Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовду эскерүү программасы

Кыргыздын белгилүү жазуучусу маркум Чыңгыз Айтматовдун өлүмүнүн 6-жылында Кыргызстан достук жана маданият коому, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу жана Күлтүр А.Шч тарабынан эскерүү программасы уюштурулду. Программада Чыңгыз Айтматовдын жасоонунан үзүндүлөр көрсөтүлүп, жазуучу жөнүндө окумуштуулар кеп салышты.

Программага катышкан жазуучунун уулу Аскар Айтматов, "Чыңгыз Айтматов жана Туркия" темасында кеп кылды.

"Чыңгыз Айтматов түрк жазуучусу. Түрк элинин баалуулуктарына өтө жакын жазуучу.

1973-жыл. Чыңгыз Айтматов ал убакта атактуу советтик жазуучуч Бишкекте жашачууч Айтматовду Стамбулдагы эдитору чакырат. "Мен менен келгиң келеби?" "Албетте келгим келет. Мен үчүн Туркия аябай укмуштуу, кызыктуу өлкө. Мындай мүмкүнчүлүктү качырбашым керек."

Сапарга чыгыш өтө узакка созулдуч Мен үчүн уруксат алыш аябай куйун болдуч 3-4 жолу комиссиядан  өттүмч Акыры уруксат алып сапарга чыктыкч Албетте Туркия жана Түрк эли жөнүндө көп маалымат берилбечү. Андыктан Чыңгыз Айтматов үчүн бул жаңы бир тажырыйба эле. Андан кийин жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду.

1976-жылы Москвада Туркия элчилигинде дипломат болуп иштеген, азыркы Түрк Кеңешинин ген.секретары Халил Акынжы бир окуя айтып берди эле. Бир чакыруу бар эле. Ал жерге Советтик жазуучу катары Чыңгыз Айтматов да келдич Ошол убакта Москцада турчууч Туркия элчиси менен таанышып жатканда "Мен Чыңгыз Айтматов, кыргыз түркүмүн." деп өзүн тааныштырат. 1976-жылы мындай нерсени угуш өзүнчө керемет эле. "Элчи экөөбүз эсибиз оодук." Чыңгыз Айтматов коркпой бул нерсени айтканы аларды аябай таң калтырыптырч
Баарыңарга, Түрк окурмандарга, Түрк элине, Чыңгыз Айтматовды эстегендери, сүйүшкөнү үчүн үй-бүлөм атына чың ыраазычылык билдирем."

 

11 Июнь 2014

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED