Түркия Республикасынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жаранына эскертүү

 

Кыргыз Республикасынын жараны Түкия Республикасынын аймагында канча күн жүрө алат?

Түкия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда визасыз режим жүргүзүлөт.Ушуга байланыштуу,Түркия Республикасынын аймагына барган жарандар визалык салык төлөшпөйт жана өлкөдө 90 күн тоскоолдуксуз жүрө алышат.Чыгуулардын саны эсептлбейт,бирок Түркияда жүрүүнүн жалпы мөөнөтү 180 күндүк мөөнөттө 90 күндөн ашпаш керек.

Кыска мөөнөттүү жашоого уруксат алуу

Эгер сиз Түркияда 90 күндөн ашуун убакыт жүрүүнү каалай турган болсонуз, 90 күндүк мөөнөт бүткөнгө чейин Сиз кыска мөөнөт жашоого уруксат алуу үчүн Чет өлкөлүктөрдүн иштери боюнча коопсуздук башкармалыгына (Yabancilar subesi) кайрылууңуз керек. Документ 1 жылга берилет. Мөөнөтү бүткөндө Туркиядан кетпей туруп кайрадан дагы бир жылга узатсаңыз болот. Уруксат алуу үчүн саламаттык кепилдиги (саглык сигортасы - медицинское страхование) алышыңыз зарыл. Бир жылдык кепилдиктин баасы Стамбулда орточо эсепте 800-1000 түрк лирасын түзөт. Кошумча шарттарына жараша андан да кымбат болгон кепилдиктер да жок эмес.

Түкия аймагында легалсыз жүрүү жана легалсыз иштөө

90 күндүк мөөнөттүн бүтүшүндө Сиз Түркиянын аймагында жүрүүгө укугуңуз жок экендигин эстен чыгарбоо керек.Мындай учурда Сиз кыска "легалсыз" жүргөн болосуз да, сизге карата чаралар көрүлөт.Эгер өлкөдө легалсыз жүргөн мөөнөт 10 күндөн ашса, 165 доллар өлчөмүндө айып  (суммасы өзгөрүшү мүмкүн) төлөөгө милдеттүүсүз. Айып акчасын төлөгөн соң кайра 10 күндөн кийин кайра Туркия мамлекетине кирсе болот. Бирок чек ара кызматкерлери кааласа киргизбей койгону акылары бар. Эгер сиз акчалай айып төлөөдөн баш тартсаңыз, Түркияга 5 жылга кирүүгө тыюу салуу менен депортацияланышыңыз күтүлөт.

Абдан катуу талаптуу санкциялар легалсыз жумушчуларга карата колдонуларын өзгөчө белгилеп кетүү керек. Эгер Сиз Түркияга турист катары барып, тийиштүү уруксаты жок иштей баштап, көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдар тарабынан кармалсаңыз, 679 түрк лирасы өлчөмүндө айып төлөп, Түркияга 5(беш) жыл мөөнөткө чейин кирүүгө тыюу салуу менен тезинен депортацияланасыз.

Түркиянын аймагында кокустан болгон кырсыкта, жол унаа кырсыгында, полиция менен болгон көйгөйлөр

Эгер Сиз Түркияда кыйын кырдаалга туштугуп, укукка каршы иш-аракеттин курмандыгына айлансаңыз, полиция чакырууга тийишсиз, полиция менен катар Кыргызстандын Башкы консулдугуна да, ошондой еле Түркияда кыйын кырдаалга кабылган КМШ жарандары үчүн атайын иш алып барган тез байланышка кайрыла аласыз.

Түркия Республикасынын кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, түрк тилин билбеген, зыян тарткан же шектүү делген чет өлкөлүк жаран,сотто анын кызыкчылыгын коргой турган жактоочуну же котормочуну чакырууга укугу бар( Ceza Muhakemesi Kanunu Madde 202 ). Жактоочу же котормочу келгенге чейин көрсөтмө берүүгө же кайсы бир документтерге кол коюуга, айрыкча Сиз шектүү деп эсептелген учурда баш тартууңуз керектигин өзгөчө белгилеп кетүүгө болот.   

Түркияда кыймылсыз мүлк сатып алуу

Кыргыз Республикасынын жарандары Түркия Республикасынын аймагынан кыймылсыз  мүлктүн каалаган түрүн-батир,апартаменттерди, вилла, үй, коммерциялык курулушту, жер аянтын (2,5 га көп емес) сатып алууга укуктуу.Сатып алуу-сатуунун бардык еклишимдери орус(кыргыз) жана түрк тилдеринде болушу керек, келишимдин ишенимдүүлүгү үчүн атайын (Кыргызстандагы же Түркиядагы) риелтордук конторго же жактоочуга (келишимдин толук юридикалык коштолушу үчүн) кайрылуу керек.

Сатып алгандан кийин анын ээси Түркиянын Кадастр Башкармалыгына каттоого алынып, "Тапуга" (кыймылсыз мүлккө карата менчикке болгон укукту тастыктоочу расмий документ) ээ болот.

Түркиядагы кыймылсыз мүлктүн ээлери Чет өлкөлүктөрдүн иштери боюнча Коопсуздук Башкармалыгына (Yabancilar Subesi ) 6 айдан тартып, анын мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү менен жашоого уруксат ала алышат.

Кыргызстандын жана Түркиянын жарандарынын ортосундагы нике маселелери

Түркия аймагында  Кыргызстандын жана Түркиянын жарандары ортосунда никеге туруу алдында Кыргыз Республикасынын жараны Республикалык Жарандык абалды каттоого алуудан (Бишкек ш.)никенин катталышы жөнүндөгө күбөлүктү (никенин жоктугу жөнүндө же анын күчүн жоготкондугу жөнүндө маалымкат) алууга тийиш.Бул документти (асыл нускасы) Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугуна кийинки которуу жана  күбөлөндүрүү үчүн алып барып берүү зарыл.Ошондон кийин документти Стамбулдагы Губернаторлуктагы Апостил (Istanbul Valiligi,rayon Fatih) тарабынан күбөлөндүрүлөт, андан кийин ушул маалымкат жана башка документтер менен (тизмени жашаган жери боюнча Жарандык абалды каттодон алуу керек) Түркиядагы Жарандык абалды каттоо органдарына (Evlendirme Dairesi) кайрылуу зарыл.

Никеге тургандан кийин  Кыргыз Республикасынын жараны Чет өлкөлүк иштер боюнча коопсуздук башкармалыгына (болжол менен түрк жубай нике жөнүндө ички паспортко(кимликке) белги коюуга тийиш) кайрылып, жашоого уруксат алууга тийиш.

Никеге тургандан кийин берилген күбөлүктү (Aile Juzdani) кыгыз тилине которуп, нотариуста күбөлөндүрүү зарыл.

Никеге туруу алдында жубайлар  мүлктүк,мурастык маселелер,ажырашуудагы, өлгөндөгү ж.б. (ортодогу балдарга тиешелүү маселелерден башка)төлөмдөр жазылган нике келишимин түзө алышат.

Көпчүлүк учурда КМШ жарандары өлкөдө легалдуу мөөнтсүз жүрүү үчүн (асоциалдык жашоо мүнөзүн өткөрүп), мындан ары Түркия Республикасынын зйарандыгын алуу менен Түркиянын жарандары менен жалга никеге турушат.Бирок никеге туруудан кийин биринчи 2 жылда жашаган жерлери боюнча жуптарга текшерүү иштери жүргүзүлүп,анкеталар толтурулат,туугандарынын, досторунун билими,күйөөсүнүн/аялынын кызыккан нерсеси текшерилет,эгер контролчуда никенин жасалмалуулугуна карата шектенүүлөр жаралса, анда Жарандык сотто жасалма нике боюнча иш козголот.Эгер сотто никенин жалган экендиги далилденсе, жашоого болгон уруксат берүү жараксыз деп табылат, Кыргыз Республикасынын жараны камакка алынып, Түркияга кийинки жолу кирүүгө тыюу салуу менен депортацияланат.

Адамдарды сатуу

Aкыркы учурда адам сатуунун курмандыгынын саны Түркияга келип, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылган Кыргызстандын жарандарынын эсебинен көбөйүүдө.Сиз адам сатуунун курмандыгына айланышыңыздагы биринци белгилер болуп, Сизге жакүы тааныш емес адамдын жакшы айлык төлөгөн жумушка Сизди орноштурууга сөз бериши, Сизге бир тарапка карата авиабилет (Түркияга чейинки бир тарапка), кийим-кече алып бериши, Түркияга келүү бойунча Сиздин паспорттун ыктуу шылтоосу алдында тандоосу эсептелет.Эгер Сиз адам сатуунун курмандыгы болгон учурда, Сиз Кыргызстандын Консулдугу менен өтө шашылыш жардам номери боюнча (номер тикелет) байланышууга тийишсиз, ошондой эле  операторлору орус тилин билген шашылыш кызмат номери 157ге чалууңуз керек.

Үй-бүлөдөгү зомбулук

Түрк-кыргыз үй-бүлөсүндө жаңжалга чейин барган көйгөйлөр жана келишпестиктер дайыма болуп турат, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жарандары жапа чегишет. Эгер сиз ушундай кырдаалга кабылсаңыз, же дайыма үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болсоңуз, анда полицияга кайрылууга тийишсиз.Мындай кырдаалдагы бардык укуктар аялдар тарапта, анда Сиз Түркиянын жараны экениңиз, жашап турууга укугуңуз бар экендиги же турист катары келгендигиңиз маааниге ээ эместиги эсиңизде болсун. Түркия Республикасынын мыйзамы бойунча күйөөсү жазаланат, ал эми аялы социалдык кызматтын, аялдар ассоцияциясынан жана башкалардан толук кандуу жардам ала алат.Күйөөсүнө карата кылмыш иши козголот, ал эми аялына (өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралууда) аялдар үчүн Үй--бүлөлүк иштер жана Социалдык Саясат боюнча башкармалык тарабынан курулган бала менен социалдык үйлөрдө убөктылуу жашоого уруксат берилет.

Түркиянын жарандары менен ажырашуу

Эгер Сиз Түркиянын жараны менен ажырашуу чечимин кабыл алсаңыз, Сизде мүлк боюнча дооматтар жана ортодо балаңыз жок болсо, жашап турган жер боюнча Сот адилттиги сарайына (Adalet sarayi) кайрылып, Үй-бүлөлүк иштер боюнча сотко(Aile Mahkemesi) ажырашуу ниетиңиз  жөнүндө арыз бериңиз. Эгер жубайыда ажырашууну каалап, башка эч кандай тоскоолдуктар болбосо, анда биринчи эле отурумда Сиздерди ажыраштырат. Бирок эгер Сизде же жубайынызда мүлктү бөлүштүрүү боюнча дооматтар болуп, ал ажырашууну каалабаса, эң башкысы-ортоңуздарда бала болсо, анда Сиз түз эле жактоочуну жалдашыңыз керек болот.Акыркы бир канча жылда Үй-бүлө кодекси айрым өзгөрүүлөргө учураган.Көбүнчө 7 жашка чейинки баланы энеси менен калтырышат. бирок энеси Түркиянын аймагында болуп, баланы зарыл болгондордун баары менен камсыздап турууга жөндөмдүү болууга тийиш.Ошондой эле мурунку жолдошунан балага жана өзүнө алимент төлөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Биздин мекендештер өздөрүн юридикалык  жактан коргоосуз сезишип, бардык Түркия Республикасынын жараны-жубайы тарапта деп болжошот.Бирок Түркия-укуктук динден тышкары мамлекет, жубайларды бардык укуктары жана милдеттери Үй- бүлө кодексинде жазылган жана квалификацияланган юристин катышуусунда Сиздин бардык укугуңуз катуу талапта сакталат.

 

 

17 Апрель 2014

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED