"Курманжан Датка" кино тасмасы Анкарада көрсөтүлдү.

 

«Курманжан Датка» фильми Анкара шаарында көрсөтүлдү. Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин кинолор боюнча мекемесинин залы көрүүчүлөргө толду. Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов жаштар батыштын баалуулуктарына ыктап, кыргыз маданиятына кош көңүл карап келишкенин, «Курманжан Датка» көркөм тасмасы мындай көрүнүштү жоёруна ишенээрин билдирди. Тасманын соңунда Кыргызстандан келген «Курманжан Датка» фондунун төрайымы, Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошова жана кинодогу каармандардын ролун аткарган таланттар менен көрүүчүлөрдүн ортосунда баарлашуу болду. Саамалыкка катышкан Анкарадагы кыргыз студенттери тасманы бир эле жолу көрсөтүү менен чектелбеш керек экенин белгилешти. Жолдошованын айтымында фильм түрк тилине которулган соң, Түркиянын шаарларында жана Ванн аймагында жашаган кыргыз айылында да киносүйүүчүлөргө тартууланат. Кыргызстандык делегация менен жолугушкан түрк парламентинин депутаты Мустафа Эрдем жана ардактуу консул Мустафа Курт бул эмгекти кыргыз кинематографиясынын жетишкендиги катары баалады. Өз кезегинде Жылдызкан Жолдошова «Курманжан Датка» киносун көргөн чет жерликтер жалгыз кыргыз эмес, жалпы түрк элдеринин жетишкендиги катары кабыл алып жатышканын айтты. Оскар сыйлыгынын «Чет тилиндеги эң мыкты фильм» номинациясына талапкер тасма буга чейин бир катар эл аралык фестивалдарга катышып, киносынчылардын жогору баасына татыган. Бишкектен келген делегация фильмди элге тартуулоо менен гана чектелген жок. Мурдараак Кыргызстан Достук жана Маданият коомунун Анкара өкүлчүлүгүнүн кеңсесинде болуп, уюмдун аткарган иштери менен таанышуу орун алды. Жылдызкан Жолдошовага Түркияда эмгектенген илимпоз Гүлзура Жумакунованын Токтогул Сатылгановдун өмүр жолун камтыган ар башка тилде жарык көргөн 6 томдук ыйгарылды. Эл өкүлү Жогорку Кеңештин депутаттарын аталган эмгек менен тааныштыраарын белгилейт. 
«Курманжан Датка» тасмасы көрсөтүлүп бүтүп, киносүйүүчүлөр менен жолугушуу аяктагандан кийин парламент депутаты жана аны коштоп келген кино ишмерлер Стамбулга сапар тартышты.  

 

 

Tүрк расмийлеринин сүймөнчүлүгүнө ээ болду

Ак менен каранын, адилетсиздик менен абийирдүүлүктүн, баатырдык менен чыккынчылыктын кагылышын таамай чагылдырып, көрүүчүлөргө руханий рахат тартуулаган тасма мекенге болгон сезимди ойготту. Улуттук маданий жетишкендик катары бааланган фильмди көрүүнү көксөгөндөр Анкарада арбын чогулду. КыргызстандынТүркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов студенттердин өтүнүчү орундалганын белгилейт.
Фильмди тартууга салымы бар ишмерлер бул тасманы чет өлкөлөрдө жалгыз Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн жетишкендиги катары кабылдап жатышканын белгилешет. Кыргыз тилинде болсо да дилинде туюп, түшүнгөн Түркиянынрасмий адамдары киного жогору баа беришти. Көркөм тасмага күбө болгон боордош түрк элинин өкүлдөрүнүн катарында парламент депутаты Мустафа Эрдем жана Кыргызстандын ардактуу консулу Мустафа Курт болду.


Кыргызкинематографиясынын жетишкендиги катары саналып, дүйнөнүн ар тарабында көрсөтүлүп жаткан көркөм тасма бир катар эл аралык сынактардан олжолуу кайтууда. Маселен, Башкортостандагы «Акбузат» фестивалында «Элдин тарыхын чеберчилик менен чагылдыргандыгы үчүн» атайын сыйлыкка татып, эң мыкты операторлук эмгек да көз жаздымда калган эмес. Ал эми Кытайдын Сиань шаарындагы саамалыкта элдин купулуна толгон тасма деп табылган эле. Кайсы мамлекеттеги кинотеатрларда көрсөтүлбөсүн орундуктар кыргызстандык жарандарга толуп жатат. Жергиликтүү көрүүчүлөрдү да тартыш үчүн фильмди ошол элдин тилине которуу зарылчылыгы турат. «Курманжан Датка» фондунун төрайымы, Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошова түрк тилине которууга аракет көрүлөөрүн белгиледи.


Фильм мамлекеттин колдоосу менен тартылып, 70 миллион сом сарпталган. 31-август эгемендүүлүк күнүнөн берки көрсөтүүлөрдөн түшкөн киреше анын 30 пайызын түзөт. Режиссеру Садык Шер-Нияз. Анкарадагы мекендештер тасманы кайталап көрсөтүү керек экенин өтүнүштү. Кинодогу каармандардын ролдорун аткарган ишмерлер жана аларды коштоп келген делегация андан ары Стамбул шаарына сапар тартышты. Курманжан Датканын ысымын түбөлүккө калтыруу максатында жасалган аракеттер аталган көркөм фильмди тартуу менен эле чектелбейт. Буга чейин даңазалуу инсан тууралуу китептер басылып чыгып, даректүү тасма да жарык көргөн. Ошондой эле датканын атындагы маданий комплекс курулууда. 


КТРКнын 1-Радиосунун кызматкери Калыгул Асамбаев
ТРТнын Түркия үнү радиосу үчүн 

 

 

 

20 Декабрь 2014

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED