“Негизги максатыбыз - Кыргызстан менен Иран ортосундагы соода-сатык көөлөмүн чоңойтуу.”

-Токтогул байке, Иранга болгон расмий сапар жөнүндө Кыргыз делегациясынын мүчөсү катары эмне айтып бере аласыз? Бул расмий сапардын максаттары эмне?

-Иранга эки тараптуу сүйлөшүүлөргө келгенбиз. Делегациябыздын төрагасы А.Жапаров болду. Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өттү. Сүйлөшүүлөр соода, өнөр жай, айыл чарбасы, илим, билим берүү жана маданият тармактары жөнүндө болуп, эки тарап тең өз ойлорун жана сунуштарын билдирди. Негизги максатыбыз эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү. Кыргызстан менен Иран ортосундагы соода-сатык көлөмүн чоңойтуу. Жолугушуудан кийин делегациябыздын төрагасы А.Жапаровдун айтышы боюча жакынкы жылдарда Иран менен соода 1 миллиард долларга чейин өсүүсү күтүлүүдө. Биздин милдет - ушул максатты ишке ашырыш үчүн бардык иш-аракеттерди жасоо. Жалпысынан алып карасак жакшы эле болду.

- Кыргызстанда экономика тармагында кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?

-Жакындагы эле жыйналышта Т.Сариев ушул маселе боюнча доклад жасады. Негизи --Кыргызстандын экономикасында 7-7.5 пайызга чейин өсүү күтүүлүүдө эле, бирок өсүү 1-2 пайыз эле болчудай. Кыргызстанда экономикалык кырдаал өтө оор деп айтмакчымын. Бир топ кыйынчылыктар бар.

- Кандай кыйынчылыктар?

- Биринчиден бажы биримдиги. Биздеги товарларды Россия жана Казакстанга жөнөтүш кыйын болуп калды. Дордойго каршы дагы атаандаштык болуп жатканын, Кордайда базар ачышкаын жакшы билесиздер. Андан тышкары Хоргосто Чек ара соодасынын эл аралык борборун түзүп, ал жерде өзүнчө шаар курмак болуп жатышат. Бул максатта 4,2 миллиард доллар сарптоого план түзүшкөн. Бирок биз мындай конкуренцияга туруштук берип, Дордой менен Карасууну колдон келишинче иштетип жатабыз.

-Туркиядагы кыргыз диаспорасында конокто болдуңуз, диаспоранын иш-чаралары жөнүндө өз ой-пикирлериңизди айтсаңыз.

-Бир эле жолугушуудан кийин айтыш кыйын, бирок коомдун жетекчисинин айтканын угуп абдан кубанып калдым. Эң биринчиден ынтымак бар экен. Маданий иш-аракеттер жүргүзүлүп жатыптыр, майрамдарды жакшы куттуктайт экенсиңер. Дагы маанилүү болгон нерсе кыргыз маданиятын түрк жергесинде таанытып жатасыңар. Булар менен эле чектелип калбай бул жактагы кыргыз ишкерлердин биримдигин чыңдап жатканыңар кубантат. Бирок чече турган дагы маселелер бар экен. Биринчиден биз көргөндөй китепкананы китептер менен толукташ керек экен. Бул боюнча жардам бере алабыз. Экинчиден ушул чет өлкөлөрдөгү диаспоралардын маселелерин чечүү жана алардын өз ара ынтымагын бекемдөө боюнча концептуалдуу кадам керек болуп атат. Мамлекет негизинде чет өлкөдөгү диаспоралардын маселелерин чечүүгө жардам берип, өз ара биримдигин чыңдоочу комиссия түзүлүш керек. Коомубуздагы ынтымакты чыңдоо өз колубузда.

Маектешкен Бексултан Токтосунов

1 Август 2012

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED