Түркиянын соода палаталары жана биржасында...

 

Өскөнбек Абдраимов -Түркиянын соода палаталары жана биржалары биримдигинде иштейт. КТРдин журналисттери менен жолугушууда Түркияда Жакынкы чыгыш техникалык университетин кызыл диплом менен бүтүрүп, андан кийин магистрди ошол жерден жактаганын айтты. Алгач Еврокомиссияда бир бөлүмдүн башчысы болуп беш жыл Брюссель менен иштешип, анан Түркиянын соода палаталары жана биржалар биримдигине келген.
Ал иштеген бөлүм стратегиялык борбор. Түркиянын ар кайсы жеринде кайсы уюм канчалык сапатта, канчалык санда иш алып барат. Кайсыл жерге эмне керек, бул айда кайсы өлкөдө кандай фирма ачылды, канча каражат менен ачылды- Түркиядагы баардык фирмалар тууралуу статистиканы Өскөнбек тейлеген бөлүм берет. Маалыматтын баарын тастыктап, дүйнөгө маалыматтык торчолор аркылуу жөнөтүлүп, күнүгө анын баары такталып турат. 
...Биз баарын иштеп чыгып, кайсыл продукцияны канчалык деңгээлде таркатыш керек. Же Түркияда ачылган жана жабылган бардык фирмалар тууралуу маалыматтарды алып, чогултуп, иштеп чыгып статистикасын мамлекетке билдиребиз. Бул жерге 365 ар башка палаталар карайт, палаталардын эң чоң жери. Мамлекеттин мыйзамы менен курулган эң күчтүү палата. Өзүнүн ооруканасы, университети бар, 400 киши иштейт. Биз иштеп жаткан ишибиз боюнча ката кетирсек мамлекеттик деңгээлде ката кетет. Ошол себептүү маалыматты абдан таза бериш керек-дейт Өскөнбек Абдраимов.

Түркиянын соода палаталары жана биржа биримдигинде Кыргызстандан Өскөнбек Абдраимов жалгыз иштейт. Мамлекетке карабаган жеке уюм, бирок мамлекеттин мыйзамы менен курулган. «Түркияга келгениме жыйырма жыл болду, кыйынчылыктарды да көрдүк, бирок курчудук»-дейт Өскөнбек мырза.
Өскөнбек Абдраимов иштеген имарат Түркиядагы эң бийик, заманбап салынган. Кире бериште документтериңди текшерип, кол сумка ж.б. атайын аппарат менен текшерилет. Бизди Өскөнбек мырза өзү тосуп алды. ТРТнын кыргызча бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Асанбаев баргандарды тааныштырып өттү: 
--Анкара университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Гүлзура Жумакунова, Кыргыз Республикасынан КТРдан Жамила Маматова, Жыпар Акматова, Анкарадагы достук жана маданият коомунун төрагасы Мирбек Жолдошбаев, коомдун катчысы Самат Турдумаматов. Биз маектешип отуруп,Кыргызстан эмне үчүн өнүгө албай жатабыз, эмнеден аксап жатабыз?- деген суроо бердик.
- Биз Түркиянын өнүгүү жолундагы жакшы жактарын алсак болот. Мисалы инвестиция тартуу, аны ишке ашырууда биздин өзүбүздүн бизнесмендерге ишениш керек. Саясат келет, кетет. Бизнес дайыма ошол жерде калат. Жакшы болсо да, жаман болсо да. Түркия да жетимиш жыл бою такшалган. Алар да көп ката кетирди. Бирок бутуна турду. Ошолордун башын бириктирген бирикме куруп, келген инвестицияларды туура колдонуу керек.
Кыргызстанда жетишпей жаткан жактарыбызды революция менен эмес мыйзам чегинде каталарды чечиш керек. Мына биринчи революцияда Мамлекетибиз беш жылга артта калды. Экинчи революцияда дагы беш жыл, жалпы 10 жыл артта кала бердик. Мыйзам жолу менен чечилбей турган эч кандай маселе болбош керек. Оппозициядагы партиялар менен Мамлекет чогуу отуруп ортодо эл үчүн жол тапса болот болучу. Бир пикирге келип, чечилбей жаткан маселени чечиш керек эле. Кандай гана революция болбосун ал элди артка тартат. Демократиянын жаман жери элди экиге бөлүп коет. Элди бөлбөй, башкалардан артта калбай өнүгүү жолун өздөштүрүү пайдалуу. Социалдык –демократия жолунун жакшы жактарын колдонуш керек, эки жакты бириктирип. Мисалы түрктөрдө бул маселе абдан жакшы чечилген. Бир чечим болгондон кийин утулган партия оппозицияда калбайт. Мамлекет ичинде же ушул бирикмелерде ишти контролдоп, бир субьект катары иш алып барат.Ошондо аны сен утулдуң-деп бөлүп таштабайсың. Ошол тажрыйбаны алыш керек. Утулган адамды Англиядагыдай же Түркиядагыдай системанын ичинде алып калса сыртта калбайт. Жасалып жаткан иштерди алар контролдоп, аудит жасайт. Демократиялык жол менен социалдык- демократияны туура колдонуу керек. Булар шайлоо болгондон кийин оппозицияда калбай контролдук кылып, натыйжалуу иш алып барат. Мисалы жергебизде университетте шайлоо болуп 14 топко бөлүнүптүр. Бири- бирин жакшы көрбөгөн 14 группа. Андан кийин алар дагы да чогуу иштеш керек. Сен мен деп бөлүнбөй.
Бул жолдон кантип чыгуу керек?
- Утулган киши да утулдум деп эсептебей тургандай формилировка жасаш керек. Текшерүүчү субьект калса текшерип жатып өзү да такшалат. Мында кийинки шайлоодо утулган киши жыгылбайт, система да жыгылбайт, элге да жакшы.
 Кыргызстанда экономика жагынан чындыгында оор индустриябыз бир топ артта калды. Бизде машине оңдоочу чакан мекемелер бар. Кыргызавтомаш иштей баштады деп уктум, абдан жакшы. Эң негизгиси жасаган буюм сатылбай тургандай эмес колдоно тургандай болуш керек. Кытайлардыкындай комплекттей турган системаны Кыргызстанга алып келсек, Кытайдагыдай ишкана кылып иштетсе 500гө жакын жаштар иш менен камсыз болмок. Кытайдагы эле баа менен сапаттуу иш алып баруу керек. Мисалы союз учурунда ошол ишкана турган жерде жаштар ишсиз калчу эмес да. 
«IBM », «Goldstar» келди. Аларды учурунда кармап кала албай калдык. Азыр Өзбекстанда кандай сонун иштер бар. Мерседестин автобустарын жасоо үчүн келишимдерге кол коюп жатышат. Биз да аракет жасашыбыз керек. Биздин күчтүүлүгүбүз билимде, жүз проценттен 98 проценти окуганды, жазганды билет. Элге камсыздап, иш берсек, биздин жаштар жумуш табат. Малайзиядан да көп нерсе үйрөнсө болот. Азыркы эң күчтүү мамлекеттердин катарындагы Кытай Малайзиянын Банктынын акчасына карап туруп иш кылышат экен. Кыргызстандагы элчиликте иштеген балдар айтат Кыргыз сому Азияда күчтүү, Малайзиянын акчасы да күчтүү. Коңшу мамлекеттердин баары сомду алышат-дейт. Демек банк системасын күчтөндүрүү керек. Күчтүү укуктуу инфраструктура берип, Орто Азияда улуттардын арасында банктардын филиалдарын ачып, сомдун күчтөндүрүп башка өлкөлөр сыяктуу Кыргызстанда банк системасын күчтөндүрүү керек.
Камсыздандыруу система жок... Эл Аралык иштерге кол койдук. Бирок ошону пайдалана албай жатабыз, себеби камсыздандыруу (страховая) система жок, күчүбүз жок. 
Мен өзүмдүн ишимдеги бир эле жөнөкөй мисалды айта кетейин. Түркиянын чыгыш жагындагы Ван деген жеринде эл начар жашашат. Мага чейин Евросоюзда иштегендер аларга жардам беребиз деп акча чогултушчу. Ага 5 литр май, күрүч, кант, чай алып барып, беришчү экен. Мен келгени 5, 10 кой, бир уй жандыктарды алып берип жардам бердик. Кийин барсак бир апа сүт ичип калдык- дейт. Эки жылдан кийин барсак карыя киши баламды үйлөнткөнгө акча болуп калды, опаз саттык -дейт. Рынок системасында акчаң жок болсо эч нерсе жасай албайсың. Ушул сыяктуу Кыргызстанга да жардам бердик. 
- Эмне үчүн өнүгө албай жатабыз?
- Биз бириге албай жатабыз. Ошон үчүн өнүгө албай жатабыз. Биримдик керек. Рынок экономикасынын куралдарын жакшы кое алган жокпуз. Укук күчтүү болуш керек. Инвестиция кылган адамдын укуктарын билбей жатабыз. Акчасы барлар өзүнүн укуктарын өздөрү кое баштады. Бүгүн тапкан акчаны колуман эч ким ала албайт -деген укукту койсок, үчүнчү күнү Европадан келгендер да ишене баштайт. Биз башкалардын айтуусу менен жасабай элдин чөнтөгүндө акча болуусуна аракет кылыш керек. Менин оюмча ар бир адамдын чөнтөгүндө өзүнүн курсагын тойгуза алган акчасы болуш керек. Түрктөрдүн Өзал деген президенти айткан: «Менин элимдин чөнтөгүндө акчасы жок болсо, мен аларды көз карандысыз деп айта албайм. Курсагы тойгон адам көз карандысыз»- деген. Ошол үчүн элибиздин жашоосун жакшыртууга аракет кылыш керек. Укук базаларын жакшы куруп бериш керек. Укук коргоочулар күчтүү болуш керек. Мисалы азыр баары эле коррупцияны жеңебиз-деп айтып жатышат. Ойлосоңуз 5 миң сом айлык берип, бир айда таза иште десеңиз. Бир миң сомго жакшы отуруп шишкебек жедиңиз дейли. Калган 29 күнгө төрт миң сомду кантип жеткиресиз. Ошол себептүү чындыкка жакын болуш керек. 
Грузия абдан жаман иштердин жанында жакшы иштерди жасашты. Мисалы, ошол эле коррупционерлерге мобу ишти эки күндө жасап берчи деп бекитип акча бергендин ордуна эки күндө жасап берүүнү кааласаң официалдуу түрдө мобул жерге жүз доллар төлө деген. Анан ошол жүз доллардан ишти жасап жаткан кишиге официалдуу түрдө мамлекет 80 пайызын төлөп берет. Күн сайын, ай сайын пара алгандай мамлекет акча төлөп берсе, ал киши таза иштейт. Грузияда пасторттук столдо кызыл китепти жарым күндө чыгарат. Жарым күндө чыгаруу үчүн , ал киши ар кайсы жерден документтерди сураштырып, даярдайт. Демек, жүз доллар төлөнсө ошонун 70 пайызы ага төлөнөт. Бир айда 500 кишиге документ жасалса ал кишиде 5 000 доллардан ашык акчасы бар. Айлыгы 200 доллар болсо, ал сөзсүз таза иштейт да.
Биздин Бирикме Түркия мыйзамына карайт. 1956-жылы Мамлекеттик мыйзам чыгып, соода палаталардын башын бириктирген мекеме курушкан. Ошол мыйзамдан сырткары бузуулар болбойт. Админастративдик закон боюнча иштейбиз. Айлыгы жакшы, иштеген жерибиз жакшы, баардык жашоо шарттары бар. Айлыктары аз болгондорго жол киресине, балдарынын окуу китептерине акчалай жардам берилет. Жакшы иштесеңиз бир айлыктын деңгээлиндей кошумча акча берилет. Ошон үчүн ар бир кызматкер жакшы иштегенге аркет кылат. Анкени стимул бар. Менин бөлүмүмдө жети киши иштейт. Беш жыл ичинде эч бир ката кетирбегендиги үчүн силерге мынча акча котордук деп айта алабыз, анткени ошондой укук бар. 
- Кыргызстанга барсаңыз эмнеден баштайт элеңиз?
- Мен жериме сөзсүз барам. Өйдө жакты ойлобой эле өзүмдүн айылыман баштасам. Айылда чоң алма бакча бар. Чакан ишкана куруп сок жасап, как кургатсак. Түркияда алмаларды сүрүп, тазалап турушат. Менин кулачым жетпеген элүү жылдык жаңгактар бар туулган жерим Кетмен-Төбөдө. Алгач он кишиден баштасам. Кошуналар да Өскөнбек чакан ишкана куруптур деп дагы бирөө баштаса... Берекенин баары айылдан эле өзү башталчудай. Чоң мекемеден эмес өз үйүңдөн баштоо керек.
Бул жердеги студенттер көп нерсе үйрөнүп жатышат. Мен окуп бүткөн Жакынкы чыгыш университетине жыл сайын 150 киши келет. Төрт жылдын ичинде анын беш, алтоо эле бүтөт иргелип. Дүйнөлүк университеттердин катарына жүзгө кирген университет. Кыргызстанга квота берилген эмес. Экзамен берип өтүш да кыйын. Быйыл 60 бала келди. Экзаменден биринчи миңге кирген студенттер эле окуй алат.Талабы абдан катуу. Ошого карабастан биздин студенттер окуп жатышат. Жаштардын баардык жактан өсүп келе жатканы абдан кубандырат. Кыргызстандан күчтүү балдар чыгып жатышат. Англия, Америка, Германия, Түркияда иштеп жатышат. Демек Кыргызстан гүлдөп өсөт!

Жамила Маматова. ТРТ Түркия үнү радиосу үчүн,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. КТРК. Кыргыз Республикасы. 

21 Ноябрь 2014

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED