Президентибиз Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Достук жана Маданият Коомунун ачылыш аземинде.

Алмазбек Шаршенович Атамбаев катышты. Ошондой эле жаңы кенсебиздин ачылышына Кыргыз Республикасынын Маданият жана Туризм министири Ибрагим Жунусов, Тышкы иштер министири Руслан Казакбаев, Жогорку Кеңештин комитет төрагалары, Кыргызстандын Түркиядагы Анкара Элчилиги, Кыргызстандын Стамбулдагы  Генконсулдугу, өлкөбүздүн алдыңкы кабарчылары жана журналисттери катышты. Андан тышкары жергиликтүү протоколдон Стамбул губернаторлугундан, Стамбул мериялыгындан, Бахчелиевлер, Зейтинбурну, Багжылар, Эйүп муниципалитеттеринин башчылары жана Түрк Дүйнөсү Муниципалитеттер Бирдиги келишти. Кыргызстан Достук жана Маданият Коомунун ачылышын  кылган президентибиз Алмазбек Атамбаев ачылышка келген коноктор менен бирге эстеликке  сүрөткө түшкөн соң, коомубуз үчүн өз батасын берди.Келген конокторго Кыргыз улуттук тамактары тартууланып, ачылыш аземин Кыргызстан Достук жана Маданият Коомунун башчысы Айбек Сарыгуловдун бүгүнку күнго чейин кылынган иш - аракеттер жана ошондой эле мындан кийинки боло турган маарекелер жана иш - чаралар жөнүндө маалымат берүүсү менен бирге коом демөөрчүлөрүнө да ыраазычылыгын билдирип кетти.

Бексултан Токтосунов
Стамбул, КДМК кабарчысы

 

 

 

16 Январь 2012

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED