Атамбаев Түркияга расмий сапар жасады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Алмазбек Атамбаев 26-27-апрель күндөрүндө Түркияга расмий сапар менен келди. Эки өлкөнүн ортосунда визалар эки тараптуу түрдө жоюлду. Түркиянын Кыргызстанга 61 миллион доллардык кайтаруусуз жардам бергени билдирилди.

Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев 26-27-апрель күндөрүндө Түркияга расмий сапар менен келди. Атамбаев эки күндүк сапары убагында президент Абдуллах Гүл тарабынан кабыл алынды жана премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушту. Атамбаев, түрк иш чөйрөсүнүн алдыңкы өкүлдөрү менен да бир канча жолугууларды өткөрдү. Сапардын алкагында Түркия менен Кыргызстандын ортосунда үч башка келишимге кол коюлганы билдирилди. Бул келишимдердин арасында, эки өлкөнүн ортосундагы виза мажбурдуулугунун жоюлушуна карата келишим эң көп көңүлдү бурган келишим болду. Мындан тышкары Түркия Кыргызстандын 51 миллион доллар карызын кечип, 10 миллион доллардык кайтаруусуз жардам берүүнү чечти.

Расмий жолугушуулардан кийин эки премьер-министр катышкан биргелешкен маалымат жыйын өткөрүлдү. Премьер-министр Эрдоган, Кыргызстандын оор мезгилден өтүп жатканын белгилеп, Түркиянын кыргыз калкынын жакшы жана жаман күндөрүндө жанында болгонун жана болуусун да уланта турганын айтты. Эрдоган, эки өлкөнүн жүк ташуучу унаалары  да чек арадан виза алып оңой эле өтө ала тургандарын белгиледи. Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев да: «Келечекте визалар жалгыз гана Түркия менен Кыргызстандын ортосунда эмес, бүткүл түрк республикаларынын ортосунда жоюлуп, «Түрк Биримдиги» түзүлөөрүнө ишенем»,-деп айтты.

Сапар учурунда экономикалык жана соода-сатык темалары да каралды. Түркия Кыргызстанга 61 миллион доллардык кайтаруусуз жардам көрсөттү. (Кыргызстандын Түркияга болгон 51миллион доллардык карызы кечилди жана 10 миллион доллар гранддык жардам берилди.) Премьер-министр Эрдоган: «Кыргызстанга кыйын мезгилдеринде накталай жана товардык түрдө берген жардамдарыбыз болду.  Бирок бүгүнкү жолугушуубуздун белгиси катары 61 миллион доллардык жардам берүүнү чечтик. Бул болсо ушул күндүн эскермеси болсун»,-деди. Премьер-министр Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы 150 миллион доллардык соода-сатык көлөмүнүн абдан аз экенин белгилеп, бул санды 5 жылдын ичинде 1 миллиард долларга чыгарууну максаттагандарын айтты.

Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев да премьер-министр Эрдоганга «Таййип ага» деп кайрылды жана Эрдогандын Кыргызстанга жасаган сапарын эске салды. Атамбаев: «Таййип агабыз Кыргызстанга келди. Бош келген жок 10 миллион доллардык жардам алып келди. Андан башка биздин бир карызыбыз бар болчу. Андан кечти. Урматтуу премьер-министр жоомарттык кылды, туугандыгын көрсөттү. Ушундайча 71 миллион доллардык кайтаруусуз жардам алган болдук»,-деди. Атамбаев Ливия жана Египетте жашаган кыргыз жарандарды алып кетүү темасында да Түркиянын жардам бергенин белгилеп: «Түркия дайыма оор күндөрүбүздө жаныбызда болду»,- деп айтты.

Эки өлкөнүн ортосунда билим берүү боюнча да бир канча кадамдар ташталды. Кыргызстанда курулган Кыргыз-Түрк «Манас» университетине байланыштуу бир канча маселелерибиз ашылып өтүлдү. Жетилген келишим боюнча Түркиядан «Манас» университетинде кызмат кыла турган академиктер  кандайдыр бир иш уруксатын алуу же виза алуу мажбурдуулугу  болбойт. Премьер-министр Эрдоган мунун эки өлкөнүн бири-бирине карата ишениминин жыйынтыгы болгонун белгиледи. Бул келишим менен эки өлкөнүн ортосундагы билим-берүү мекемелеринин арасындагы дипломдорду таануу маселесинин да жоюлган боло турганы белгиленди.

Атамбаевге Түркиянын өнөр жай палаталары жана биржалары биримдигинин Анкарада орун алган Экономика жана технология университети тарабынан, өлкөсүндө жана аймагында демократиялык принциптердин орношуна, аймак өлкөлөрүнүн ортосунда тынчтык жана ырааттуулуктун түзүлүүсүнө кошкон салымдарынан улам ардактуу докторлук наамы да ыйгарылды.

Митат Челикпала даярдаган «Евразия күн тартиби» аттуу программаны окудуңуздар.

(www.trtkyrgyz.com)

 

15 Апрель 2008

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED