“Мамлекет инвестициянын коопсуздугунун гаранты болуп бериши керек.”

-Саламатсызбы Тыныбек мырза, Биринчи Кыргызстандыктардын эл аралык ишкерлер форумуна кош келдиңиз! Өзүңүздүн толук аты-жөнүңүз, келген өлкөңүз жана ишкердик кылган тармагыңыз жөнүндө айтып берсеңиз.

-Атым Тыныбек Жукешов, Кытайда Бээжин жана Гуан-Чжоу шаарында жеңил өндүрүш, башкача айтканда, кийим тигүү тармагында ишкердик кылам. Бул форумга катышкан ишкер катары, форум жогорку деңгээлде өттү демекчимин жана форумдун уюштуруучулары болгон Кыргызстан достук жана маданият коомуна жана коомдун башкаруу комитетинин төрагасы Сарыгулов Айбек мырзага бүтүндөй Кытайдагы кыргыз ишкерлердин атынан ыраазычылык билдирем. Форумдун эң чоң жетишкендиги деп, бүгүнкү күндөгү технологиянын өнүгүүсү менен бирге глобалдашкан дүйнөдө, кыргыз ишкерлердин башын бириктирип, бири бири менен таанышып жана тажрыйбалары менен бөлүшө ала турган бир платформаны түзүп берүүсүн эсептейм. Анкени ушул убака чейин ар ишкер өз алдынча, "өзү билгендей" дегендей, иш алып келе жатканбыз да. Бул форум жана ушуга окшогон иш-аракеттер, келечекте Кыргызстандагы ишкердиктин жана ошо менен бирге эле экономиканын өнүгүүсүнө өз таасирин тийгизет деген ойдомун.

-"Саясат өзүнчө, ишкердик(бизнес) өзүнчө болуш керек" - деген ойго сиздин көз карашыңыз кандай?

- Саясат жана экономика, анын ичиндеги ишкердик, экөө эки, башка нерсе. Экономикада Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдөн мисал алып, ал өлкөдө ишкердик кылган ишкерлердин тажрыйбасын колдонуп, бир жыл болобу, беш жыл болобу, экономикабызды өнүктүрүп-өстүрүп кетсек болот. Ал эми саясий өнүгүү, ички-тышкы саясатты, кадрдык саясатты бир жыл же беш жылдык кыска мүнөөттө өнүктүрүп кетүү мүмкүн эмес. Мыйзамдарды кабыл алган күндө деле, ал мыйзамдарды күнүмдүк жашоодо ишке ашырылышы да бар. Мыйзамдарга көнүү жана аларга баш ийүү үчүн бир топ убакыт кетет. Бирок биздин колубуздан келе турган нерсе, өзгөчө чет жерде иштеп эмгектенип жүргөн Кыргызстандыктар, келе жаткан муунду туура жолго салуу, тартиптөө, эң жогорку деңгээлде билим берүү. Ар бир чет жердеги үй-бүлөө бирден уул-кыздарды ушинтип тарбиялап, билим берип, Кыргызстанга жөнөтсө, Кыргызстандын келечеги үчүн кылган эң чоң салымы ушул болмокчу демекмин.

- Сиздин ишкердик кылып жаткан тармагыңыздын Кыргызстандагы келечеги кандай? Кыргызстанда текстильди дагы да өнүктүрүү үчүн бийлик мамлекет жана ишкерлер эмне кылышы заарыл?

- Эң биринчиден ивестиция келиши керек. Бирок инвестиция келээрден мурун мамлекет инвесторлорго малмекеттик деңгээлде инвестицияларын коргоого кепилдик бериши керек. Мамлекет инвестициянын коопсуздугунун гаранты болуп бериши керек. Ошол нерсе жок болгондуктан кээ бир Кыргызстандагы эле ишкерлер инвестицияларынын коопсуздугунун гаранты болуп берген чет өлкөлөргө кетип калып жатышат. Экинчиден мамлекет ишкерлерге эң эле жөнөкөй шарттарды түзүп берсе жетиштүү. Мисалы Кытай жаңы бутуна туруп келе жаткан ишканалардын салыгын өтө жеңилдеткен. Ушул эле мисалды силер, чет өлкөдө билим алып жаткан жаштар, үчүн да берсек болот. Дүйнөнүн ар бурчунда, эң жакшы жогорку укуу жайларын бүтүргөн окуучулар чет өлкөлүк компаниялар үчүн иштеп жатышат. Эми ушул билимдүү жаштардын потенциалын Кыргызстанга буруш үчүн мамлекет биринчи кадам ташташ керек. Эртеңки күнү окуусун бүтүргөндө Кыргызстанда ишке орношоруна кепилдик бериши керек. Муну кылган учурда, мен ишенем, көбү Кыргызстанга кайтып келип эле иштемек.

- Баардык ишкерлердин өзүнүн "урааны"(девиз) болот. Мисалы; "Бизнес-деген бизнес" же "убакыт-акча". Сиздин ишкердиктеги урааныңыз кандай?

- "Ар бир адам жакшы жашоого укуктуу". Бул дүйнөгө келгенден кийин ар бир адам жакшы жашап өтүшү керек деген ойдомун. Бирок жакшы жашоого умтулуу ар бир адамдын өз колунда.

- Азыркы убакта көптөгөн жаштар ишкер болуп, өзүнүн бизнесин курууну каалашат. Түп-тамырлуу бир ишкер катары аларга айта турган бир насыйкатыңыз барбы?

- Эң биринчи айта турган нерсем - билим. Кайсыл мамлектте болбосун өтө керектүү нерсе. Экинчиден ишкердик кыла турган мамлекеттеги элдин тилин, маданиятын жана тарыхын жакшы билип өздөштүргөндөн кийин гана бизнес куруп жана ийгилике жетишүүсү мүмкүн. Жана эң негизгиси, ар бир адамда сөзсүз болушу керек болгон нерсе адеп-ахлак демекчимин.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

Маектешкен Бексултан Токтосунов

9 Октябрь 2012

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED