“Чынгыз Айтматовду эскерүү жумалыгында коомубузда улуу жазуучунун китептеринин көргөзмөсү болду.”

- Саламатсызбы, Ринат мырза? Кыргызстан достук жана маданият коому Анкара өкүлчүлүгүн жетектеп келе жатасыз. Алгач өзүңүздү тааныштыра кетесизби?

- Мен Ринат Абдрахманов. 2006 – жылы мектепти бүтүп Жакынкы Чыгыш Техникалык Университетинин Эларалык байланыш бөлүмүнө өттүм. 2011 – жылы университетти аяктап магистратура тапшырдым. Учурда сабактарымды бүткөрүп, диплом жазып жатам. Дипломдук ишимдин темасы “ Орто Азияда суу политикалары”. Кыска убакыттын ичинде бүтүрөйүн деп жатам. 2012 – жылдын октябрь айында Кыргызстан достук жана маданият коому Анкара өкүлчүлүгүнүн жылдык чогулушунда жетекчи кылып шайлашты. Ошондон баштап коомду жетектеп келе жатам.

- Коомдун башчысы болгондон бери кандай иш – чараларды аткардыңыздар?

- Биздин иш – чараларыбызды 2 – ге бөлүп карасак болот. 1 – топтогу иш – чараларга жыл сайын өткөрүлө турган: жаңы жыл, 14 – февраль, 8 – март, 21 – март, 31 – августь, студенттер күнү, курман айт жана Ч. Айтматовдун туулган күнүндөгү «Ч. Айтматов жумалыгы» ж.б. Быйыл да Кечиөрун району менен чогуу Ч. Айтматов паркында эскерүү күнүн өткөрдүк. Ч. Айтматов жумалыгы болгон үчүн дума боюнча коомубузда удуу жазуучунун китептеринин көргөзмөсүн өткөрдүк. Студенттер келип кинолорун көрүн, китептерин окуганы алып кетишти. 2013 – жылдын 3 – 5 май күндөрүндө «Тарыхтан бүгүнкү күнгө чейин кыргыз – түрк байланыштары» атту эл аралык конференция өткөрүүгө даярданып жатабыз. Бул болсо 2 – топтогу коомго пайдалуу иш – чараларыбыздан бири десек болот.

- Эми коомдун курум жана курулуштар менен болгон байланыштарына токтоло кетсеңиз.

- Башкаруу кеңешинин чечими менен ар түрдүү курум жана курулуштарды зыярат кылабыз же аларды коомубузда коноктойбуз. Мисалы элчиликке, Этимесгут районуна жана өткөн жумада ТРТ - га зыяратка бардык. Келээрки жумада ТИКА – га барабыз. Дагы бир жаңылык, коомубуз жаш окумуштууларды колдоо максатында илимий макалаларга конкурс жарыяладык. Биринчи болгон конкурсантка 1000, 750 жана 500 тл байге коюлду.Конкурстун шарттары коомубуздун сайтында жарыяладык. Жыйынтыктарын 15 – апрелде ачыктайбыз.

- Коом студенттер арасында семинарлар өткөрүп жаткан экенсиздер. Семинарлар жөнүндө да айта кетсеңиз.

- Коомбуздун ичинде «Интелегенттер клубу» курдук. Клубка магистранттар жана докторанттар мүчө боло алышат. Ар жума сайын шаршемби күнү кечки саат 20: 00 да башталат. Ар бир студент өзү даярдап келген темада бир саат сүйлөп беришет. Саясаттан тышкары, студенттердин тажырыйбасын арттыруу максатында курулган клуб болуп эсептелет.

- Чоң рахмат.

- Сизге да рахмат.

Маектешкен Элдар Оразалиев

5 Апрель 2013

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED