Памирден келген Ариф Кутлу менен маектешүү

 

Үчтүн айынын акырында Афганстанга караштуу Памир тоолорунда жашаган кыргыздар жана ал жактан 1982-жылы Түркияга көчүп келишкен кыргыздар ТРТнын Түркия үнү радиосунда болушуп, маек куруп беришти. Алардын ичинен Чоң Памирден келген сенатор, ажы Турдакун Атабек уулу менен Кичи Памирден келген ажы Осмон Мухамметкерим уулу жана Түркияга көчүп келип Ван облусунун Эржиш райоуна караштуу Улупамир айылына жайгашып калган кыргыздардын учурдагы айыл өкмөтү Касымбек Варол жана ошондой эле  айтылуу Рахманкул Кутлу хандын уулу Ариф Кутлу менен маектештик.

Эске сала кетсек Памир тоолорунда жашаган кыргыздар ал жерде Чоң Памир жана Кичи Памир деген эки аймакта жашашат экен. Кыштын ортосунда кар калың жааганда ушул эки аймактын ортосу дагы жабылып калып, бири-бирине 2-3 айлап катташа албай калышат экен. Мына ушундай оңой менен адамдар жашай албай турганчалык татаал шарттарда, аскалардын чокусунда биз кыргызбыз деген кыргыз канын ташып жүргөн кишилер бар экендигин эстен чыгарбаңыздар, урматтуу окурмандар!

 

Рахманкул хан баштап Түркияга келип жайгашып калган кыргыздардын жакын туугандары болгон памирдик кыргыздар  келишип, туугандары менен көрүшүп, кубанычы койнуна батпай турган чагы экен. Бул конокторго Анкара шаарында да Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги бир ашканада сый тамак уюштуруп, ошол жерде ар кайсы жактардан келишкен кыргыздар чогулушуп баарлашуу мүмкүнчүлүгү болду.  Ал конокторду биз дагы тосуп алып радиобузда маектешүү мүмкүнчүлүгүнө жетиштик. Мурдагы программабызда Чоң Памирден келген сенатор, ажы Турдакун Атабек уулу жана Түркияга көчүп келип Ван облусунун Эржиш райоуна караштуу Улупамир айылына жайгашып калган кыргыздардын учурдагы айыл өкмөтү Касымбек Варол менен болгон маектешүүбүздү бергенбиз.

Бүгүн болсо Кичи Памирден келген ажы Осмон Мухамметкерим уулу жана Рахманкул хандын уулу Ариф Кутлу менен болгон маектешүүбүздү беребиз.

Анда ошол маектешүүнү көрөлү:

Алмазбек Асанбаев: Биринчи сизден баштайын Осмон мырза. Мына ушул Афганстандын тоолорунан Памирден Вандагы Улупамир айылындагы кыргыздарга 33 жылдык мөөнөттөн кийин келипсиздер. Ушул жерде эмнелерди көрдүңүздөр? Ошолор жөнүндө баяндап берсеңиз.

Осмон Мухамметкерим уулу: Келип туугандарды көрүп аябай кубандык. Туугандарыбыздын турмушу көп жакшы экен аларды көрүп кубандык. Отуз үч жылдан бери көрбөгөн туугандырыбызды көрүп кубандык. Менин айтарым ушул анан.

Андан башка Памирден... Памирде биз көп кыйынчылыкта жашап жатабыз. Тоонун башында. Башка улуттардын баары учурда жакшы жашап жатышат. Биздин жерибизде жол жок. Мектеп жок. Оорукана жок. Баары жетишсиз. Биздики эми бир сураныч да. Түрк өкмөтү болсо дагы, кыргыз өкмөтү болсо дагы, бизди мына ушундай оор иштерден куткараар бекен. Колдоор бекен деген үмүтүбүз бар. А бизге да карасалар. Жол чыгарып беришсе. Көбүнчө Кыргызстандан да булар эми баарыбыз бир кыргыз болгондон кийин, бир атанын баласы болгондон кийин бизге көмөк кылып, жардам кылса. Барыбыз бир түрк болгондон кийин бир аз эле кыргызды унутуп калбай карашса деген үмүтүбүз бар.

Алмазбек Асанбаев: Анда Ариф мырза сизге суроо берейин. Мына сиздер ушул Улупамир айылында турган кыргыздар, сиздин атаңыз Рахманкул хан баштап Афганстан тоолорунан көчүп келдиңиздер. Ошол көчүп келүү ою кайдан келип чыкты? Ушулар жөнүндө баяндап берсеңиз.

 

Ариф Кутлу: Рахмат Алмаз. 1978-жылы Афганстанда төңкөрүш болгон Тераки Бабрек Кармал деген. Алар коммунизм болчу. Менин атам коммунизмге каршы болгону үчүн, «Мени алар жашатышпайт Афганстандагы коммунисттер»,- деди.  Булар орустарды билет. Афганстанда ыңкылап чыгат. Орустар бир күнү басып алат Афганстанды деп, 1978-жылдын сегизинчи айынын бешинде  биз Пакистанга көчтүк. Кичи Памирдеги кыргыздардын баары биригип тогуз үй калды. Калгандарынын бары Пакистанга көчүп кеттик. Пакистанда биз төрт жыл жашадык. Бир бөлүмү, отуз алты үй кайра көчүп кетишти. Пакистанда ысык болуп, ооруп өлгөндөр болду.  Биз Памирден чыгаарда да мен жана атам болуп беш алты киши отуруп кеңештик. Биз анда Пакистанды да билет элек. Пакистанда жашаш кыйын деп, биз Түркияга кетебиз деп чечим чыгардык. Пакистанга баргандан кийин төрт жыл жашадык. Анан Түркияга арыз жаздык. Элчиликке барып турчу элек. Мен, атам болуп. Анан арыз жаздык. Арыз жазгандан кийин Түркияда да 1979-80-жылдарда  ыңкылап болуп жаткан. Болбоду... Биз Америкага кетебиз, Аляскага деп жатканбыз. Биз ошондо жөнөй турган убакта, Кенан Эврен Пешаверге келди. Менин атам менен  мен  барып көрүштүм. Анан ал: «Мен алам сиздерди, кыргыздарды»-деди. Анан бизди кабыл этти. Анан биз Пакистандан Америкага кетишти да ошондо токтотуп койдук. Не болсо да өзүбүздүн тилибиз бир, динибиз бир, Азиядан узап кетпейли деп анан биз Түркияга келгенбиз. 1982-жылы бизди алып келди Кенан Эврен. Андан бери отуз жыл болду. Жакшы... Ван деген (вилает) облус. Району Эржиш дегенде алты жүз үйлүү кыргыз жашайбыз. Бизде азыр калктын саны кыйла өсүп кетти. Келгенибизде 1300 киши элек.  Азыр 3500 киши болдук.  300 үй бар эле, азыр600үй бар. Стамбулда бар 70-80 үй, анан Малатияда бар. Стамбулда, Коньяда, Ванда, Эржиште, айылда,  мына ушундай болуп тозуп кетип баратыбыз. Көбөйгөн сайын. Башка да ошол анан эмнени айтам. Рахмат!

Алмазбек Асанбаев: Осмон ажы сизден сурайын. Ошол убакта Рахманкул хан бул жакка, Түркияга көчүп кетебиз деген убактарда сиздер дагы Пакистанга келсеңиздер керек.  Ал жерден артка кайтып кетүү оюн кандайча чыгардыңыздар?

Осмон Мухамметкерим уулу: Биз Пакистанга келип эми бул жер аябай  ысык болот экен. Мал мындай немелер жоголуп, кыйынчылык болгондо мекен көзгө жакшы көрүнүп, кайта мекенге кетели деп кайтып кеткен элек. Андан кийинбир жылдан кийин орус келип, орустар бул жерлерде болушту.  Андан кийин орустар да чыгып кетти. Жакшы, анан кийин Афганстан өкмөтү «мужахит» деп өкмөтүбүз болуп, мына азыр Карзайдын өкмөтү курулду.  Андан кийин жакшы эле турмуш өткөрүп турабыз.  Мына бул доктоурдун жоктугунан кичине балдар болбой жатат, аялдар төрөп эле өлүп жатышат. Мына ушундай кыйынчылыктар.

Алмазбек Асанбаев: Ал жердеги тоонун жерден бийиктиги канча?

Ариф Кутлу: Үч миң беш жүз метр. Биздин кыргыздар жашаган жерлер, ал жерлер.

Осмон Мухамметкерим уулу: Биздин жерге доктур жетпейт да. Оорукананын жоктугунан. Мурун деле мындай эмес эле. Барыбыз эле ошондой эле төрөлүп көбөйдүк эле. Азыр жаңыдан ушундай болуп жатат да. Кандайча болуп жатканын биз да биле албай жатабыз. Машинанын жолу жок, бизге бир нерсе жетишпейт.

Алмазбек Асанбаев: Тамак ашты кайдан, кандай алып келсиздер?

Осмон Мухамметкерим уулу: Тамак ашты Вахан дейт.  Вахандан алпарабыз. Пакистандан алып келебиз. Үч күн, төрт күн топоздорго жүктөп, артып барабыз. Пакистандан да мындай белдерди ашып келебиз. Ушундай кыйынчылыктар менен тамак аш жеткиребиз. Анан биз дагы мал менен оокат кылабыз. Топоз, кой, ат, төөлөр менен алектенип жашайбыз.

Алмазбек Асанбаев: Кыргызстан мамлекетинен жардам келдиби сиздерге?

Осмон Мухамметкерим уулу: Эки-үч жыл мурда биз Кыргызстанга барган элек. Кайра келгенибизден кийин жардам келди. Жардам алып келди. Андан бери эки жыл болду биз да бара албай калдык. Ал кишилер деле кабар ала албай калды. Ал жакта да тынччылык болбой кичине уруш, талаш болуп калды да. Дагы да барсакпы деген үмүтүбүз бар эле. Жете албай турабыз. Барыш кыйын. Афганстанда элчилик жок. А бизде анчалык жеткидей пул деле болбой калат. Ошентип турабыз.

Алмазбек Асанбаев: Анда Ариф мырза анда сизден сурайын. Сиздер ошол Памир тоолорунан кеткениңиздерге отуз жылдан ашыптыр. Балким балалык чагыңыз ошол жакта өтсө керек. Сиз ошол жакты сагынып, ошол жакты барып көрөйүн деген оюңуз барбы?

Ариф Кутлу: Мен жыйырма жаштарда болчумун. Рахмат мен Афганстанга 2003-жылдан бери барам. Төрт сапар барып көрүп келдим. Биринчи барып буларды көргөн Түркиядан мен элем. Анткени булар биздин кабарыбызды билет эле да, билбейт эле да. 2003-жылы  да алты баланы ээрчитип алып мен баргам. Булардын абалы зор. Эми ал убакта мен жаш убагымда билбейт элек. Ошо айбанат менен, кой менен... Кой болсо дүйнө деген ушул Памир экен деп ойлойт элек. Азыр булардын жашоосу көп зор. 200-300 үйдө кыргыз калган. Калкынын саны күндөн күнгө  азайып баратат. Дүйнөнүн мына ушул экологиялык системалары, Памирдики бузулуп кетиптир. Жазда жаайт ысыбайт. Кышта жаабайт. Ушундай булактары, от чыкпай. Ушундай экологиялык система өзгөрүп кетиптир. Бала өлүмү көп. Мына азыр Памирдегилердин 40 пайыздайынын катыны жок.  Жетимиш алтымыш жашка баргандар аял албай өлүп жатышат. Аял алгандардын да аялы өлүп жатат. 18-20 жаштагы биринчи төрөп жаткан аялдар өлүп калып жатышат. Көп адамдын баласы жок. Жети сегиз тогуз онго чейин төрөгөн аялдар бар.

Алмазбек Асанбаев: Анда ушул маселеге чара көрүш үчүн кандай жардам берели деп жатасыздар?

Ариф Кутлу: Чара көрүш үчүн Түркия мамлекети болсун. Кыргызстандын экономикасы жана башкалары начарыраак да. Эми мында Түркиянын экономикасы жакшы. Башбакан (Премьер-министр) менен да көрүшүп, буларга жардам колун созсо дейбиз да. Буларга бир жакшы шарттарды түзүп берсе дейбиз. Аз эле кыргызбыз. Көп акча да сарпталбайт эле. Буларга жол чыгарып берсе, медицина, бир окуу салып берсе. Бул жердеги балдар караңгы, мектеп салып бериш керек. Атыңды жаз дегенде да жаза албайт. Токсон тогуз пайызы ошондой.  Кыргызстанга айтсак окутабыз дейт. Бирок беш жаштагы балдар Кыргызстанга барып келе албайт.  Мында бешинчи класста окуган бала болсо Кыргызстанга жиберет элек.  Ошолорду айталы деп ушунда келген элек. Кыргызстан да түзөлүп кетээр мындан кийин. А деп эле кыргыздар мушташып, ал жеп алды, бул жеп алды деп, ал президентти кууп, бул президенти кууп эле турбай. Мындан кийин намазга келип, бир тике уят да болдук бүткүл дүйнөгө. Кыргыздар да оңолоор. Көчөгө чыгып бакырып турбай, аракты азыраак ичип, жакшылап, белин бекем байлап иштеп, ынтымак кылып  отурса Кыргызстан барыбызга жетет. Рахмат анан.

Алмазбек Асанбаев: Чоң рахмат маегиңиздерге! Сиздерге ийгилик каалайм! Жолуңуздар байсалдуу болсун!

Памирдеги кыргыз туугандар жашоо шарттарынын татаалдыгынан, окуу жайлардын, ооруканалардын жоктугунан жана төрөт болуп жатканда же баланын же энесинин өмүрү кыйылып калып жаткандыгынан сөз кылышты. Мына ушундай абалда жашап жатышкан кыргыз туугандарыбызга тез арада жардам жеткирилип, алардын да бакубат турмуш курушун каалайбыз.

(www.trtkyrgyz.com)

 

 

15 Апрель 2008

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED