Москвада Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсүн талкуулашат

Бажы союзу комиссиясынын жооптуу катчысы Сергей Глазьев мурда билдиргендей, бул комиссиянын 9-декабрда Москвада болуп өткөн жыйында 50гө жакын маселе каралган, анын ичинде бажы тарифин аныктоо маселеси бар болчу. Мындан тышкары 19-декабрда ЕврАзЭСке мүчө мамлекет башчыларынын жолугушуусун өткөрүү белгиленген.
9-декабрдагы жыйында Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсү боюнча жумушчу тобунун курамы каралган. Ага аталган союзга мүчө мамлекеттерден эксперттик топтордун жетекчилери кошулмакчы. Кыргызстан бул топко министрлердин орун басары деңгээлиндеги адистерди сунуш кылууга тийиш.

25 Декабрь 2011

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED