“81 жылдан бери Кыргыз элинин жашоосун, турмушун, тагдырын чагылдырып келген бирден бир биздин канал болуп эсептелет.”

 

Драматург, журналист, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кайрат Иманалиев Кыргызстандын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары болуп иштейт. Түркиянын Стамбул жана Анкара шаарларында маданий иш-чаралар уюштурган “Кыргызстан достук жана маданият коомунун” коногу болду. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Жаштар сыйлыгынын жана ошондой эле Токтоболот Абдумомунов атындагы сыйлыктын лауреаты болгон Кайрат мырза менен маек уюштурдук.

- Кайрат мырза Түркияга кош келдиңиз?

-  Рахмат.

- Өзүңүз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз.

- Кыргызстандын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары болуп иштейм. Телерадиодо иштеп келе жатканыма 16 жыл болду. Өзүм драматургмун. Алты жети пьесам Кыргызстандын театрларында коюлган. Кыргыз республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмермин. Драматургия боюнча мамлекеттик жаштар сыйлыгын алганмын. Андан тышкары Кыргызстандын Чыгыш университетинин журналистика факультетинде сабак берем.

- Кыргызстандын коомдук телерадиоберүү корпорациясында башкы директордун орун басары болуп иштейсиз. КТР телеканалы жөнүндө айтып берсеңиз?

 - Бул мамлекеттин каналы. Кыргыз журналистикасынын көч баштоочуларынын бири десек болот. Анткени биздин корпорациянын ачылганына 81 жыл толду. 1931-жылы Кыргызстанда биринчи радио комитети ачылган. 1958-жылы телеведение ачылган. 81 жылдан бери Кыргыз элинин жашоосун, турмушун, тагдырын чагылдырып келген бирден бир биздин канал болуп эсептелет. Мурда кыргыз тилинде бир гана биздин канал радио болгон. Азыр жеке менчикте кыргыз тилинде радио каналдар көбөйүп кетти. Коомдук теле радио корпорациясынын алдында бүгүнкү күндө бир эки телеканал бар. Бул жалпы Кыргызстан аймагына тарткан биринчи коомдук канал. Анан кабель аркылуу тарткан музыкалык каналыбыз бар. Беш радиобуз бар. “Биринчи радио”- маалыматтык радио, “Кыргыз радиосу”-адабий музыкалык радио, көңүл ачуучу радиобуз бар, түнкү канал бар, бешинчи балдар үчүн “Балдар фм” деген каналыбыз бар. Сиздер www.ktrk.kg деген сайтка кирип кенен маалымат алсаңыздар болот. Мурун “мамлекеттик канал” деп аталганбыз. 2010-жылдан бери “коомдук” деген аталышка ээ болдук. Мындайча айтканда каналдын ээси- мамлекет, бирок башкаруу коомдук багытта байкоочулар кеңеши менен болот. Байкоочулар кеңешине президенттик аппараттан беш киши, жогорку кеңештен беш киши, коомдон беш киши шайланып бизге көзөмөлдүк кылат. Азыр Кыргызстандын бирден бир жалпы территориясына караган - биздин телеканал жана биздин радиолорубуз.

 - КДМК боюнча тартылган телекөрсөтүүлөрдүн дисктерин коомубузга белек кылдыңыз. Бул коом боюнча каналыңызда программалар даярдалып келе жатат. Коом боюнча пикирлериңизди бөлүшсөңүз.

 - Түркиядагы кыргыздардын достук коомун уюштургандыгы, жакшы иш алып бараткандыгы кубандырат. Айбек Сарыгулов деген элибиздин мыкты жигиттеринен бири башкарган бул коом чындыгында көп иштерди жасап жатат. Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда достук мамиленин чыңдалышына, маданий алакалардын күчөшүнө өтө чоң салым кошуп жатат. Нооруз майрамында, эгемендик майрамында бул коомдун уюштурган иш-чаралары бизди аябай кубандырат. Былтыркы жылдан бери ушул иш-чараларды биздин коомдук биринчи каналдан жана радиодон чагылдырып туруу үчүн бизге кайрылган. Биз ушул өтүнүчтү аткаруу үчүн атайын кабарчыларды жибердик. Былтыркы эгемендиктин 20 жылдык маарекесин, бул жылы өткөн Нооруз майрамын, “Бизнес форумду”, эгемендик майрамын биздин кабарчылар тартып келип чоң-чоң программалар даярдаган.

 - Кыргызстан-Түркия мамилелери жана Түркия боюнча көз карашыңыз кандай?

 - Түркия биз үчүн бөлөк эмес. Биз бир түрк атанын балдарыбыз, бир тууганбыз, тилибиз бир, динибиз бир. Түркия менен биздин бир тууганча мамиле түзүшүбүз керек. Биз чет мамлекет эмеспиз деп ойлойм. Айрыкча биз эгемендүү мамлекет болгондон бери Түркия менен дипломатиялык байланышыбыз күчөп жатат. Бүгүнкү күндө Түркиянын өсүп-өнүгүп жаткандыгы маданий жактан болобу, экономикалык жактан болобу бизге таасирин тийгизип жатат. Түркиянын маданиятынын өсүп жаткандыгы, кино, театр, музыка искусствосунун өсүп жаткандыгы, өңдүрүштүн сапатынын күчөп жаткандыгы бизди аябай кубандырат. Кыргыз өкмөтү менен түрк өкмөтү чоң-чоң иш-чараларды уюштуруп, келишимдери түзүп келүүдө. Түркия биздин өнөктөшүбүз, биздин бир тууган мамлекетибиз катарында. Биздин тарыхыбыз тамырыбыз бир. Ошондуктан илимий, маданий тармактар боюнча көп иш-чараларды өткөрсөк болот.

 - Түркиядагы Кыргызстан жарандарына айтаар ой-тилегиңиз...

 - Түркия мамлекетинде окуп жаткан, иштеп жаткан Кыргызстандык мекендештерибиздин баардыгына бекем ден-соолук каалайм. Кайда жүрсө да жүрөгү ата мекен үчүн деп согуп, кыргыз эли үчүн кызмат кылып, өздөрү атуул катары коомго керегин тийгизип, ушу жерде дагы өздөрүн татыктуу алып жүрүп, жалпы адамзатка пайдасы тийсин деген тилекти айткым келет.

 - Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

 Маектешкен Өмер Күчүкмехметоглу

 

23 Апрель 2013

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED