Түрк жана кыргыз дүйнөсүнөн

Ошондой эле кино жумалыкка Кыргызстандан Айтматовдун карындашы Роза Айтматова, кинорежиссер Бакыт Карагулов, «Манас Ата» этникалык кыргыздарды коргоо фонудунун төрагасы Акылбек Атабаев жана бир канча журналисттер келип катышышты. Аны улай 23-февралда Анкарада Кыргызстан достук жана маданият коомунун Анкарадагы өкүлчүлүгү менен ТҮРКСОЙдун биргелешип уюштуруусунда кыргыз кинорежиссеру Болот Шамшиевдин 70 жылдык юбилейин белгилөө мааракеси өткөрүлдү. Бул мааракеде Кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун чыгармасынан кинорежиссер Болот Шамшиев тарктан «Эрте келген турналар» аттуу фильми көрсөтүлдү. Бул мааракеге Кыргыз Республикасынын массалык маалыматтар жана информация комитетинин башчысы, «Манас Ата» этникалык кыргыздарды коргоо фондунун төрагасы жана «Аалам кыргыздары» журналынын башкы редактору Акылбек Атабаев келип катышты. Анда Акылбек Атабаев менен болгон маектешүүбүзгө көңүл бөлөлү:

Алмазбек Асанбаев: Кыргыз Республикасынын массалык маалыматтар жана информация комитетинин башчысы, «Манас Ата» этникалык кыргыздарды коргоо фондунун төрагасы жана «Аалам кыргыздары» журналынын башкы редактору Акылбек Атабаев менен болгон маектешүүбүз.

Акылбек мырза мына ушул Түркияда Стамбулда Айтматовду эскерүү кино күндөрү өткөрүлдү. Ошол жерге келип өзүңүз катышып бердиңиз. Андан кийин ушул Анкарада Болот Шамшиевдин жетимиш жылдыгына карата Чынгыз Айтматовдун чыгармасынан алынып тартылган «Эрте келген турналар» киносун көрсөтүү болду. Ушулар жөнүндө өзүңүздүн оюңузду айтып берсеңиз.

Акылбек Атабаев: Рахмат! Биринчиден түрк жергесиндеги ушул кыргыз коомдук маданий бирикмелеринин, ушундай деңгээлге өсүп өнгөнүнө мен абдан кубанычтамын. Мына ушуга байланыштуу биз 19-февраль күнү тиги Стамбул шаарына келдик. Стамбул шаарында Чынгыз Төрөкулович Айтматовду эскерүү кечелерине байланыштуу кино фестиваль өткөрүлдү. Бул кинофестивалга Бишкек шаарынан Айтматовдун карындашы Роза Айтматова эжекебиз келди, кинорежиссер Бакыт Карагулов келди, мен жана бир эки журналист келдик. Стамбул шаарында өткөн кинофестивал өтө мыкты, абдан жакшы деңгээлде өттү. Себеп дегенде Түркиядагы ошол Чынгыз Айтматов атабыздын чыгармачылыгынан тартылган кинолордун бардыгы түрк тилине которулуптур. Түркиянын өздөрүнүн Айтматовдун чыгармаларынан тарткан кинолору дагы, ошол арналган жумалык кино күндөрү болду. Элдер өтө көп келди. Ал жерде Роза Айтматова менен элдин жолугушуусу да абдан кызыктуу болду. Чынгыз айтматовду өтө бийик деңгээлде эскерип, кандайдыр бир Чынгыз Атабыздын бүгүнкү күндө орду бош калганын сездик. Андан кийин бүгүн 23-февралда биз Стамбул шаарынан келдик. Анкара шаарында ошондой эле дагы бир Чынгыз Атабызды залкар жазуучу катары, залкар киносценарист катары элге тааныткан Болот Шамшиев авабыздын 70жылдык юбилейи болуп атыптыр. Бул жерге дагы абдан толкундануу менен атайын расмий делегация менен келип катыштык. Бүгүнкү Болот авабыздын «Эрте жазда келген турналар» аттуу киносун орус тилинде ошондой эле түрк тилинде котормосу менен Кыргызстандын элчиси Рамазан Дырылдаев агайыбыздын катышуусу менен залда отуруп өтө кызыгуу менен көрдүк. Кандайдыр бир эскере турган нерсе болсо, бала кезде көргөн кино менен бүгүнкү мен Анкара шаарында көргөн кино асман менен жердей айырмаланып таасир берди. Бала кезде мен жөн эле кино көрсөм,бүгүн кандайдыр бир өткөн күндөргө саресеп салып, Чынгыз Атабыздын жоктугу, ошол 41-45-жылдарда биздин кыргыз аталарыбыздын бардыгы согушка кетишип, тылда бүт жаш балдар менен энелердин калганын көрүп, мен кейип, ошол 41-45-жылдардагы жашоону өзүмдүн жүрөгүмдөн кечирип өтүп, ал эмес ошол кино бөткөнгө чейин көзүмө жаш алдым.

Алмазбек Асанбаев: Мына ушул кечени уюштурган Кыргызстан достук жана маданият коому болду. Ушул коомго да барып көрдүңүз. Ошол коом жөнүндө өзүңүздүн оюңузду айта кетсеңиз?

Акылбек Атабаев: Мен чынында эле ушул маданият-достук коомуна ыраазычылыгымды билдиргим келет. Себеп дегенде бул салыштырмалуу негизи биз кыргыз диаспораларынын бардыгында эле болдук. Кытайдагы,Россиядагы, Казакстандагы, элчиликтериндеги атайын уюштурулган маданий коомдордо. Бирок былтыркы жылдын эсебинен 31-декабрь күнү Кыргызстан мамлекетинин эгемендүүлүгүнө карата Стамбул шаарында Кыргызстан достук жана маданий борбору атайын Кыргызстандан алып келип, чоң бир ак өргөө боз үй тигип, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүн өткөргөнгө мен өзүм келип катышып кеткен элем. Эми кудай жалгап 2011-жылы Анкара шаарында ошолордун филиалы ачылыптыр, бул жерден келип офисинде болуп жигиттери менен, баары менен таанышып, кылып аткан иштерине, ошол ТҮРКСОЙ менен биргелешип бүгүнкү күндөгү кыргыздын залкар, улуу инсандарын эскерүү кечелерин өткөрүп атышкандарына ушундай бир жүрөгүм жылып, чынында эле кыргыз эли түгөнгөн сайын түтөгөн эл экенине, мен ушундай бир күндөн күнгө канчалык кыргыздын саны аз болуп башка жерде жүрсө дагы ушундай күчөп жүрөктөрүнөн алоолонуп жалын чыгып, кандайдыр бир кыргызстанды жоготкусу келбей, кыргызстанда болгон улуу инсандарды унутуп калбай, өзүнөн кийинки муунга, балдарына тааныштырып, ушундай жакшынакай кечелерди уюштурганына абдан ыраазы болдум.

Алмазбек Асанбаев: Анда сиздин ишиңизге токтоло кетсек. Сиз өзүңүз «Аалам кыргыздары» деген журналдын башкы редакторлугун кылып жатасыз, ошондой эле «Манас Ата» этникалык кыргыздарды колдоо фондунун төрагасы кызматын кылып келе жатасыз. Ушул өзүңүздүн кызматтарыңыз жөнүндө баяндай кетсеңиз.

Акылбек Атабаев: Мен чынында эле «Манас Ата» этникалык кыргыздарды коргоо фондунун төрагасы болуп быйыл үчүнчү жыл иштеп жатам. Кандайдыр бир же бир «элүү жылда эл жаңырат, жүз жылда жер жаңырат» деген сыяктуу бир кылым алмашып кыргыз өзүбүздүн тегибизди издеп, ата салтыбызга кайрылып, дүйнөгө чачылып кеткен кыргыздарды бир уютку кылып Кыргызстанга бириктирип,ошолордун көйгөйлөрүнө көңүл буруп, ошолордун унутулуп бараткан улуу инсандарын эскерип, ошолордун салт-санаасын, тарыхын кагаз бетине түшүрүп, Кыргызстанда жаштарга терең таанытуу боюнча ошол дүйнөдөгү кыргыздардын энциклопедиясы жазыла баштады. Бул энциклопедиянын үстүндө кудай буюрса окумуштуулар иштеп жатышат. Кытай жергесинде, Россияда, Европада, Америкадан Японияга чейинки таркаган кыргыздардын бүт салт санаасын, канча этап менен келген, кайсы жерге кайсы мезгилде келип жайгашып калган. Булардын баарын шашпай бүт архивден изилдеп, тарыхый маалыматтардан жыйнап, кудай буюрса кылдаттык менен жазып келе жатабыз. Ушул проект ишке ашып, ушул китеп чыга турган болсо, «кыргыз ким?»-дегенде, ошол китеп бетинен ачып эле кыргыз боюнча терең маалымат алат деп ойлойм.

Алмазбек Асанбаев: Анын ичинен Түркияга келген кыргыздар жөнүндө дагы кошумчалай кетсеңиз.

Акылбек Атабаев: Түркияга биз ойлойт элек бул 1982-жылы келген Рахманкул хан кыргыздары, андан кийин 90-жылдарда келген биздин мигрант кыргыздар. Бирок тарых барактарын биз ачып баштаганда бир таң калычтуу нерселер пайда болду да. Бул көрсө кыргыздар бул жерге азыр негизинен тактала элек маалыматтарды мен азырынча айтпай турайын. Бул биздин доорго чейин 5-кылымда келген саймалуу таштарда кыргыздын изи бар экенин далилдеп турат да. Андан кийин тарыхта далилденген маселелерди алып карай турган болсок булар 1400-жылы 1425-жылдары Султан Ахмет Стамбулду, ошол түрк элдери Стамбулду алган мезгилде кыргыз жоокерлери келип, кыргыздын калың бир тобу (негизи кыргыз эли жоокер эл экенин элдин баары эле билет да) келип түрктөргө жардам берип, Стамбул шаарын бошоткондо тарыхый маалыматтар сакталып, бул Изник шаарында азыр ошол кыргыз күмбөз, кыргыз порт деп ошондой улуу эскерүүлөр менен тарых бетинде сакталып калган, бул биринчи айта турган нерсе. Экинчиси 1860-жылдарда кыргыздар келген экен. Бул кыргыздар боюнча, азыр ал кыргыздар өзүнүн единтичносттун жоготуп түрк элине сиңип кеткен экен. Бул тарыхый барактарда гана ошо кыргыздардын көчүп келгени боюнча анча мынча жазуулар калыптыр. Андан кийинкиси дагы тарыхта далилденген маалыматтар боюнча. Бул 1942-жылы. Бул ошол 1941-1945-жылдарда улуу согуш башталган мезгилге чейин революция жеңип, Орто Азиядагы басмачыларды 32-жылдары бүт туткунга алып, ошолорду соттоп, Фергана өрөөнүнүн басмачыларын чогултуп Тажикстанда түрмөдө сактаган да. Булар ошо Тажкстандан 1942-жылы Ооганстанга өтүп, Ооганстандан Пакистан, Пакистандан Түркияга келип, алар Конья шаарында жайгашып калыптыр да. Бул маалыматтардын акыркысы Германияда Орто Азия басмачылары деп түрк тилинде чыккан китепте өтө терең жазылып кеткен. Кыргыздардын келгени боюнча, отурукташып калганы боюнча. Андан кийин 1953-жылы Кытайдан бир улуу топ Сауд Аравияга кетебиз деп келип, Сауд Аравияга тилекке каршы өтө албай, кандайдыр бир тоскоолдуктар болуп, 53-жылы келип отурукташып калган кыргыздар. Булар ошол Кытайдан чыккан кыргыздар. Андан кийин 1982-жылы келген кыргыздар. Мен бул улуу жол башчы деп айткым келет. Рахманкул хан. Рахманкул хан жөнүндө мен бир аз токтолуп айтып кетким келет. Бул кишинин улуулугунан. Дүйнөдө Түркияга келгенде из калтырып, Түркиянын парламентине сунуш киргизип, ошол биз отурукташа турган жерге кыргыздын атын бергиле, «Улуупамир» деп мен ат койдум деп, мен суранам деп атып, кайра-кайра добушка койдуруп, 4 киши каршы болуп калганы макулдугун берип, ошол бүгүнкү күндөгү Ван кыргыздары «Улуупамир» деген айылга 1982-жылы 3 миңге жакын биздин кыргыздарыбыз келип отурукташып калышкан.

Андан кийинки кыргыздардын келиши бул 1990-жылы Совет бийлиги жок болуп, кыргызстан өзүнүн эгемендигин алганда биздин алгачкы студенттерибиз Түркия мамлекетине алгачкы келгендерден болуп, ошол мезгилдеги жанагы соода- сатык менен алектенген биздин кыргыздарыбыз, ошол 90-жылдардын башында келип отурукташып калган. Бүгүнкү күнгө чейин келип аткан кыргыздарыбыз, биздин мигранттарыбыз, биздин Кыргызстан менен тыгыз байланышта. Булардан жок болуп кетет деп коркпойбуз. Себеп дегенде Кыргызстанга тыгыз барып келип турушат.

Алмазбек Асанбаев: Анда «Аалам кыргыздары» деген журнал чыгарат экенсиздер. Ошол журналда эмнелер жазылат кимдерди камтыйт.

Акылбек Атабаев: «Аалам кыргыздары» журналы бул биз ошол кытай жергесиндеги кыргыздарды «фую» кыргыздары деп айтылат. Булар Харпинге жакын жайгашкан. Булар Ислам динин кабыл алган эмес кыргыздар. Ошолор боюнча биз маалымат жыйнап жүргөн мезгилде, ошолордун оозеки чыгармачылыгына таң калдык да. Булардын жайлоого чыгып ырдаганы, мал баккандары, жылкы кайтарган ырларын мен угуп, ошолорду кагаз бетине жаздым. Эми эгер биз дүйнөдөгү кыргыздардын оозеки чыгармачылыгын же адабиятын жаза турган болсок, мунун баары биздин китепке камтылбайт да. Анда бул китептин барактары түгөнгүс болот. Ошол себептен биз кеңешип туруп, ушул проектти алып чыктык. Дүйнөдөгү кыргыздардын адабияты-маданияты боюнча журнал түзүп «Аалам кыргыздары» деп, бул дүйнөдөгү кыргыздардын өз ара бир көпүрөсү болсун деп журналды түзүп. Бул жерде биз азыр тарыхты да жазып жатабыз. Этнографияны дагы. Улуу инсандарды. Көбүнчө негизги багыттарды ошол поэзия менен адабиятка көңүл буруп, ошол сырттагы кыргыздардын таланттуу залкар жигиттери , тилекке каршы элге таанылбай калган. Ошолордун жазган чыгармаларын, аңгемелерин, ошолордун ыр-поэзияларын байма-бай журнал бетине басып, бүткүл дүйнөдөгү кыргыздарга таркатып жатабыз.

Алмазбек Асанбаев: Чоң рахмат маегиңизге! Сиздин «Аалам кыргыздары» деп айтканыңыз сыяктуу эле биздин радиобузду да ааламдагы кыргыздар спутниктен угуп турушат. Анда ошол ааламдагы кыргыздарга жана кыргызстандагы кыргыз элибизге өзүңүздүн каалоо тилегиңизди айта кетсеңиз.

Акылбек Атабаев: Рахмат! Мен айткым келет. Кыргыздар дүйнө жүзүнүн булуң-бурчунда жашаганы менен башынан калпагы түшпөсүн, колунан комузун үзбөй чертип жүрсүн. Кыргыздын улуулугун, даңктуулугун, бийиктигин, нарктуулугун, ар дайым алып жүрсүн. Мен дагы бир нерсени айткым келет. Кыргыз элинин өзүнчө бир бийиктиги, кандайдыр бир чоң касиети бар экени бул кыргыздын башындагы ак калпагы болуп эсептелет. Ак калпактын сыры менен бүгүнкү күндө биз жашап жаткан боз үйү бүгүнкү күнгө чейин эч ким аны чечмелеп да, айтып да келе албайт. Ошол баш кийим менен биздин боз үйүбүз менен кандайдыр бир кыргыздын кылымдар бою өчпөй келаткан тарыхын далилдеп, кандайдыр бир касиет жетелеп келаткандай болот да. Ошол себептен айтып кетким келет. Башыңардан калпагыңар түшпөсүн, ар дайым жүргүңөр кыргыз деп соксун. Түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз эли эч бир кыйынчылыкта мокобой кайра курчуп кыргыз эли үчүн кызмат кылсын деп айтып кетким келет.

Алмазбек Асанбаев: Чоң рахмат сиздердин иштериңиздерде ийгилик каалйм.

Дүйнө жүзүндөгү кыргыздардын башын бириктирүүгө белсенген Акылбек Атабаев мырзага ийгилик каалайбыз. Кыргызыбызда мына ушундай жигиттер көбөйө беришин тилейбиз.

Ошондой эле Стамбулда жана Анкарада өткөрүлгөн Нооруз майрамына Кыргызстандан бир топ чеберлер келип катышышты.

Бул майрам Стамбул шаарында Кыргызстан достук жана маданият коому, Түркиядагы кыргыздардын маданият жана жардамдашуу коому жана Зейтинбурну мунисипалитетинин биргелешип уюштуруусунда белгиленди. Бул майрамга Кыргызстандан Алымкул Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» тобунун чеберлери, жана Кыргыз Республикасынын Эл Артистти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, көркөм жетекчи Мелис Асылбашев баштаган Нурдин Тугелов атындагы мамлекеттик «Ак Марал» бий ансамбли жана ошондой эле эстрада чебери Омар Жанышев катышты.

Ошол эле чеберлер Анкарага да келишип, 23-март күнү Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги, Тажикстандын элчилиги жана Кыргызстан достук жана маданият коому биргелешип уюштурган Нооруз майрамына арналган салтанаттуу чоң концерттик программанын көркүн ачышты.

Биз дагы келген чеберлерди студиябызга чакырып, өнөрлөрүнө күбө болук. Анда ошол Алымкул Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» тобунун чеберлеринин аткаруусундагы темир комуздун добушун угалы.

(www.trtkyrgyz.com)

15 Апрель 2008

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED