“Элим баалаган эмгегим эң баалуу сыйлыктан жогору”

Анкара университетинин профессору, доктор Гүлзура Жумакунова кыргыздын тил жана адабият таануу илимдерине бараандуу салым кошуу менен Кыргызстан-Түркия мамлекеттеринин арасында илим, маданият жаатында көпүрө курган окумуштуу айымдардын башында турат. Ал 1993-жылы Анкара университетинин чакырыгы менен Түркияга келген. Ошол мезгилден бери Анкара шаарында жашап, аталган окуу жайдын Тил жана тарых-география факультетинде окутуучу болуп эмгектенет. Ошондой эле 50 миңден ашык сөздөн турган «Түркчө-кыргызча сөздүктүн» автору. Эмдиги сөздү эженин айткандары менен улантсак.

 Чет элдин тузун буюруптур...

Түркияда жашап, иштеп жатканыма 19 жылдын жүзү болду. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында үй-бүлөбүз менен келгенбиз. Жолдошум Разак Сайдилканов Түркияга элчилик ачыла элек кезде элге билим берүү министрлигинин бул жактагы өкүлү болуп келген. Кайра эле кетебиз деген оюбуз бар болчу, бирок, балдар бул жакта окуп калгандыктан алар бүткөнчө убакыт өттү. Азыр Түркияда кыргыздар абдан көбөйдү. Кыргызстандан улан-кыздар көп келип жатат. Өзүбүз даярдаган окуучулар жогорку окуу жайларда, жакшы жумуштарда иштеп калды. Чачылып жүрбөйлү деген максатта Анкара жана Стамбул шаарларында “Кыргыз достук маданият коому” түзүлүп, уюмдашкан түргө өттүк. Түрдүү салтанаттуу кечелерди, жыйналыштарды өткөрүп, чогулуп турабыз. Түркияда кылымдан бери келе жаткан кыргызды, жүзүбүздү тааныталы деген максатта абдан демилгелүү иштер жасалып жатат. К.Баялиновдун 110 жылдыгы өткөрүлсө, М.Элебаев тууралуу китеп даярдадык. Ч.Айтматовду эскерүү кечелери өтүп, ал тууралуу атайын журналдардын саны чыкты. Курманжан датканын 200 жылдыгына арналган чоң жыйын болду. Ошентип эл журт экенибизди билгизип, жүзүбүздү түрк туугандарыбызга тааныштырып келебиз. Биз кыргыздардын аксакалы катары балдарга баш көз болуп жыйналыштарын башкарып, кеп-кеңешибизди айтабыз. Бул жакта кыргыздарды накта, асыл түрк деп келишет. Биз да ошол асылдыгыбызды көргөзөлү деп чамдап жатабыз. Жаңырган доордо жетекчилерибиз жаңырса, алардын шарапаты менен элибиздин жашоосу жакшырса деп ойлойбуз. Сыртта жүргөндөр элибиз тууралуу жакшы нерселерди уксак дымагыбыз көтөрүлүп сүйүнүп калабыз.

 Балалыктан алынган башат

Балалыгым абдан сонун, бейкапар мезгилге тура келди. Нарын районундагы (мурдагы Тянь-Шань району) Он-Арча суусунун боюнда өстүм. Чоң энем чөптөрдөн түрдүү дарыларды жасаган, кыргыздын элдик каада-салттарын, кол өнөрчүлүктүн бардык түрлөрүн жакшы билген адам эле. Эки уулуна боз үй жасаганча бизге чий чырматып, кийиз жасатып көп нерсени үйрөттү. Мектепте окуп жүргөндө журналист же юрист болом деп кыялданчумун. Кыргыз радиосунун эң көрүнүктүү дикторлорунун бири Капар Алиев агабыз 8-классты бүткөндө мени Фрунзе шаарына алып келди. Өзүнүн кызы экөөбүздү Москвадагы журналистика институтуна окутам деген. Бирок тилегине жетпей кайтыш болду. Ал оюбуз орундалбаганы менен мен филология, агамдын кызы чет тили бөлүмүнө өттүк. Университеттен абдан жакшы окуп, артыкчылык диплом менен аяктадым. Андан соң Бүбүйна Орузбаеванын башкы редакторлугундагы Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясынын тил, адабият бөлүмүндө илимий редактор болуп иштедим. Энциклопедия жазуу көптөгөн маалыматтардан кичинекей, кыска, нуска тыянак чыгарууга, тактыкка үйрөткөн мектеп болду. Андан кийин академиянын Түркология бөлүмүндөгү ишим бул багытта кетишиме себеп болду. Кыялымдагы журналисттик кесипти иштедим. Ал эми юрист болбогонума эч өкүнбөйм. Азыр аркалаган кесибим андан кем эмес. Андыктан тагдырыма ыраазымын.

 Өзүм иштеген окуу жай менен сыймыктанам

Анкара шаарындагы эң көрүнүктүү Анкара университетинин тил, тарых жана география факультетинде иштейм. Бул бөлүмдү түрк жол башчысы Мустафа Кемаль Ататүрк өзү түзгөн экен. Ар бир улут тарыхын, тилин, жашаган жерин, мекенин ыйык тутат эмеспи. Мына ушул ыйык нерселерди изилдеп, ага жараша адистерди даярдай турган бөлүм болсун деген максатта имаратын өзү курдуруп, чет жерлерден көрүнүктүү түркологдорду чакырып түркологиянын борбору болсун деп өзү ачкан экен. Ошол факультеттен улам Анкара университети ачылган. Окуу жайда дүйнөнүн бир нече тилдери окутулат. Бул жерден көптөгөн көрүнүктүү окумуштуулар чыккан. Башка түрк мамлекеттеринен келген адистер иштешет. Бул факультетим менен сыймыктанам. Мен да ушул окуу жайдан билимимди жогорулаттым. Ошондой эле мага чет элдик катары жана сөздүктү жазганым, “Түрк лексикографиясынын тарыхынан” деген монография үчүн профессорлук даража беришти. Бөлүмүбүз илим изилдөөгө багытталган. Андыктан ар кимиңер өзүңөрдүн тилиңерди, тарыхыңарды изилдегиле деп бизге абдан жакшы шарттарды түзүп берген. Колдонгон адабияттарыбыз көп санда. Өз тилибизди кыпчак тилдери арасында же жалпы түрк тилдеринин масштабында өтө кеңири изилдей алабыз. Бизге өз элиңерге кызмат кылгыла деп акча төлөп жатышат. Мага тагдыр ушундай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди. Мен ошону пайдаланып эли-жериме колумдан келишимче пайда келтире алдым деп ойлойм.

 Мекенчил сезим көп эмгек жаратышыма түрткү болду

Түркияда өткөн жылдарым текке кетпестен, абдан жемиштүү жылдардан болду. Бир топ эмгектер жаралып, кырктан ашуун эл аралык конгресс, курултай, симпозиум, конференцияларга катыштым. Университетте Кыпчак тилдеринин лексикасы, Сибирь тарыхы, Енисей кыргыз кагандыгы, эски түрк мамлекеттери, Кыргыздардын жана Казактардын фольклору жана адабиятынан аспирантурасы, докторантура багыттарына сабак өтөм. Негизги кесибим тилчи болгону менен бул жакта көп жактуу иштөөгө туура келет. Бир эле учурда тарыхчы, этнограф, адабиятчы, тилчи, түрколог болууга аргасыз болобуз. Кыргыздар тууралуу жыйналышта, журналдарда рубрика ачылганда бизден маалымат талап кылынат. Башка жерде өз элиңдин атынан өкүл болгондон кийин ага жооп бергидей даярдыкта болуу керек. Тилчи катары эне тилимдин абалын жакшыртууга кандай салым кошом, эмне жаңылык киргизе алам деген мекенчил сезим менин көп эмгек жаратышыма түрткү болду. Ошентип диссертиациямдын негизинде “Манас” эпосундагы тиричилик лексикасы” деген китебим “Илим” басмасында жарык көрдү. Негизги изилдөө тармактарым Манас таануу, Айтматов таануу, кыргыз таануу жана түркологиянын жалпы маселелери. Мындан сырткары түрк тилдеринин, батыш, чыгыш түркологиясынын сөздүктөрү боюнча абдан көп булактарды окудум. Бул боюнча жалпы түркологиянын лексикографиясынын тарыхын жазып, 2010-жылы китеп кылып жарыяладым. Ошондой эле балдар үчүн китеп жокко эсе экенин эске алып түрктөрдүн ар курактагы балдарга, алардын психологиясына жараша жазылган адабияттарынан котордум. Өз тилибизде диний китептер аз. Ал эми Түркия ислам дининин борбору катарында эсептелген мамлекеттерден болгондуктан диндин нукура эрежелери жакшы иштелген. Диндин тазалыгын сакташ үчүн уюшулган атайын комитети бар. Алар менен иштешип он чакты китеп котордум. Бул эмгектер үгүт катарында эмес, мусулман болгондон кийин билишибиз парз болгон нерселер деп эсептейм.

 К. Юдахиндин сөздүгүнөн кем эмес “Түркчө-кыргызча сөздүк”

Баарыбызга белгилүү болгондой түрк элдеринин ичинен Түркия гана саясат, илим, маданият, техника тармактарында өз тилин колдонот. Тилдерин күнкор кылып жибербөөнүн аракетин көргөн атайын тил коому учурдун талабына ылайык жаңы терминдерди, түшүнүктөрдү, жаңы сөздөрдү жасап, тилин байытуунун үстүндө. Мурда басымдуулук кылган араб, фарс тилдерине жогорку төбөлдөрү гана түшүнбөсө жөнөкөй эли түшүнгөн эмес. Мындан улам түрк лидер Мустафа Кемаль Ататүрк тил реформасын жасаган. Ал үчүн түрк тилдүүлөрдүн сөздүктөрүндөгү накта түркчө деген сөздөрдү алып, Османлыжа деген бардык катмардагы эл сүйлөй ала турган түрк тилин жараткан. Бул тажрыйбаны биз да алсак жакшы болмок. Өтө чоң мамлекеттин жүгүн аркалаган түрк тилинин кыргыз тилиндеги каршылыгы бар. Кыргыз тилибиз түрк тилиндей эле бай тил. Эмне үчүн алар сыяктуу мамлекеттик деңгээлде колдонбой, күнүгө кирип жаткан жаңылыктарга өз тилибизде жооп бере албайбыз. Мен ушуга намыстанып элүү миң сөздөн турган түркчө-кыргызча сөздүк чыгардым. Бул сөздүктү даярдоодо далай түйшүктү башыман өткөрдүм. Бирок машакатын айтуу кыйын болсо да жакшы иш болду деп ойлойм. Сөздүк-бул тилдин казынасын элдин колуна салып бере турган каражат. Кыргызстанга ылайыкталып, түшүндүрмөлөрү кыргызча болгону менен түрктөр да пайдаланып жатат. Азыр бул китеп жок калгандыктан эки жак тең сурап мени кыcтап жатат. Толуктап экинчи басылышын чыгаралы деп турам.

 Эң баалуу сыйлыгым – элиме кылган эмгегим

Мен орден же наам алайын деген жокмун. Сөздүгүңүздү качан чыгарасыз деген элдин талабы, ата-энелердин китепти сонун которуптурсуз, балдардын тилин тааптырсыз деген сөздөр мен үчүн бардык сыйлыктан жогору. Интернеттен башка бирөөлөрдүн ушул китепти пайдалангыла, сонун жазылыптыр деген сөздөрүн окуганда чаң басып жаткан китеп эмес, татыктуу, пайдалуу иш жасаптырмын деп кубанып калам. Дагы жазууга шыктанып, көңүлдөнөм. Жакында түрк студенттери үчүн иштеп чыккан грамматика китебин жарыялаган турам. Ошондой эле 1873-жылы жарыяланган XIX кылымга таандык В.В.Радловдун сөздүгүнөн да мурунку кыргыз тилинин биринчи сөздүгүн таптым. Ошол боюнча изилдесем деп жатам. XIII кылымга таандык Огуз каган деген эпос кыргыздар тарабынан жазылган деген божомолдор бар. Ошону далилдесем деген ойлорум бар. Жакында Англиядагы Кембридж университетинин чакыруусу менен барып ал жакта баяндама жасадым. Бул демилгени венгерлер да колдоп жатат. Бул боюнча абдан чоң эмгек жазышым керек. Максаттарымды ишке ашырсам кыргыз тили жана кыргыздардын тарыхы үчүн чоң салым болот деген оюм бар.

Маектешкен Мээрим Искакова

1 Ноябрь 2012

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED