"Курманжан датка" көркөм тасмасы Стамбулда

"Курманжан датка" көркөм тасмасы үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында Стамбулда өтүп жаткан эл аралык "Босфор" кинофестивалында көрсөтүлдү. Аны көрүүгө Стамбулдагы мекендештер гана эмес, башка улуттун өкүлдөрү да катышышты. Тасмадагы Курманжан датканын ат менен сууга секириши, монологу жана Камчыбектин даарга асылышы тууралуу учурлар көрүүчүлөрдү таасирленткени байкалды. Көрүүчүлөр тасмага тийиштүү суроолоруна кинорежиссер Артыкпай Сүйүндүковдон жооп ала алышты.
Белгилей кетсек, "Курманжан датка" тасмасы ушул эле фестивалдын алкагында 25-ноябрда Тарык Зафер Туная маданият борборунун кинозалында көрсөтүлөт. Башталышы 14:30. Кирүү акысыз.

24 Ноябрь 2014

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED