"Орто-Азияда Нооруз майрамы" Стамбул шаарында

Иш чара биринчи жолу аталган окуу жайга тиешелүү "Чет өлкөлүк кеңсе" тарабынан өткөрүлдү. Нооруз майрамына карата студенттер өз улутуна таандык тамак-аш жана улуттук буюмдарын көргөзмөгө коюшту. Ошондой эле өз эне тилинде ырдап- бийлеп, улуттук аспаптарда ойношту. Иш чаранын жүрүшүндө чет өлкөлүк студенттер Орто-Азия элдеринин маданияты менен жакындан тааныша алышты. Фатих университетинде окуп билим алып жатышкан Кыргызстандык студенттер, башкалардан айырмаланып улуттук боз үй тигип, өзгөчөлөнүштү. Кыргызча ырдап, бийлеп, комузда кол ойнотуп көпчүлүктүн кызыгуусун жаратышты.  

Эске салсак,Фатих Университетинде 102 өлкөдөн келген 1395 студент билим алат.

Элеонора Кыдырова,

КДМК кабарчысы

23 Март 2013

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED