“Кыргызстан – Түркия байланыштары боюнча бир конференция өткөргөн жатабыз.”

- Саламатсызбы, Заирбек мырза? «Достук көпүрөсү» журналы үчүн репортаж алып жатабыз . ϴзүңүздү таныштырып анан коомдогу аркалаган кызматынызды айта кетсеңиз?

- Жалал – Абаттык болом. 1992 – жылы студент болуп бул жакка келдим.Көп жылдардан бери Түркиядамын. 9 – Эйлүл Университетинде Укук факултетинде докторантурада окуп жатам. Бул убакыттын ичинде Кыргызстандын Түркиядагы студенттеринен жоопкер кызматкери болуп ищтедим. Учурда коомбуздун жооптуу катчысы кызматыны аркалап келе жатам.

- Кыргызстан достук жана маданият коому Анкара өкүлчүлүгү өтө чоң жоопкерчиликтүү программаны өткөрүүнүн үстүндө иштеп жатат. Май айында Бурса шаарында эл аралык конференция болот. Бул конференция жөнүндө айта кетсеңиз?

- 1992 – жылы Кыргызстан эгемендүүлүгүн алды. Эгемендигибизди алгачкылардан болуп Түркия республикасы тааныды. Кыргызстан – Түркия боордош өлкөлөр деп айтып келебиз бирок эстей келсек эсте калаарлык эч кандай иш – чара өткөрүлбөгөнүн көрөбүз. Башкаруу кеңеши ушундай бир иш – чара өткөрүү боюнча чечим кабыл алышты. «Тарыхтан күнүбүзгө чейин кыргыз – түрк байланыштары» аттуу эл аралык тарых конференциясын өткөрүп жатабыз. Айрыкча жыл сайын Анкара жана Станбул шаарларындан 300 – 400 Кыргызстандыктар Изникте чогулуп турабыз. Конференцияга Россия, Кыргызстан жана Түркиядан тарыхчы окумуштуулар катышат. Элчилик менен сүйлөшүп, Кыргызстан жана Түркия мамлекеттеринин президенттеринин колдосу менен өткөрүнү сунуштадык. Бул сунушубуз да кабыл алынды.

- Коомубузда Кыргызстан жана Түркиядан мүчөлөрү бар. Мүчөлөр, студенттер үчүн өткөрүлгөн иш – аракеттерге, экскурсияларга токтоло кетсеңиз.

- Ооба. Стеденттер университетте окуп жатышат бирок бул өлкөнүн культурасын жетишээрлик деңгээлде уйрөнүп жатышабы? Университетте жогорку деңгээлде теориялык билим алып жатышат. Бир адамдын жүргөн жеринин культурасын жетишээрлик деңгээлде таануусу социалдык чөйрөсүнө жараша болот. Экскурсияларда жалаң эле оюн – зоок менен чектелбестен, барган жерлерибизди жакшылап таанытууга аракет кылабыз . Ар жылы кышында бир жолу муз тепкенге барып турабыз. Бул жылы Кайсериге ьарып келдик. Эки күндүк экскурсия болду. Биринчи күнү тоого чыгып муз тептик, эртеси күнү тарыхый жерлерди кыдырдыкё Кайсери ачык асман алдындагы музей сыяктуу бир жер. Сеит Бурханеттиндин мазарын, Ибн Синанын Селчуклу доорунда салдырган ооруканасын зыярат кылдык. Студенттерди университеттен сырткары тарыхый жерлерди көрсөтүү менен дүйнө таанууларын кеңейтүүгө аракет кылып жатабыз. Анатолянын ич тарабына барганда тилдерибиз дагы да бир – бирине жакындашы түшөт экен: элма эмес алма, тавук эмес тоок. Бул сыяктуу кызыктуу материалдарды ушундай саякаттар аркылуу биле алабыз. Мындай иш – чаралар студенттердин бир – бирлери менен болгон ымалаларын да күчөтөт.

- Коом семинар уюштуруп, расмий түрдө курум жана курулуштарга зыяраттарды кылып жатат.

- Ооба, семинарлар студенттердин демилгеси менен өткөрүлүп келе жатат. «Интелегенттер клубу» аттуу группабыз бар. ϴздөрүнүн багыты боюнча бир чеминарист бир саат сүйлөп берет. Учурда студенттердин семинарлары болуп жатат. Экинчи турда болсо коомдон сырткары конокторду чакырабыз. Ар түрдүү коомдук уюмдардын мүчөлөрү, академиктер ж.б. тармактардан семинаристтерибиз болот. Ар кандай коомдук уюмдар да коомубузду зыярат кылышууда. Кыргызстан Себат билим берүү курумунун башчысы Орхан Ынанды, Түрк ожыклары кайрымдуулук фондундан Орхан Кавунжу келип кетти. Жакында эле өзүюүз да ТРТ Авазды зыярат кылдык. Алдыбыздагы күндөрдө билим берүү министрлигине зыяратка барууну ойлонуп жатабыз.

- Ыраазычылык билдиребиз, башка айтайын деген сөзүңүз барбы?

-Рахмат, журналга ийгилик каалайм.

 Маектешкен Өмер Күчүкмехметоглу

1 Апрель 2013

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED