“Бейтаптардын күлүп турганы биз үчүн бакыт”

 

Чет өлкөлөргө кетип, ал жакта үзүрлүү эмгектенген мекендештерибиз көп. Алардын бири Эркинбек Орозакунов. Ал он жылдан бери Түркиядагы Анкара университетинин медицина факультетинин жалпы хирургия кафедрасынын ооруканасында иштеп келе жатат. Биз Э.Орозакунов менен аталган өлкөдөгү медицинанын абалы жана өзү жасаган иштери тууралуу маектештик. 

Түркияга кандайча келип иштеп калдыңыз? 
- Өзүм Нарын областына караштуу Нарын районунун Орто-Нура айылынан болом. 2001-жылы И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөнмүн. Элчиликте иштеген жээним Түркияда медицина жакшы жолго коюлганын айтып калды. Ошентип бул жакка келдим. Бир жыл тил үйрөнгөндөн кийин ординатурада беш жыл окудум. Он жылдан бери Анкара университетинин медицина факультетинин жалпы хирургия бөлүмүндө хирург болуп иштейм. Өзүм кардиолог болсом дечүмүн. Мен биринчи курста окуп жүргөнүмдө апам ооруп жүрүп каза болду. Ошондон кийин хирург болууну чечкен элем. Ошол максатыма жеттим деп ойлойм.
Бул жердин медицинасы Кыргызстандын медицинасынан кандай өзгөчөлөнөт?
- Эки өлкөнүн медицинасынын ортосунда көп эле өзгөчөлүктөр бар деп айта алам. Бул жакта паракорчулук жок, дарыгерлер акча албайт. Операция дагы, дарылануулар, дары-дармектер милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) аркылуу болот. Бардык жабдуулар, дарылары жетиштүү, техникалары жаңы. Мындан улам рак оорусунан көз жумгандардын саны кыскарууда. Бул дартка кабылган бейтаптар оорунун башталышында келсе химия терапиясы, ошондой эле тиешелүү операциялар жасалып, айыктырууга аракеттер көрүлөт. Сакайып жаткандар бар. Ошол эле мезгилде Түркиядагы медициналык шарттар менен бардык эле органдарды алмаштырууга болот.
Бардык органдарды алмаштырууга болот дебедиңизби. Сиз үчүн кайсы органды алмаштырган оор? Ушундай татаал операцияларды жасоодо алдыңкы технологиялар колдонулса керек. Сиз Түркиядагы акыркы технология деп кайсынысын айтаар элеңиз? 
- Биздин бөлүмдөгү жалпы хирургдар негизинен боор, бөйрөк, уйку безин алмаштырабыз. Ошол органдардын ичинен эң оор операция деп боорду алмаштырууну айтат элем. Бул университеттин ооруканасы болгон үчүн эң акыркы техникалар менен жабдылган. Ал эми Кыргызстанда дагы лапороскопиялык башкача айтканда төрт тешик жасап алып, операция жасалып келген. Азыр бул жакта эки сантиметрлик бир эле көзөнөк аркылуу өт баштыкчасына, ашказан, кыр арканын чуркусу, көк боорго ж.б. операция жасайбыз. Учурда бул дүйнөдөгү акыркы технология болуп эсептелет. Ошондой эле оорукананын башкы филиалында робот менен чогуу операция жасайбыз. Анда эч кандай кеспестен эле кичине көзөнөктөр аркылуу чоң-чоң операцияларды кылууга болот. Бул жерде кадимки биз көргөн робот эмес, атайын аппарат. Аны компютерге отуруп алып хирург катары биз башкарабыз. Бул операцияны чай ичип отуруп жасаганга болот. 
Ушунча көп операциялар жасалат экен убактыңыздын көбүн бул жерде өткөрөт окшойсуз. Күнүгө канча саат иштейсиз?
- Эртең мененки сегизден кечки жетиге чейин ооруканада болом. Жалпы хирургдар күнүнө үч операция жасашы керек. Бирок бир күндө жети-сегиз бейтапка операция жасаганга туура келет. Бул жактын системасына ылайык убакытты үнөмдөө үчүн бир оорулуу наркоз алып жатканда башкасын жасап, ал бүткөндө үчүнчү операцияны баштай беребиз. Өзүм менен чогуу 6 ординатор, интернатурадан башкача айтканда 6-курстун жыйырмадай студенти, операциялык бөлүмдөрдүн эмчилери болот. Ошентип күн сайын жалпы хирургия менен байланыштуу маммология, эндокринология, трансплантация, онкология, кан тамыр хирургиясы, проктология тармактарына тиешелүү ашказан, ичеги, жоон ичеги жана башка органдарга жасалган жети операцияга катышам.
Бир күндө жети сегизден операция жасайт экенсиз. Ошолордун бардыгы ийгиликтүү болобу? 
- Биздин ооруканага көбүнчө абалы оор бейтаптар кайрылат. Медициналык тейлөө, жабдуулар жакшыргандыктан дүйнө жүзүнөн болбосо да Түркиянын бардык жерлеринен, Азербайжан, Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Албания, Греция, Кипрдан келип жатат. Кыргызстандан келген эки үч бейтабым бар. Аларга операция жасадым.
Он жылдан бери иштеген мезгилде 25 миңге жакын операция кылдым. Бизде деле татаалдашуулар болот. Бирок токсон тогуз пайызы ийгиликтүү аяктайт.
Сиздердин ооруканада дарылануунун шарттары туурасында айтып берсеңиз. Мисалы, Кыргызстандан ооруп келгендер кандай шартта дарыланса болот? 
- Түркияда камсыздандыруу китепчеси болгон бейтаптар эч кандай акча төлөбөйт. Келсе операция жасайбыз, керектүү дары-дармектерди ошол ММК аркылуу алат. Андай китепчеси болбогондор акча төлөшөт. Бирок калктын токсон пайызынан көбү камсыздандырылган. ММКсы жоктор чет элден келгендер. Алар акы төлөшөт. Түркияда ооруканалар мамлекеттик, университеттик жана жеке болуп бөлүнөт. Акчасы жагынан ушул университеттин ооруканасы арзан. Анын үстүнө кафедра болгон үчүн тейлөө жакшы, оор операциялар ушул жакта болот. Ал эми жеке менчик ооруканалардын шарты мейманканадагыдай болгондуктан баасы кымбат. Ошондой эле профессор өз колу менен операция жасасын деген бейтаптар ошол жактарга барат. Ал эми Кыргызстандан келген мекендештериме колумдан келген жардамды берип жатам. Алар үчүн чындыгында кымбат. Рак менен ооругандардын операциясы жаткан күнүнө карата болжол менен беш миң долларга чыгат. Бирок башка чет өлкөлөргө караганда Түркияда бир аз арзан.
Өз мекениңизге барбай бул жакта иштеп калышыңыздын себеби эмнеде?
- Жаңы келгенде түрктөр мага операция жасаганга уруксат беришеби деп мени менен чогуу келген балдар ойлончубуз. Бирок андай болгон жок. Жыйырма беш миңге жакын операция жасадым. Бирөөнөн да "сен чет элдиксиң" деп айтканын уккан жокмун. 
Бул жерде тажрыйба көп болгондуктан көп нерсе үйрөндүм. Хирургия абдан жакшы өнүккөн, жабдуулар жетиштүү. Мамлекеттин медицинага болгон көз карашы жакшы болгондуктан дүйнөдө медициналык кандай жаңы технологиялар, дары-дармектер чыкса дароо алып келет. Маянам деле жергиликтүү дарыгерлердикине караганда азыраак. Хирург болуш үчүн бул адистикти абдан жакшы көрүш керек. Жакшы көргөндөн кийин эч нерсеге карабай иштейбиз. Бейтаптар күлүп, ыраазы болуп, рахматын айтып турганы биз үчүн бакыт.
Келечекте кандай максаттарыңыз бар? Кыргызстанды сагынасызбы, өз мекениңизге келип иштөө планыңызда барбы? 
- Өз өлкөмдүн таза абасын, суусун сагынам. Кээде ага деле убакыт болбой калат. Анкара шаарындагы башка ооруканалардагы операцияларга да чакырышат. Ал эми Кыргызстандагы оорулууларга жардам берсем деген максатым бар. Биздин медицинанын абалы бул жакка салыштырмалуу жакшы эмес. Алдын алуу чаралары деген жок. Мага келген бейтаптардын көбү дарыланып жатканда кан аркылуу гепатит С вирусун жуктуруп алгандар. Бул жерде аны жуктурган дарыгерлерди соттошот. Бүгүнкү күндө Кыргызстандан келгендерге Түркиядан операция жасап жатам. Бирок ал жактан жардам берсем жакшы болмок. Кыргызстанда органдарды которуштуруу боюнча операциялар жасалбайт да. Ошол өз мекенибизде жазасак деген оюм бар. Өткөн жылы трансплантация институтуна барып кеткенмин. Бирок ал тараптан эч кандай сунуш болбогондуктан азырынча токтоп турат. Келечекте ишке ашырам деген оюм бар. Түркияны көргөндө ушунчалык ичим ооруйт. Кыргызстанда деле медицина ушундай өнүксө дейм. Буюрса өнүктүрүүгө өз салымыбызды кошобуз. Мекендештерим оорубасын.
Маектешкен МЭЭРИМ ИСКАКОВА 
Анкара-Бишкек

 

21 Январь 2013

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED