Жаңы элчибиз Ибрагим Жунусов коом мүчөлөрүн кабыл алды

 

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов "Кыргызстан достук жана маданият коомунун" Анкарадагы жана Стамбулдагы өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстанды таанытуу, туризм, инвестиция, билим жана илим жаатында жаңы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды. 


Ошондой эле, элчи И.Жунусов 2015-жылы Түркия мамлекети тарабынан бөлүнүп берилген жерге элчиликтин имаратын куруу иштери жасалып, анын алкагында коомдун кайрылуусу боюнча маданий борборду куруу маселеси да эске алынаарын белгиледи.

22 Ноябрь 2014

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED