Түркиядагы кыргыз айымдары Аялдардын Эл аралык күнүн белгилешти

8-март Аялдардын Эл аралык күнүнө карата Cтамбул шаарында майрамдык чакан иш чара уюштурулду. Ага аталган шаардагы жашап, иштеп жаткан айымдар жана студент кыздар чакырылган. Келген меймандарга кыргыздын улуттук сый тамактары тартууланды. Кыргызстан Достук жана Маданият Коомунун (КДМК) башкаруу комитети тарабынан даярдалган чакан белектер айымдарга таратылды. Эске салсак, Кыргызстан Достук жана Маданият Коомунун башкаруу комитети тарабынан өткөрүлгөн иш чарага 80ге жакын айым катышты. Кеченин жүрүшүндө студенттик кеңеш чакан майрамдык концерт тартуулады. Акырында каалоочулар ырдап бийлеп көңүл ачышты. Меймандар бири бирине жылуу каалоо тилектерин айтып таркап кетишти.

 

Элеонора Кыдырова

 

КДМК кабарчысы

 

23 Март 2013

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED