Түгөлбөй Казаков чыгармачылык кечесинде

Кыргыз элинин сыймыгы, көптөгөн обондуу ырлары жана чыгармалары менен элдин эсинен түнөк тапкан, кыргыз эл акыны, обончу жана аткаруучу Түгөлбай Казаков, 2014 – жылдын 12 – апрелинде коомубуздун кеңсесинде Анкарада окуп жана иштеп жүргөн мекендештерибиз менен жолугушту.

Жолугушууну жүрүшүндө алгачкылардан болуп сөз алган Анкара университетинин ага окутуучусу, филология илимдеринин доктору, проф. Гүлзуура Жумакунова, Түгөлбай Казаковдун чыгармачылыгы бойунча кыскача маалымат берип, сөздү акынга узатты.

Экинчи болуп сөз алган Түгөлбай Казаков, чыгармачылык кечесине катышкан студенттерге ыраазычылык билдирүү менен каалоо тилектерин билдирип өттү. Андан соң чыгармачылыгы бойунча кызыктуу окуяларды, турмуштагы ар түрдүү кырдаалдар жана элибиздин чыгармачылыгындагы багыттары, жетишкендиктери жана кемчиликтери жөнүндө ачык айкын кеп салып берди. Айрыкча “Эсимде” аттуу китебинен бир канчасын катышуучуларга өздүк кол жазмасы менен белек кылды.

Кечеге катышкан студенттер кызыккан суроолорун беришип, Гази университетинин 3 – курсунун студенткалары Гүлмайра Базаркул кызы жана Аймончок Жанжигит кызы акыныбыздын обондуу ырларынан “Алтын балалык” аттуу чыгармасын жандуу үн менен аткарып беришти.

Кеченин соңунда катышкандыгы үчүн Түгөлбай Казаковго коомубуз тарабынан даярдалган ыраазычылык баракчасы тапшырылды. Айрыкча 07.04.2014, дүшөмбү күнү Гази университетинин медицина факультетинин балдар кардеологиясы бөлүмүнүнөн ординатурасын ийгиликтүү аяктаган, коомубуздун куруучу мүчөсү Данияр Аматовго да мындай кийинки академиялык иш – аракеттеринде ийгилик каалап, куттуктоо баракчасы тапшшырылды.

КДМК Анкара өкүлчүлүгү катчысы

Салтанат Асанбекова 

28 Апрель 2014

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED