“Күчтүү ишкер - күчтүү өлкө”

-Саламатсызбы Искендер мырза, Биринчи Кыргызстандыктардын эл аралык ишкерлер форумуна кош келдиңиз! Өзүңүздүн толук аты-жөнүңүз, келген өлкөңүз жана ишкердик кылган тармагыңыз жөнүндө айтып берсеңиз.

-Атым Искендер Ормон уулу. Кыргызстанда жашайм. Кыргызстанда Жаш Ишкерлер Ассоциациясында(ЖИА) кеңешчи-координатор болуп иштейм. Ошол жерде "СЕРЕП" деген институтубуз бар, ошону дагы жетектегени аракет кылабыз.

-Көптөгөн форумдардын катышуучусу катары, Биринчи Кыргызстандыктардын эл аралык ишкерлер форуму жөнүндө кандай ой-пикирдесиз?

-Мен катышкан форумдардын арасынан бул өзү уникалдуу болуп жатпайбы, кечээ да көп айтылды "Биринчи" деп. Бул форумду башка форумдарга салыштыруу мүмкүн эмес. Жакында эле Кыргызстандагы болуп өткөн "Мекендештер", андан кийин Замандаш ассоциациясынын уюштуруусунда дагы бир форум болду. Ал форумдарга чет жерде жүргөн аттуу-баштуу Кыргызмын дегендердин баары келишти. А бул жерде болсо спецификалык түрдө ишкерлерди чакыруусу форумдун өзгөчөлүгү болду. Дагы бир айырмасы болуп Кыргызстандагы эле эмес чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандык ишкерлердин Кыргызстанда эмес чет өлкөдө топтулуп жатканы форумдун уникалдуу тарабы. Андан кийин форумда көтөрүлгөн маселелер дагы, бул жыйындын алдыга койгон максаттары дагы өзүнө таандык болуп жатат. Ишкерлердин таанышуусу, мамилелеринин өнүгүүсү, орток проекттердин алкагында иш алып барганга кадам таштоо сыяктуу максаттар болду. Ишкерлердин өзгөчөлүгүндө болгон, ишкерлер билесиздер прагматик болушат, ошого алакаларды, байланыштарды камчылаган нерсе, мен ойлойм бул нерсенин өтүмдүүлүгү аркасынан көп нерселерди алып келет деп ойлойм. Себеби дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун карым-катнаш болушу үчүн соода болушу керек. Азыр эч бир өлкөнүн карым-катнашы ортосунда соода болбостон жүрбөйт. Ошондой эле адамдардын ортосунда руханий кызыкчылыктын жанында материалдык кызыкчылык болгондо карым-катнаш дагы да узун мөөнөттүк жана дайыма уулана бере турган болот. Ушуга салыштырмалуу бул форум дагы да уулана бере турган потенциалды өзүнө камтыган, чоң жыйын болду деп ойлойм.

-Форумда талкууга алынган социалдык жана экономикалык темаларды азыркы учурда канчалык деңгээлде актуулдуу деп эсептейсиз?

-Биринчи форум болуп жаткандан кийин баардык эле темалар актуалдуу. Бул жыйындын өтөмдүүлүгү, керектүүлүгү, кандай форматта өзгөртсө болот деген суроолордун алкагында болбодубу. Булар форумдун келечеги үчүн маани-маңызын жана келечеке койгон максаттарын тактап алуу үчүн маанилүү болчу. Бул нерсе форумдун өзү үчүн актуалдуу. Андан кийин чет өлкөдөгү диаспоралардын байланышы, карым-катнашын илгерилетип, байланышты тыгыздатуу үчүн эмнелер кылынышы керек деген суроолорго жооп иретинде маектешүү болду. Бул дагы өзүнчө актуалдуу, анткени көрүп жатканыбыздай эле азыр кыргыз чачырады, бири-бири менен байланышы азайды. Бөлүнгөн жерден берекет качат жана башкалардын дагы бизге маани берип, белгилүү бир деңгээлде кабыл алышы кыйын. Ошондуктан бул жерде өз ара байланыштарды тыгыздатуу менен бирге башкалардын көзүндө өзүбүздүн деңгээлибизди көтөрүшүбүз зарыл. Форумга келген ишкерлер жана диаспора өкүлдөрү бири бири менен таанышып, тажрыйба бөлүшүп, байланыштарын кеңейтүүсү жана бул форумда көргөн артыкчылык, жетишкендиктер, кемчиликтерди көрүп, өзү жашаган жака барганда жетишкендиктерге умтулуусу, кемчиликтерин оңдошу үчүн өтө маанилүү.

-"Саясат өзүнчө, ишкердик(бизнес) өзүнчө болуш керек" - деген ойго сиздин көз карашыңыз кандай?

-Бул нерсе балким 20-30 жыл мурда, дагы авторитардык режим убагында өтүмдүү эле. Саясатты башка адамдар, экономиканы башка адамдар жүтгүзүшү керек делчү. Азыркы убакта болсо мамлекет негизинде караганыбызда экономика менен саясат тыгыз байланышта, бири биринен ажыратыш өтө эле кыйын. Саясий жактан белгилүү деңгээлге келүү үчүн экономика күчтүү болушу керек, бирок экономика күчтүү болушу үчүн туура саясат жүргүзүлүшү керек. А соода бул экономиканын ичиндеги жөн эле инструмент. Бул инструмент дагы туура, так, жакшынакай болушу үчүн саясаттан такыр ажыратып коюш бираз кыйын болот. Бирок бул нерсе: "Соодагерлер саясатка аралашып, саясаттын күндөмүн белгилеши керек, же болбосо соодагерлер соодадан көбүрөөк саясатка киришсин " - деген эмес. Бул жерде айтыла турган нерсе соодагерлер(ишкерлер) пасивдүү түрдө болсо да саясатка катышышы керек. Ишкерлерди толугу менен саясаттан ажыратып коюш, жашап жаткан доорубуздун натурасына туура келбеген нерсе. Айта турган нерсем саясий алакаларды соодага айландыруу, же соодадагы алакаларды саясатка айландыруудан узак болушубуз керек.

-Кыргызстанда ишкердүүлүктү дагы да өнүктүрүү үчүн кандай кадамдар ташталып, кандай шарттар түзүлүшү керек?

-Эң биринчиден ишкер эмне кылгысы келгенин так, даана белгилеп алып, ошонун аркасына өзүнүн талаптарын коюп, талаптарын орундатыш үчүн такай түшүшү керек. Мамлекет эмне кылышы мүмкүн? Албетте салыкты азайтышы мүмкүн, ишкерлердин иш курууда жолугушкан кыйынчылыктарын азайтышы мүмкүн, укуктук талаанын так, даана иштешине шарт түзүшү мүмкүн. Өзгөчө укуктук талаада мурунку авторитардык режим убагында курулуп калган "справка", "лицензияга" окшогон мамлекеттен жооп, уруксаат алуучу барьерлерди логикалык деңгээлге чейин азайтып берүүсү өтө керектүү. Уруксаат алуу, лицензия алуу мыйзамдары заманбап шарттарга ылайык кабыл алынышы керек. Бул тармакта салыштырмалуу алдыга жылыштар бар. Үч миңден ашык болгон лицензияларды азыркы убакта үч жүзгө түшүрүлдү. Бул нерсени чоң бир реформа деп деле айтсак болот. 44 өлкө менен визаларды бир тараптуу кылып алып койду, бул кадам келечекте инвестиция жана туризмдин өнүгүүсүнө жол ачат деп ойлойм.

- Баардык ишкерлердин өзүнүн "урааны"(девиз) болот. Мисалы; "Бизнес-деген бизнес" же "убакыт-акча". Сиздин ишкердиктеги урааныңыз кандай?

-Менин девизим Жаш Ишкерлер Ассоциациясынын девизи: "Күчтүү ишкер - күчтүү өлкө". Эгер ишкер күчтүү болсо, анда экономика күчтүү болот, экономика күчтүү болсо өлкө күчтүү болот деген ойдобуз. Биздин мамлекетибиздин башка мамлекеттерге салыштырмалуу казынасы салыктардан толот, а салыктарды ким төлөйт - ишкерлер. Демек ишкерлер өнүксө, мамлекет өнүгөт, ишкерлер күчтүү болсо, мамлекет күчтөнөт.

Маектешкен Бексултан Токтосунов

18 Октябрь 2012

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED