Ала Тообулбулу Токтогул

Кыргызстан Достук жана Маданият Коому өкүлү  Астанадагы “Токтогул Сатылгановдун 150 –жылдык маарекесине” катышты.

Үстубуздөгү жылдын 03 – май, ишемби күнү Казакстандын борбору Астана шаарында “Токтогул Сатылгановдун 150 - жылдыгы” мааракеси болуп өттү. Анткени, 2014 – жыл Түрксой тарабынан “Токтогул Сатылгановдун 150 - жылдыгы” деп кабыл алынып, Түрксой уйумуна кирген өлкөлөрдүн баардыгында улуу акынды эскерүү кечелери өткөрүлмөкчү.Бул эскерүү кечелеринин алгачкысы коңшу Казакстандын борбор калаасы Астана шаарында, Түрк академиясы, Түкрсой, Астанадагы кыргыздардын Кыргызстан – Астана коомдук фонду тарабынан өткөрүлдү. Акынды эскерүү маарекесин Турк академиясынын жетекчиси Дархан Кыдырали мырза ачып, куттуктоо үчүн сөздү Кыргызстандын маданият, туризм жана маалымат министри Талиева Камила Абдразаковнага сөз берди. Министр айым, өз сөзүндө Токтогул жылынын алгачкы саамалыгынын коңшу Казакстанда өтүп жаткандыгынын өзгөчө мааниге ээ экендигине токтолуу менен, учурунда улуу акындын казак элинин жардамы менен өлкөсүнө аман – эсен кайтып баргандыгын белгиледи. Мааракенин журүшүнө ийгилик каалап, Түрк академиясы баш болгон мааракенин өткөрүп жаткан баардык курулуш жана жарандык коомдорго ыраазычылыгын билдирди. 

 

Жыйындын жүрүшү андан нары эки өлкөдөн келген окумуштуулардын акындын өмүр таржымалындагы жаңы табылгалар менен коштолгон илимий билдирүүлөрү менен улантылды. Күндүн соңунда катышуучулар үчүн Кыргызстандан келген акын Амантай Кутманалиев, манасчы Рыспай Исаков жана кызык жана кыргыз эл артисти Саламат Садыкова баштаган ырчы комузчулардан турган топ Токтогул Сатылгановдун ырларын ырдап, күүлөрүн чертип, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулашты. Иш чарага Кыргызстандан келген делегатциядан тышкары Россиядагы, Түркиядагы жарандык коомдордун өкүлдөрү да катышышты.

14 Май 2014

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED