Саламатыкты сактоо министри Т.Батыралиев Стамбулда


6-декабрда Кыргызстан достук жана маданият коомунда өткөн жолугушууга КРнын саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, КРнын Стамбулдагы башкы консулу Ренат Тулебердиев жана Түркияда билим алган кыргызстандык медицина кызматкерлери, студенттер катышышты.

Жолугушууда учурдагы кыргыз медицинасынын абалы, түркиялык медицина окуу жайларынын кыргызстандык бүтүрүүчүлөрүнүн ишке орношуу жана аккредитациядан өтүү маселелери талкууланды. Бүтүрүүчүлөр бул жерде билим алганына карабастан алардан дипломдорунун эквиваленттүүлүгү жана аккредитациядан өтүү талап кылынып, Түркияда медицина тармагында иштөө уруксаты берилбей жатканын билдиришти. Министр Батыралиев айтылган маселелерди чечүүгө министрлик тарабынан аракеттер көрүлөөрүн белгиледи.

 

8 Декабрь 2014

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED