“Кыргыздын музыка дүйнөсү абдан бай.”

- Чолпон эже Туркияга кош келдиңиз. Кыргызстан достук жана маданият коомунун уюштурган Нооруз програмасына катышуу үчүн Стамбулга келдиңиз. Өзүнүз жөнүндө, кыскача сизди окурмандарга танытсак.

- Мен өзүм кесибим боюнча музыкантмын. Кыргызстанда консерватурияны бүткөнмүн. Өзүм пианисткамын. Консерватурияны бүткөндөн кийин Абдырай атындагы белгилүү музыкалык мектепте сабак бердим, мугалим болуп иштедим. Концерт мастер болуп иштегенмин. Классикалык музыкадан билим алганмын. Мен эч качан фолклордук инструменттерге кызыкчу эмеспин. Студенттик убактымда балалык убактымда дагы бул инструменттерге кызыкчу эмеспин, классиканы жакшы көрчүмүн.

- Сиз жетектеген «Ордо сахна» фольклордук этнографиялык тобу элибизге жакшы маанай тартуулады. Алгач топтун түзүлүү таржымалы туурасында айтып кетсеңиз.

- Кыргыздын музыка дүйнөсү абдан бай. Бирок ошол баалуулукту   эл аралык деңгээлге алып чыгуу туурасында абдан көп ойлондум. Америкага 1996 жылы бардым жана ал жерде бир жарым жыл жашадым. Ал жерде фолклорго кызыга баштадым. ДВД, СД жибергиле деп суранганмын. Үйдөгүлөр эч нерсе жиберген жок мага. Эч нерсе жок болчу. Жакшыраак ДВД, СД жок. Бир жарым жыл Америкада жашап неге Кыргыздардын жакшы музыкалык СДлери жок деп ойлондум. Фолклордук ансамблди чогултуу идеясы пайда болду. Кыргыздардын фолклордук аспаптарын чогултуп, бир театр ачуу идеясы пайда болду. Фолклордук аспаптарды чогултуп, бир театр ачуу идеясы пайда болду. Бул идея менин бир тууган агам Шамилге да абдан жакты. Анын колдоосу астында 1998-жылы чыгармачыл инсандардын башын бириктирип түзүп чыктык.

- Ошол учурда кыйынчылыктар болдубу?

- Көп койгойлор болду. Айрыкча үйлөмө аспаптарда ойногон адистердин жетишсиздиги, жакшы сапаттагы аспаптарды табуу кыйынга турду. Ушул сыяктуу маселелер чечилген сон, эки жыл аралыгында жумасына беш жолу жаны чыгармалардын үстүндө катуу даярдык көрдүк. Кээ бир музыканттар чопо чоор, ооз комуз сыяктуу башка аспаптарда ойногонду топтун музыкалык жетекчиси Нурлан Нышановдун жардамы астында өздөштүрүштү.

- Ордо Сахна тобу түзүлгөндөн тарта дүйнөнүң көптөгөн өлкөлөрүндө кыргыз музыкасын тартуулап келет. Айтсаңыз кайсыл өлкөлөрдө болдуңуздар?

- Биздин чыгармачыл сапарыбыз алгач коншулаш Казакстандан башталды. 2002 жылы Америкада Тоолуу өлкөлөрдүн фестивалы болуп, кыргыз маданиятын чет элдиктерге тартууладык. 2004-жылы Франциянын Дижон шаарында, Түштүк Кореяда, 2005-жылы Парижде өткөн фестивалдарга чакыруу алдык, ошол эле жылы Япониянын Нагоя шаарында концерт бердик.   Мындан сырткары Швецария, Германия, Кытай, Россия өлкөлөрүндө сапарыбыз уланды. 2010-жылы Американын 12 штатында өздүк чоң программадагы концертибизди тартуулап, көптөгөн алкыштарга ээ болуп кайттык.

- Артисттердин кийимдери кооз жарашыктуу экен. Атайын стилисттер менен иштешесизби?

- 90-жылдардын аралыгында улуттук кийимдердин моделдерин иштеп чыккан адистер жокко эсе эле. Ошондуктан тарыхий маалыматтарга, сүрөттөргө таянып, өзүбүздүн нукура кыргыз кийимдерин даярдадык. Бул кийимдер күмүш жасалгалары менен толукталып, өзгөчө көрк тартуулап турат. Биздин улуттук кийимдерибиз дайыма чет элдиктердин кызыгуусун арттырат, анткени табийгый кездемелерден тигилип, саймалары байыркылыгыбызды баяндап турат.

- Ушул жылдар аралыгында 4 альбом чыгарып, кыргыз музыка дүйнөсүнө чоң салым коштуңуздар. Бул боюнча да окурмандарга айта кетсеңиз.

- Эн алгач «Уламыш күүлөрү» деген альбомубуз 2000-жылы жарык көрүп, кыргыздын руханий байлыгы болгон күү дастандары менен унутта калып бара жаткан элдик ырларга арналды. Ушул чыгармаларга жаңы өмүр бердик десем жаңылышпайм. Ал эми экинчи альбом "Көчмөндөр ыры" деп аталып, кыргыздын көчмөн дүйнөсүн, жаратылышын баяндап берди, андан сон «Тогуз ак» долбоорунун алкагында тоо элдеринин жашоосун чагылдырган видео клиптердин топтому жарык көрдү. Кыргызда «Ат адамдын канаты» деп айтылат. Бул багытта 5 жылдай эмгектенип Македонский , Чынгызхан, Манас сыяктуу баатырлардын аргымактарына арналган чыгармалардын жыйнагы жарык көрдү. Азыркы учурда «Кайберен» деген аталыштагы долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Репертуарларды тандоодо бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Бүгүнкү күндө таланттуу композиторлорубуз саналуу эле. Ошондуктан чыгармалардын салмактуулугуна уккулуктуулугуна көбүрөөк көңүл бөлөбүз.

- "Жалындуу ат" аттуу аттарга арналган дискиңиздеги чыгармалар кандай? Аттардын чуркаганыбы, чаптырылганыбы? Обондор жөнүндө айтып кетсеңиздер.

- Мисалы биз Америкалык ат Мустангды ойносок анда Америкалык күйлөрдү ойнойбуз. Орустун фолклордук атын ойногондо алардын улуттук кашыктары менен ойнойбуз. Наполендун атын ойногондо кичинекей сап мастелезаны ойнойбуз. Бул чыгарманы уккан киши сөзсүз бул Франсуз музыкалары дейт. Баардык инструменттер Кыргыз бир эки кичине кошумча кылдык. Негизги максатыбыз Кыргыз музыкалык аспаптарын дүйнөгө көрсөтүү. Биз аспаптарыбыз менен бүткүл дүйнөлүк музыканы ойной алабыз. Өзүбүздү далилдедик. Биз бул долбоорду ишке ашырканга кубанычтабыз. Жаңы идея пайда болду. Бизда дүйнөдөгү эң белгилүү кино коскадорлары бар. Тири аттар менен азыр чоң бир проектин үстүндө иштеп атабыз.

- Эми Стамбул шаары жөнүндө кыскача ой пикириңизди айтып кетсеңиз.

- Стамбул шаарында көп эле жолу болдук. Бирок, бул сапарыбыз көптөгөн ийгиликтүү иштер менен эсте калаарлык окуяларга бай болду. Кыргыз маданият жана достук коомунун төрагасы Айбек мырзанын жетекчилигинде өтүп жаткан Нооруз майрамы эн жогорку деңгээлде өтүп жатат. Бул майрамга Ванда жашаган биздин боордош кыргыз туугандар да келишти. Алардын жашоо турмушу туурасында маалымат алдык. Көптөгөн тарыхий жерлерге барып, Түрк элинин баалуулуктарына күбө болуп кайттык. Мындан ары сапарыбыз Анкара, Кожаэли, Хендек шаарларында уланмакчы.

- Алдыда дагы кандай максаттарыңыз бар?

- Учурда   «Жалындуу аттар» деген долбоордун алкагында, биздеги асыл тукум аттардын катышуусу менен чоң маарекени өткөрүү туурасында ойлонуп жатабыз. Албетте ушул максаттарыңыздын баары ишке ашсын деген тилектемин.

- Маегибиздин сонунда эки элге каалоо тилектериңизди айта кетсеңиз.

- Түрк кыргыз достугу мындан ары да бекемделе берсин. Маданий алакабыз өркүндөп өссүн демекчимин.

Маектешкен Өмер Күчүкмехметоглу (ТҮРКИЯ)

«Кыргыз туусу газетасы», 31.07.2012-ж

 

1 Август 2012

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED