Нооруз кечеси Анкара жана Стамбул шаарларында өттү

 

Ошондой эле 24-декабрь күнү Кыргызстан достук жана маданият коому менен Евразия жазуучулар союзу биргелеше кыргыздын атактуу жазуучуларынан бири Касымалы Баялиновдун 110 жылдык эскерүү кечесин уюштурушту. Мына ошол кечеде Анкара университетинин тил, тарых жана география факультетинин модерн түрк  тилдери жана адабияттары бөлүмүнүн мугалими проф. Гүлзуура Жумакунова жана түркология илиминин кандидаты Кыял Камчыбекова Баялинов туурасында докладдарын окуп беришти. Мына ошол кечеден кийин проф. Гүлзуура Жумакунова жана Кыял Камчыбекова менен маектешүү мүмкүнчүлүгүн таптык. Мурдагы программабызда проф. Гүлзуура Жумакунованын маегин бергенбиз, бүгүн болсо Кыял камчыбекованын маегин берип, анын аркасынан Кыргызстан достук жана маданият коомунун Анкарадагы кеңесесинин ачылышына катышкан чеберлерден бири Аскат Мусабековдун өнөрүнө орун беребиз.

Анда маегибизге кулак салалы:

Алмазбек Асанбаев:Мына бүгүн Анкара шаарынын ортосунда Улус районунда жакшынакай бир үйдүн ичинде кыргыз жазуучуларынан бири Касымалы Баялиновдун 110-жылдыгын эскерүү кечеси болду. Мына ушул кечеде өзүнүн докладын окуп берген Кыял Камчыбекова менен маектешүүдөбүз.

Кыял айым мына бүгүн сиз Касымалы Баялинов жөнүндө  доклад окуп бердиңиз. Ушул докладыңызда эмнелерди айтып бердиңиз? Ошого токтоло кетсеңиз.

Кыял Камчыбекова:Кыргыз адабиятынын тунгуч жазуучусу Касымалы Баялиновдун өмүр чыгармачылыган кеп козгоп өттүк. Биринчиден кыргыз адабиятынын маанилүү жазуучуларынан болгон  Касымалы Баялиновдун өмүр баянына токтолдук. Өзгөчө жаш кезинен жетим калып андан кийин 1916-жылдагы үркүн жылдарында кытайга качып барып кайрадан келиши, совет учурундагы өмүр баянына токтолдук. Экинчиден анын көп кырдуу талантына токтолдук. Касымалы Баялиновдун бир жазуучу, акын, газетачы, сынчы жана котормочу экендигин таанытып өттүк. Ал адабият дүйнөсүнө баштаганда ырларды жазуу менен баштады. Биз ким элек ким болдук сыяктуу.

-Алмазбек Асанбаев: Ошол ырларынан бирөөнү окуп берсеңиз.

Кыял Камчыбекова:Мен сизге экинчи 1924-жылы жазган ырларынан эки куплет окуп берейин.

Караңгы түн,

Кайгылуу күн,

Кырылды кыргыз,

Кор болуп.

Жан соогалап, эл аралап,

Кытайга качты калганы,

Малдан ажырап, көзү чачырап,

Кор болду анда барганы,-деп жазган экен.

-Алмазбек Асанбаев: Мына ушул ырында эмнени айткысы келди Касымалы Баялинов?

Кыял Камчыбекова:Бул жерде 1916-жылдарда, үркүн жылдарында кытайга качкан элдердин абалын сүрөттөп жатат. Ал жакка качкан эл, канчалык бейпилдик издеп кытай жергесине качса да, ал жерде андан дагы зор кордуктарга туш болушат. Кээ бирлери бир чака ун үчүн кыздарын сатууга мажбур калышат. Ошон үчүн ал көздөрү чачыраганын, жан соогалап, эл аралап качканын жазып жатат бул жерде жазуучу.

Андан кийин да бир топ «Селкиге» «Октябрь»  «Эр жүрөк жолдоштор» сыяктуу ырларды жазат. А бирок кыргыз эли Касымалы Баялиновду өзүнүн аңгемелери  жана романдары менен дагы көп тааныды. Анын эң алгачкы маанилүү чыгармасы «Ажар» чыгармасы. «Ажар» чыгармасы 1916-жылдардагы, үркүн жылдарын сүрөттөгөн бир чыгарма. Ал бир тарыхый окуяны болгонун болгондой күзгү сыяктуу чагылдырып берет.

Андан кийин согуш жылдарында да бир топ чыгармаларды жазды. «Ал эми жетим эмес» «Шаифтин аңгемеси», «Жетилген жетим», «Кош жүрөк» ,«Турмуштун  түрткүсүндө», «Көл боюнда» сыяктуу чыгармаларды жазды. 50-жылдардан кийин да «Курман жылга», «Боордоштор» сыяктуу чыгармаларды жазды. Бул жерде «Боордоштор» чыгармасында  дагы өзгөчө согуштан кийинки, бул жердеги түрдүү улуттардагы элдердин ынтымакта жашоосун даңазалап жазат. Бул жерде орус, украин, чехославакиялык, дунган, казак, кыргыз сыяктуу бир топ улуттардан кеп козголот. Жазуучунун андан кийинки өзгөчөлүктөрүнөн бири дагы анын котормочулугу. Ал көптөгөн классикалык чыгармаларды кыргыз тилине которуп кыргыз окурмандарына жеткирген котормочу катары билебиз. Дагы бир белгилей кетчү нерсе бул жерде жазуучунун  жазуучулук өнөрүнө таасир тийгизген булактардан да белгилеп өтөлү. Биринчиден бул балалык мезгилинен баштап эле элдик адабиятты, элдик оозеки чыгармачылык фольклорду жакшы окугандыгын билебиз, себеби аны эң алгачкы чыгармаларында, «Түлкү менен турна» сыяктуу аңгемелеринен көрө алабыз. Экинчиден орус адабиятын жана дүйнөлүк классикалык адабияттарды да окугандыгын, аларды абдан өздөштүргөндүгүн көрө алабыз. Үчүнчүсү да эң маанилүү булактардын бири бул өзүнүн башынан өткөргөн катаал турмуш шарттары, аны менен бирге кыргыз элинин башынан өткөргөн катаал турмуш шарттары ага аябай таасирин тийгизген деп ойлоймун.

-Алмазбек Асанбаев: Мына бүгүн сиз доклад окугандан кийин ушул жерде абдан көп киши катышып суроолорду беришти. Кандай суроолорду беришти?

-Кыял Камчыбекова: Бул жерге катышкандардын көпчүлүгү 1916-жылдагы үркүн маселесине көбүрөөк кайрылышты. Кыргыз тилинин политикасы жөнүндө суроолорду сурашты. Бүгүнкү күнгө чейин 1916-жылкы  үркүн жылынын Түркияда көп адамдар тарабынан билинбегендигинин себептерин сурашты.

-Алмазбек Асанбаев: Сиздер кандай жооп бердиңиздер?

-Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой эле бул  маселелердин негизги түйүнү совет системасынын политикасына байланыштуу. Бул жерде эң алгач совет мезгилинин кыргыз тилине маани бергенинин себептеринен бири, биринчи өздөрүн кыргыз элине, ж.б.казак, өзбек элдерине өздөрүн жактыруу үчүн алгач улуттук тилде билим берүүнү башташкан. Андан кийин экинчи дүйнөлүк согуштан кийин болсо, алар өздөрүнүн системасын ишке ашырууга аракет кылышкан. Ошондой  совет мезгили учурунда 1916-жылдагы үркүн жылдары бир тарыхый окуя катары эсептелген эмес. Биз булар жөнүндө дагы эгемендүүлүктөн кийин гана кеп козгоп отурабыз. Булардын да таасири бардыр.

-Алмазбек Асанбаев: Чоң рахмат маегиңизге.Анда ушул радиодон пайдаланып кыргыз элине өзүңүздүн ой-тилегиңизди айта кетсеңиз.

-Кыял Камчыбекова: Сизге дагы рахмат маегиңиз  үчүн. Кыргыз элибизге тынчтык, ынтымак болсун, биримдик болсун дейбиз.

-Алмазбек Асанбаев: Чоң рахмат! Сиздин чыгармачылык иштериңизде ийгилик каалайм!

-Алмазбек Асанбаев: Анда эмесе Аскат Мусабековдун аткаруусундагы «Боогачым» аттуу ырга кулак салалы:

-Аскат Мусабеков: Сиздер үчүн Калмурат Рыскуловдун «Болоюн сенин боогачың» аттуу ырын аткарып берейин:

Комуздун коштоосундагы Аскаттын шаңдуу ырына кулак салдык жана дагы бир жолу Ала-Тоонун бооруна Ат-башы жергесине чейин барып келгендей болдук. Аскат Мусабековдун мындан аркы чыгармачылык жолуна ийгилик каалоо менен бүгүнкү программабызды аяктайбыз.

(www.trtkyrgyz.com)

 

15 Апрель 2008

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED