Форум катышуучулары өнөр жай өндүрүштүк зонасында

Стамбулда өткөн III.Бизнес Форумунда кыргыз ишкерлери үчүн Икителлидеги орто жана жеңил өнөр жай өндүрүш зоналарын кыдыруу мүмкүнчүлүгү болду. Алгач ишкерлер Түркиянын соода жана өнөр жай министрлигинин KOSGEP долбоору менен жакындан таанышышып, чакан жана орто ишканаларды колдоо программалары боюнча маалымат алышты. Долбоор колдогон ASEL фирмасын кыдырышып бир продукциясынын өндүрүү процессине күбө болушту.  

Кыргыз ишкерлери Стамбулдун Икителли орто жана жеңил өнөр жай өндүрүштүк зонасы жана Eskoop долбоору менен да таанышышты. Eskoop өнөр жай долбоорунун жетекчиси Юсуф Акгүн Эфиопияда курулушу башталган, ал эми Казакстан үчүн пландоо процессинде болгон орто жана жеңил өнөр жай зоналарын куруу долбоорлорун таанытты. Акгүн мындай зоналарды Кыргызстанга куруу мүмкүн жана бул үчүн мамлекет тарабынан керектүү шарттар түзүлүп берилиши керек деп билдирди. "Мындай көп сектордуу өнөр жай зонасын курууда мамлекет жерди бөлүп, инфраструктурасын камсыздап бериши керек. Калган пландоо жана куруу иштерин тез эле бүтүрсө болот", деди Юсуф Акгүн. 

Жолугушууда ишкерлер өндүрүштүк зонаны курууда сарпталуучу каражаттар, аткарылышы керек болгон процесстер тууралуу малыматтарды алышты. Компаниянын жетекчиси тарабынан меймандарга плакеттер тапшырылды.

 

17 Декабрь 2014

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED