Кыргызстандыктардын эл аралык экинчи иш форуму аяктады

саат 09.00дө Кыргыз жана Түркия республикаларынын гимндеринин аткарылышы менен башталды.

Кыргыз Республикасынын экономика министри Темир Сариев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тышкы мамилелер комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев, депутат Равшан Жээнбеков, Стамбул шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулу Мирлан Арстанбаев иш форумунун ачылышындагы сүйлөгөн сөздөрүндө кыргызстандыктардын эл аралык экинчи иш форумунун Кыргызстан менен Түркиянын экономикалык байланыштарына тийгизген таасирин баса белгилешти. «Кыргызстан достук жана маданият коомунун» башкаруу кеңешинин төрагасы Айбек Сарыгулов өткөн жылы форумдун биринчисин өткөрүшкөнүн, бул жыл салыштырмалуу эки эсе көп катышуучу келгенин айтып өттү.

Кыргызстандыктардын эл аралык экинчи иш форумунда Кыргыз Республикасынын экономика министри Темир Сариев: «Түркия Кыргызстанга бүгүнгө чейин чакан жана орто проекттерге инвестиция жасады. Чоң инвестицияларды киргизишин да күтүп жатабыз. Бул темада колдон келген жардамыбызды аябайбыз Үчүнчү отурум», - деди.

Иш форумунун биринчи отуруму суроо жооп иретинде өттү. Кыргызстандын экономика министри Темир Сариев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тышкы мамилелер комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев, Кыргызстандагы экономикалык абал жана коомдук маселелер боюнча ишкерлердин суроолоруна жооп беришти. Биринчи отурумдун аягында чай-кофе тыныгуусу жарыяланды. Бул тыныгуу учурунда да катышуучулар экономика жб. маселелер боюнча бири-бири менен пикир бөлүшүштү.

Экинчи отурумга Кыргызстандын жаш ишкерлер ассоциациясынын координатору Искендер Ормон уулу жетекчилик кылды. «Биз» экспорт фирмасынын жетекчиси Улук Кыдырбаев, «Жолдошев партнерс» укук бюросунун башкаруучусу Жоомарт Жолдошев, Түркия палаталар жана биржалар бирдигинен Өскөн Осмонов,

Америкадагы кыргыз диаспорасынан Руслан Жалилов, Кытайдагы кыргыз ишкери Тыныбек Жукешов экинчи отурумда сөз сүйлөшту. Экинчи отурумда Америкадагы, Кытайдагы кыргыздар, алардын иш-чаралары боюнча маалымат берилди. Ошондой эле Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши талкууланды. Экинчи отурумдун аягында катышуучулар түшкү тамакка чыгышты.

Түштөн кийин катышуучулардын ишкердиктерин таанытуу башталды. Туризм, текстиль ж.б. көптөгөн тармактар боюнча таанытуу жасалды. Ишкерлер фирмалары боюнча маалымат беришти. Үчүнчү отурумда Кыргызстанга бара турган инвесторлорго туура багыт берүү үчүн орток фирмалардын курулушу боюнча катышуучулар пикирлерин билдиришти, бул боюнча суроолор узатышты.

Үчүнчү отурумга Кыргыз улуттук университетинин экономика жана каржы институтунун директору проф. док. Айылчы Сарыбаев, Каржы министрлигинин көзөмөлдөө комитетинин төрагасы Азамат Акелеев, Замандаш координациялык комитетинин мүчөсү Абдрасул Айдаров жана «Кыргызстан достук жана маданият коомунун» башкаруу кеңешинин төрагасы Айбек Сарыгулов катышты. Үчүнчү отурумдун аягында чай-кофе тыныгуусу болду. Андан кийин катышуучу ишкерлердин фирмалары танытылды. Форум саат 19.00дө аягына чыкты.

Өмер Күчүкмехметоглу

Стамбул

30 Август 2013

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED