Кыргыздар Стамбулда Нооруз майрамын белгилешти

Арбый берсин ар дайым

Ай-ааламга бергениң.

Алас-алас ак колдоп

Арышы өссүн жергемдин.

Нооруз- Орто Азия элдеринин кеңири белгилене турган чоң майрамдарынын бири. Ал "жаңы күн", "жаңы жылдын башы" дегенди билдирет. Бул күнү күн менен түн теңелет. Нооруз эски жыл эсеби боюнча 21-март күнү белгиленип келет. Бул күнү ар кандай ырым-жырымдар аткарылат. Арча түтөтүлүп, кудайдан жакшылык тиленет. Улуттук кийимдер кийилип, тамак-аштын түрү жасалып мейман күтүлөт. Улуттук оюндар ойнолот. Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын, жаз майрамы катары белгиленет.

Кыргызда эски жыл аяктап, эртен жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты "жыл ажыраш" деп аталган. Бул учурда арча, чекенди, адырашман түтөтүп үй ичин, мал-салды:

Алас, алас,

Ар балээден калас,

Эски жыл кетти,

Жаңы жыл келди.

Алас, алас,

Айдан аман,

Жылдан эсен,

Жакшылыкты теңир берди,

Жарык күндү кеңири берди.

Орообуз данга толсун,

Оозубуз нанга толсун!

Алас, алас - деп аласташкан.

Түркиянын Стамбул шаарында кыргыз диаспорасы нооруз майрамын өзгөчө шаң менен белгилешти. 21-мартта саат кечки 19да,   Күчүкчекмеже мэриясындагы Сефакөй маданият борборунда өткөн иш чара, Евразия Түрк Коомдорунун Федерациясы, Кыргызстан Достук жана Маданият Коому (КДМК), ошондой эле Күчүкчекмеже мэриясынын демилгелери менен уюштурулду. Салтанатка Түркиядагы иштеп, окуп жатышкан кыргыздар, этникалык кыргыздар жана башка улуттун өкүлдөрү чакырылган. Алгач келген меймандар үчүн кыргыздын улуттук боз үйү жана буюмдарынан турган көргөзмө болду. Андан соң улуттук тамак аштар элдин сынына коюлду. Палоо жана сүмөлөк бекер таратылып, ал эми калган улуттук тамактар жеткиликтүү баада сунушталды. Чакырылган коноктор бири бири менен жакындан таанышып, баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Программанын экинчи бөлүгүндө Күчүкчекмеже мэриясынын башчысы Азиз Йениай, КДМК башчысы Айбек Сарыгул сахнага чыгып, келген меймандарды куттуктап сөз сүйлөштү.Кыргызстандан чакырылган өнөр адамдары көрөрмандарга концерт тартуулашты. Салтанаттуу иш чарага ырчы Гүлзада Рыскулова, "Энесай" фольклордук тобу, "Мурас" ансамбли, ошондой эле бийчи жана манасчылардан турган 20га жакын өнөр адамдары катышты. КДМКда жаңы ачылган "Ала-Тоо" комуз ийриминин окуучулары, ноорузга карата алгачкы тушоо кесүү номерин аткарып беришти. Меймандар салтанаттуу иш чаранын соңунда үйлөрүнө көңүлдүү кайтышты.  

Элеонора Кыдырова

КДМК кабарчысы

23 Март 2013

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED