жана маданият коомунун кеңсесинде сүмөлөк жасашты. 

Бир жума мурда эле буудай уютулуп, коомдо көктөтүлө баштаган. Буудай көктөп сүмөлөк жасоо убагы келгенде, эже-карындаштарыбыз, ага-инилерибиз коомдо топтолушту. Боорсок жасалып, атайы Кыргызстандан келген тай эти кайнатылды. Дасторкон даярдалып келген мекендештерибиз Өзгөн күрүчүнөн аш жасап, беш-бармак бышырышты. Жакшы каалоо тилектерин айтып, келгендердин баары катар менен сүмөлөктү аралаштырып чыгышты. 

 

 

20 Март 2015

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED