ЭКОНОМИКАЛЫН КЫЗМАТТАШУУ ЖЫЙЫНЫ

            Коомубуздун өкүлдөрү үстүбүздөгү жылдын 11 – 12 – март күндөрү Хажеттепе университетитин Түрк дүйнөсү кызматташтык борбору тарабынан өткөрүлгөн “Жибек жолундагы түрк тектүү өлкөлөрдүн экономикалын кызматташуу жыйынына” өлкөбүздүн атынан катышып, жыйындагыларга Улуу Жибек – Жолу жана Кыргызстан тууралуу маалымат берип кайтышты.

            Жыйынга Казакстан, Өзбекстан, Түндүк Кипр, Түркмөнстан өлкөлөрү, өз отурумдарын Түркиядагы элчилеринин катышуусунда өткөрүштү. Кыргызстанды болсо КДМК Анкара өкүлчүлүгү таанытты.

            Иш чаранын “Кыргызстан отурумунда” алып баруучулук милдетин “Парламентерлен жарандык коомунун башкы координатору” Ахмет Саглам  мырза аркалады. Жыйында коомубуз атына алгачкы сөз КДМК Анкара өкүлчүлүгүнүн башкаруу кеңешинин мүчөсү Абдрасул Исаковго берилди. Абдрасул мырза сөзүнүн башында катышуучуларга өлкөбүздү тааныткан “Кыргызстан – Орто Азиянын жүрөгү” аттуу кыска фильм көрсөттү. Көрсөтүүдөн кийин “Тарыхтын – бүгүнкү күнгө чейин Улуу Жибек Жолу жана Кыргызстан” аттуу баяндамасын жасады. Баяндамасында Улуу Жибек Жолунун пайда болушу жана тарых бойунча кыргыздар менен болгон байланышына кеңири токтолуп, саясий жана социалдын жактан кыргыздарга тийгизген таасирлери бойунча маалымат берди.

            Экинчи болуп сөз алган Гази Университетинин Экономика факультетинин 4 – курсунун студенти Элмурат Эркин уулу “Улуу Жибек Жолунун кайрадан жандануусу, түрк тектүү өлкөлөр Улуу Жибек Жолун кайрадан жандандыра алышабы?” аттуу баяндамасында жогорудагы суроолорго аймактык жана дүйнөлүк кызыкчылыктарды эске алуу менен терең анализ жасап өттү. Отурумга катышуучулардын абдан кызуу талкуусун жараткан бул баяндамасында, түрк тектүү өлкөлөрдүн “Улуу Жибек Жолун” кайрадан жандандыруу мүмкүнчүлүктөрү сандык жана аналитикалык көз караштар менен айтылып өттү.

            Үчүнчү болуп сөз алган Гази Университетинин Ишкердиk бөлүмүнүн 2 – курсунун студенткасы Айкөкүл Болотбекова “Улуу Жибек Жолун кайрадан жандандыруудагы географиялык маселелер” аттуу баяндамасында Орто Азия өлкөлөрүнүн бири – бири менен болгон кызматташтыктары, жүк ташуудагы айрым түшүнбөөчүлүктөрдөн келип чыккан маселелердин чечилиши, жүк ташуу убактысын азайтуу бойунча кабыл алынышы мүмкүн болгон орток мыйзамдар жана Кыргызстандын Улуу жибек жолундагы ролу тууралуу кеңири маалымат берди.

            Отурумга катышкандардын да суроолорунан кийин иш чаранын уюуштуруучулары тарабынан катышуучуларга “катышуу баракчалары тапшырылды”. Отурумдун соңунда отурумга жетекчилик кылган Ахмет Саглам мырза жыйындагыларга КДМК жөнүндө азыноолак маалымат берип, каалоочуларды кызматташууга чакырып өттү.

Салатанат Асанбекова

КДМК Анкара өкүлчүлүгү жооптуу катчысы

17 Март 2014

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED