“Биздин бактыбыз – өз маданиятыбызга жасаган кызматыбыз”

– Урматтуу Мирланбек мырза, оболу өзүңүз тууралуу кыскача шилтеме бере кетсеӊиз.

– Мен кыргызстандын Ош областынын Ноокат районуна караштуу Насридин Исаков айыл өкмөтү Кожоке айылында 1982-жылы төрөлгөм. Орто мектепти 2000-жылы бүтүргөм. 2000-жылы Түркиянын Коня шаарындагы Селчук университетине тапшырып, Гуманитардык факультеттин Түрк тили жана адабият бөлүмүндө билим алгам. 2005-жылы Анкара шаарындагы Гази университетинин Коомдук илимдер институтунун Азыркы түрк тилдери бөлүмүндө Магистратурада окуп баштадым. Магистрдик диссертациямды түрк тилинде жазып, Кыргыз жана түрк тилдериндеги фразеологизмдердин салыштырмалуу сөздүгүн даярдадым. Азыркы учурда ошол эле институтта Докторантурада окуп жатам.

– Сиз жетектеп келе жаткан Кыргызстан достук жана маданият фондунун көздөгөн максаты, астына койгон миссиясы тууралуу кеп салып берсеңиз.

– Кыргызстан достук жана маданият фонду аталышынан эле көрүнүп тургандай достукка жана маданияттка аябай маани берген уюм. Азыркы учурда Түркиянын Стамбул жана Анкара шаарларында өзүнүн иш-аракеттерин жүргүзүп жатат. Жакын арада Анталия, Измир жана Бурса сыяктуу кыргыздар көп жашаган шаарларга да филиалдарыбызды ачууну пландаштырып жатабыз. Мага Башкы катчылык милдети берилгенден бери колдон келишинче маданият тармагында көптөгөн иш-чараларды уюштурууга аракет кылып жатабыз. Анткени биздин бактыбыз – өз маданиятыбызга жасаган кызматыбыз деп ойлойбуз. Дүйнөбүздү технология курчап турган ушу кезде жалпы адамзат коому үчүн эң маанилүү нерсе бул – адамдардын арасындагы биримдикти бекемдөө максатында курулган достук көпүрөлөрү деп ойлойм.

– Фонддун жаңы кеӊсесин Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев ачып берди. Бул ачылышта Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри, Маданият министри жана Түркиядагы көптөгөн расмий мекемелердин өкүлдөрү катышты. Жаӊы конуштун ачылышына президенттин катышуусу сиздерге кандай таасир калтырды?

– Урматуу президентибиз Алмазбек Атамбаевдин бөтөн жердеги кыргыз жаштарынын демилгесине кайдыгер карабай, атайын убактын бөлүп, бул ачылышка катышканы фондубуздун кадыр-баркын бир топ көтөрдү, жаштарга дем-күч берди. Түркиядагы атайын расмий мекемелер менен байланышыбызды дагы да бекемделди. Фонддун максаты улуу, көтөргөн жүгү оор болгону эл алдында дагы бир ирет айгине болду.

– Фонддун башкы кеӊсесиндеги иш алып барып жаткан бөлүмдөр тууралуу да айта кетсеӊиз?

– Башкы кеӊсебиздин аянты 450м2 түзөт. Бул жерде 12 бөлүм бар: башкаруу мекемеси, консулдук, башкы катчы, студенттер бирикмелери. Ошондой эле социалдык тармак деген бөлүмдө, коноктордун, жаш балдардын салондору, жыйын залы бар. Кыргыз маданият үйү деген бөлүмдө болсо, көбүнчө конокторду тособуз. Мында Кыргыз маданияттына таандык буюм-тайымдар коюлган бөлмө ачылган. Муну чакан этнографиялык музей десек да болот. Ар бир бөлмөгө спутникке туташтырылган телевизорлор коюлуп, айрым кыргыз каналдарын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Семинарларды, конференцияларды жана атайын жолугушуу кечелерин өткөрүү үчүн 50 орундук конференц-залыбыз бар. Бул зал заманбап технологиялар менен жабдылган. Электрондук тактайча, компьютер, пржектор ж. б. жайгаштырылган.

– Эми фонддун аткарган иш-чараларына да токтолсоӊуз?

– Жаңы ачылган башкы кеӊсебизге 2012-жылдын 15-январында көчүп келдик. Жаӊы жылдын босогосун аттап, жаӊы конушка жайгашып, жаӊы мотивация менен иштей баштадык. Эми алдыда Түркиядагы кыргыз туугандарыбызга жана түркиялык боордошторубуз үчүн адамдын дилине тазалыкты, аруулукту тартуулаган маданий кечелерди өткөрөлү деп турабыз. Анан албетте ар аптанын аягында ар кайсы ЖОЖдо билим алып жаткан студенттерибиз үчүн өткөрүлчү семинарларды мындан да жогорку деӊгээлге уюштуралы деген изги тилектер бар. Фондубуздун жеӊилин жерден, оорун колдон алып, материалдык жана моралдык көмөгүн көрсөтүп келишкен мүчөлөрүбүдүн үй-бүлөсү, балдары үчүн атайын маданий кечелерди уюштурула баштады. Түркиянын ар кайсы аймактарындагы тарыхый жайларды зыярат кылуу иш-чарасын баштадык. 8-март Эл аралык аялдар күнүнө карата фондубуздун мучөлөрү жана биз менен кызматташкан айымдар үчүн атайын кече уюштурулду. Жаӊыланууну, арууланууну, туугандыктын, ынтымактын, биримдиктин жандануусун жар салган Нооруз майрамын Күчүкчекмеже мериясы, Евразия түрк фондорунун федерациясы, Түрксой, Түрк дүйнөсүнүн мерияларынын бирикмеси менен бирдикте өткөрдүк. Бул майрамга Кыргызстандан Ордо сахна тобун атайын чакырдык. Түркиядагы ММКна фондубуз менен кызматташкан кыргыз интелегенттеринин, ойчулдарынын макалаларын жарыялаганга аркет кылып жатабыз. Иш-чараларыбыз тууралуу кеӊири маалыматтарды www.kyrgyzstan.org.tr интернет баракчабызга да жарыялап турабыз. Мында Түркиянын ар кандай жогорку окуу жайын бүтүрүп, учурда өз ишканасын ачкан же белгилүү ишканаларда иштеген 200гө жакын Кыргыстандык ишкерлерибиздин өзүнчө бөлүмү бар. Биз буларды бир жерге топтоп, башка өлкөлөр менен мамиле куруп, ишкерлерибиздин иштеген секторундагы иш-аракеттеринин өнүгүшүнө салымыбызды кошконго аракет кылып жатабыз.

Анан дагы улутубуздун сыймыгы болгон адамдарды да эскерип турабыз. Мисалы Ч. Айтматов жана Курманжан датка – булар кыргыз жаштары дүйнөнүн кай жеринде болбосун сыймыктанчу улуу инсандар. Ч. Айтматов бир гана кыргыздардын эле эмес, бүткүл түрк дүйнөсүнүн улуу жазуучусу. Ошондуктан “Чынгызды тааныган кыргызды тааныйт” деп айтылат. Ал эми Курманжан датка энебиз кыргыз аялдарынын ичинен чыккан улуу баатыр эне. Генерал даражасын алган, аялзатынын ичинен алгачкы датка наамына ээ болгон. Мына ушундай улуу инсандарыбыздын элесине арналган программаларды уюштуруп келебиз.

– Кыргызстандан Түркияга расмий иш сапарлар менен келген мамлекеттик, коомдук ишмерлер, жетекчилер; саякаттоо максаттары менен келген кыргызстандык туристтер Кыргызстан достук жана маданият фондуна сөзсүз түрдө баш багышат. Алар эки өлкөнүн ортосундагы байланыш, мекендештердин ар кандай маселелери тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Бул тууралуу эмнелерди айтаар элеӊиз?

– Кыргызстандын өз алдынча өлкө болгонуна 20 жыл болду. Ал эми Түркия бул жаатта, өз алдынча бийлик жүргүзгөн өлкө катары тажрыйбасы бир топ алдыда. Өлкөнүн ЖОЖдору, маданий маанилүү уюмдары чет өлкөлөргө түрк маданиятын таанытып жатат. Ошол эле кезде Түркияда Германиянын Гөтзе жана Англянын, Россиянын институттары бар. Алар түрк боордошторго өз маданиятын таанытып жатышат. Дүйнөдө кыргыздардын жашаган бир топ өлкөлөр бар. Эң көп кыргыздар жашаган өлкө бул Россия, андан кийин Казакстанда, анан Түркия. Албетте бул жерлерде орток маданиятты түзбөсө, маданият убакыттын өтүшү менен жоголот. Биздин фонд кыргыз маданиятынын бөтөн жерде да өнүгүүсүнө салым кошмокчу. Ошол эле мезгилде бул жерде жашаган кыргыздардын укуктарын коргогонго аракет кылып келебиз. Эч болбогондо аларга жакшы маанай бергенге аракет кылабыз. Биз өз киндигибизди өзүбүз кесип, өз күчүбүз менен бутка туруп келе жаткан фондбуз. Түркиядагы кыргыз мекенчил мекендештерибиз тарабынан колго алынып, алар ар бири өз салымдарын кошуп жатышат. Фондду чоң маданий борборго айландыруу үчүн болгон аракетибизди жумшап жатабыз.

– Урматтуу Мирланбек мырза, биз менен маанилүү маек куруп, асыл ойлоруңузду Шоокум журналы үчүн бөлүшкөнүӊүзгө тереӊ ыраазычылык билдиребиз. Ылайым, кыргыз маданиятын аздектеп, өнүктүрүп, дүйнөгө таанытуу аракетиӊиздер өрүштөй берсин!..

-          Шоокум журналы жүзүбүздүн нуру, маданиятыбыздын уюткусу. Журнал жетекчилерине жана журналистерге чоң чоң ийгиликлер калайбыз.

 

Маектешкен: Өмер Күчүкмехметоглу

29 Июнь 2012

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED