Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү

 

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 23 жылдыгына карата иш чара Стамбул башкы консулдугу жана Кыргызстан достук жана маданият коому тарабынан Стамбул шаарында Шератон мейманканасында өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Туркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов, Стамбул башкы консулу Ренат Тулебердиев жана Достук коомунун төрагасы Айбек Сарыгуловдор келген меймандарды тосуп алышты. 

Кечеге Стамбул шаарынын губернаторунун орун басары Исмаил Гүлтүкин, АКШ, Россия Федерациясы, Казакстан, Өзбекистан, Түркменистан, Тажикстан, Индия, Египет, Украина башкы консулдар, эски тышкы иштер министри жана эски Стамбул башкы консулу Руслан Казакбаев, эски башкы консулдар Мирланбек Арстанбаев, Дилде Сарбагышева, Стамбул коомдук уюмдар директору Эйүб Дурсун Эргүр, Стамбулдагы коомдук уюмдардан коноктор жана кыргыз ишкерлерден болуп 200 дөн көп конок катышты.

Эки өлкөнүн гимндери менен башталган кечеде, Айбек Сарыгулов, Стамбул шаарынын губернаторунун орун басары, башку консул Ренат Тулебердиев жана элчибиз Ибрагим Жунусовдор куттуктоо сөздөрүн айтышты. Элчибиз Ибрагим Жунусов, куттуктоо сүзүнүн соңунда, КР өкмөтү тарабынан Достук коомунун төрагасы Айбек Сарыгуловго жана КР Жогорку Кеңешинин тарабынан Абдулатип Жураевге Туркиядагы кызматтары үчүн арналган ардак грамоталарын тапшырды.

Кече КРнын атактуу музыкант, элдик артист Курмангазы Азыкбаев жана Нурайым Азыкбаеванын аткаруусунда жагымдуу музыканын коштоосунда уланды.

 

28 Сентябрь 2014

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED