Мекендештерге “Курманжан датка” тасмасы көрсөтүлдү

 

Мекендештерге “Курманжан датка” тасмасы көрсөтүлдү

21-декабрда Стамбул шаарындагы Бахчелиевлер маданият борборунун кинотеатрында "Курманжан Датка" этнотарыхый көркөм тасмасынын бет ачаары болду. Ага, КРсынын Стамбул шаарындагы баш консулу Ренат Тулебердиев, “Кыргызфильм” киностудиясынын директору Гүлмира Керимова, тасманын жаратуучуларынан башкы продюсер Жылдызкан Жолдошева, башкы каармандардан Назира Мамбетова, Азиз Мурадилов катышышты.

Тасманы көрүү үчүн Стамбул шаарынын Бахчелиевлер маданият борборунун жетекчилери, кыргызстандык мекендештер жана калаа тургундары келишти. Иш-чара эки өлкөнүн гимнин аткаруу менен ачылып, беш жүзгө жакын көрөрман этнотарыхый тасмага күбө болушту.

Тасма көрсөтүлүп бүткөн соң, зал толгон көрөрмандар ордунан туруу менен узак убакытка кол чабылды.

Сөз кезегин алган  Ж.Жолдошова аталган тасма «Курманжан Датка» фондусундагы 7 долбоордун ичиндеги эки чоң долбоордун бири экендигин белгилеп, режиссер менен жалпы тартуучу топко жана көрөрмандарга ыраазычылык билдирип өттү.

КРнын эл артисти Назира Мамбетова Түркиядагы мекендештерди биримдикке жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга чакырды.

Тасманын бет ачаарына күбө болгондор жогорку деңгээлде тартылгандыгын, тартуучу топтун эмгегин белгилеп, ар бир ролдогу актердун образды жеткиликтүү ачып бере алгандыгын айтышты.

Кошумчалай кетсек, «Курманжан Датка» этнотарыхый тасмасы Стамбулдагы КРнын баш консулдугу жана Кыргызстан достук жана маданият коомунун демилгеси менен Түркияга алынып келип, мекендештерге бекер көрсөтүлдү. 

Иш-чаранын аягында келген меймандар көрөрмандардын суроолоруна жооп беришип, эстеликке сүрөткө түшүштү.

 

 

22 Декабрь 2014

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED