“Жеке оюм саясат менен бизнес өз-өзүнчө болушу керек.”

- Саламатсызбы , Биринчи Кыргызстандыктардын эл аралык ишкерлер форумуна кош келдиңиз! Өзүңүздүн толук аты-жөнүңүз, келген өлкөңүз жана ишкердик кылган тармагыңыз жөнүндө айтып берсеңиз

- Атым Айгүл, Россиянын Москва шаарында текстиль тармагында иш алып барабыз. Башталышта Кыргызстандан товар ташып сатчык, бирок бара-бара ийгилике жетишип, азыркы учурда өзүбүздүн 400 кишилик фабрикабызды иштетип жатабыз. Форумга бизнес форум болгуну үчүн келдим. Форумдун жыйынтыгы мен үчүн абдан жакшы, көптөгөн пикирлер айтылды, көп киши менен тааныштым, өзүмө керектүү маалыматтарды алдым. Бул нерселер келечекте дагы көптөгөн ийгиликтеге жол ачат деп ойлойм. Жана ошондой эле форумда таанышкан ишкерлер менен кызматташууга жана жардамдашууга даярмын.

- Форумда талкууларга катыштыңыз, форум көңүлүңүздө кандай таасир калтырды? Форумда талкууга алынган темаларды актуалдуу деп эсептейсизби?

- Бул форумду өзгөчөлүгү өзүнүн түрү жана тематикасы боюнча "биринчи" болуп жатканы. Мындай нерсе мурда эле керек эле. Бизнестин өнүгүшү үчүн сөзсүз түрдө тааныш-билиш керек. Экономиканы өнүгүшү үчүн бизнес өнүгүшү керек. Бул жердеги чогулган ишкерлердин көбүнчөсүнүн 20 жылдан ашык чет өлкөлөрдө жашашыптыр.Ар түрдүү тармактарда өздөрүнүн жетишкендиктери бар экен. Мындай ишкерлерди бир арага топтоо менен ушул Кыргызстан достук жана маданият коому тарыхта кала турган бир иш-аракетке кол койду.

- "Саясат өзүнчө, ишкердик(бизнес) өзүнчө болуш керек" - деген ойго сиздин көз карашыңыз кандай?

- Мен 20 жылдан бери чет жерде жашадым. Иштен кол бошободу, жаш балдар бар, аларды тарбиялаш керек. Ушинтип жүрүп мен эч качан саясатка аралашкан эмесмин жана бул нерсе оюма да келген эмес чынын айтсам. Бирок менин жеке оюм саясат менен бизнес өз-өзүнчө болушу керек. Бизнес деген жаш баладай эле, төрөлөт өсүп-өнөт, жакшы өнүгүшү үчүн жакшылап караш керек. Мыкты бизнесмен бизнес кылып жатканда, саясий маселелер жөнүндө ойлонгону убакты болбойт. Мен бул нерсени жеке тажрыйбама тайянып айта алам. Ошондой эле мыкты саясатчынын деле саясий маселелерди чечип жатып, бизнести жүргүзгөнү жөн эле убакты калбайт деп ойлойм. Ошол учурда экөөнүн бирөөсүн тандаш керек болуп калат. Же болбосо экөөнү тең салмакта алып кетүү керек, бирок бул өтө жана өтө кыйын.

Маектешкен Бексултан Токтосунов

31 Октябрь 2012

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED