Дүйнөлүк Кыргызстандык Ишкерлер Форуму

 

Дүйнөдөгү Кыргызстандык ишкерлердин форуму бул жылд 12-13-декабрда Түркиянын Стамбул шаарында болуп өттү. Форумга Түркия, Орусия, Казакстан, Жапония, Украина, Кытай жана башка өлкөлөрдө иш алып барган кыргызстандык ишкерлер катышты. Иш чара Түркиядагы Кыргызстан достук жана маданият коому, Стамбулдагы Кыргызстандын башкы консулдугу жана Кыргызстан менен Түркиянын соода-өнөр жай палаталары тарабынан уюштурулду. Жылдагыдан өзгөчөлөнүп бул жылы Стамбул Соода Палатасынын мүчөлөрү болгон түрк ишкерлер да катышты. 

Форумга расмий бийликтен премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратов, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчи орун басары Расым Айдаралиева, Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Мукай Кадыркулов, Экономика министрлигинин алдындагы инвестиция тартуу агенттигинин башчысы Алмаз Сазбаков, өкмөттүк аппараттын экономика жана инвестиция бөлүмүнөн Алмаз Жалилов, КР соода жана өнөр-жай палатасынан төраганын орун басары Нурлан Мусуралиев, Жаш ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Руслан Акматбек жана башка адистер катышты.

Форумда Кыргызстан Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык союзуна киргенден кийин ишкерлер үчүн туулган жаңы мүмкүнчүлүктөр талкууланды. Бажы биримдиги боюнча Олег Панкратов маалымат берип ишкерлердин суроолоруна жооп берди. Бажы биримдигине кирген учурда Кыргызстандын салык жана бажы мыйзамдарына киргизилчү өзгөртүүлөр да кеңири талкууланып, буга байланыштуу суроолорго кыргыз өкмөтунүн өкүлдөрү жооп беришти. 

Форумдун экинчи күнүндө, кыргыз ишкерлери Стамбулдун Икителли орто жана жеңил өнөр жай өндүрүштүк зонасы жана Eskoop долбоору менен таанышышты. Eskoop өнөр жай долбоорунун жетекчиси Юсуф Акгүн Эфиопияда курулушу башталган, ал эми Казакстан үчүн пландоо процессинде болгон орто жана жеңил өнөр жай зоналарын куруу долбоорлорун таанытты. Акгүн мындай зоналарды Кыргызстанга куруу мүмкүн жана бул үчүн мамлекет тарабынан керектүү шарттар түзүлүп берилиши керек деп билдирди. "Мындай көп сектордуу өнөр жай зонасын курууда мамлекет жерди бөлүп, инфраструктурасын камсыздап бериши керек. Калган пландоо жана куруу иштерин тез эле бүтүрсө болот", деди Юсуф Акгүн. 
Жолугушууда ишкерлер өндүрүштүк зонаны курууда сарпталуучу каражаттар, аткарылышы керек болгон процесстер тууралуу малыматтарды алышты. Компаниянын жетекчиси тарабынан меймандарга плакеттер тапшырылды.

Өндүрүш зонасында Түркиянын соода жана өнөр жай министрлиги тарабынан түзүлгөн "KOSGEB" атында чакан жана орто ишканаларды колдоо уюмунда болушту. Ишкерлер Туркиянын чакан жана орто ишканаларды колдоо программалары менен жакындан таанышып, өндүрүү процессине күбө болушту.

 

16 Декабрь 2014

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED