Стамбулдагы кыргыздар жылкы жылын тосуп алды.

“Жүрөк эргип кагылып,

Санат жеткис жаңылык.

Кирип келет аздан соң,

Жаңы жылым жаңырып.

Жаңы бакыт агылып.” демекчи, 2014 - Жылкы жылы да кирип келди. Калкыбызда, жаңы жылды жакшы ой-тилектин коштоосунда үй-бүлө менен тосуу өзүнчө бир салтка айланып калды. Анткени жаңы жыл, сагынган адамдарың менен жолугуп, чогуу ой бөлүшүү үчүн жакшы шылтоо эмеспи. Стамбулда жашаган кыргыздар да жыл сайын жаңы жылда чогулуп, көтөрүңкү маанайда тосуп келишет. Кыргызстан достук жана маданият коому жана Стамбул студкеңештин демилгеси менен мекендештерибиз жылкы жылын да өзгөчө маанай менен тосуп алышты. Жаш балдар үчүн программа, андан соң Стамбулдун таланттуу жаштары тарабынан даярдалган шоу-программа, чоң белектерге бай лотерея, түрдүү оюндар жаңы жылдык кеченин көркүн ачты. Жаш карысы дебей чогуу көңүл ачып, бийлеп-ырдап, мыкты каалоо-тилектерди айтып, мекендештериңдин жанында болуу мүмкүнчүлүгү ар дайым эле боло бербейт эмеспи.

Туугандарынын кубанычына шериктеш болуу үчүн ТРТ Аваз телеканалынын кабарчылары да келип, репортаж даярдашты. Ошондой эле жаңы жылдык кеченин эң кульминациялык бөлүгү Керемет Тур фирмасынын спонсорлугунда Римге жолдомо конкурсу өзгөчөлөндү. Башка жылдардан өзгөчөлөнүп быйылкы программа ушундай сюрприздерге бай болду. Кирип келген жылкы жылы токчулуктун, молчулуктун жылы болсун. Өлкөбүздө ынтымак орносун. Жаңы жылыңыздар менен!

 

1 Январь 2014

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED