“Кыргыз байыса, инвестиция берсин.”

Түркияда Кыргызстандын атынан көптөгөн  маданий иш-чараларды жүргүзгөн “Кыргызстан”  достук жана маданият коому үстүбүздөгү жылдын 24-26-августунда «Кыргыз бизнес форуму:  Стамбул –  2012» аттуу кеңири форматтагы иш-чара өткөрмөкчү. Форум жөнүндө анын уюштуруу  комитетинин төрагасы, ишкер Максат Кошоев  баяндап берет.

– Стамбулдагы кыргыз ишкерлеринин форумун уюштуруудагы максаттарыңыз эмнеде?

– Негизинен алганда, ушул “Кыргызстан” достук жана маданият коомунун түзүлүү максаттарынын бири чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын башын бириктирүү жана бири-бири менен тааныштырып, кызматташтыруу болчу. Ага кошумча башка да иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. Форумду өткөрүү идеясы биздин коомдун башкаруу кеңешинин төрагасы Айбек Сарыгулов мырзанын Америкада болуп өткөн Бүткүл дүйнөдөгү кыргыз диаспораларынын чогулушунда пайда болгон. Стамбул шаары географиялык тараптан ыңгайлуу болгондуктан, форумду бул жакта өткөрүүнү оң көрдүк.

– Форумдун негизги максаттары жөнүндө айтып берсеңиз?

– Форумдун максаты уюмубуздун максаты менен айкалышып турат.Чет жерде жүргөн кыргызстандык жарандарга бири-бири менен ар тараптуу карым-катнаш жана соода жүргүзүүсүнө өбөлгө түзүп берүү. Мындайча айтканда, чет жерде өзүнүн бутуна туруп, фирмасын ачып, иш-аракеттерин кылып жаткан кыргызстандыктарды чогултуп, аларды өз ара тааныштыруу. Андан соң чет жерлерде өзүнүн бизнесин өркүндөтүп жүргөн ишкерлерибиз өз ара кызматташуу аркылуу, иштерин дагы да өркүндөтөөр деген ойдобуз. Балким, Түркия менен кызматташып калса бизге да, аларга да пайдасы тиерине ишенебиз.

– Форумга кандай даярдыктар көрүлүп жатат?

– Форум үчүн өткөндө коомдун башкаруу кеңешинин мүчөлөрү жана төрагабыз Москвага 4 күндүк расмий сапарга барып келишти. Москвада диаспоралардын өкүлдөрү жана ишкерлер менен жолугушту, форумду таанытуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ал жактагы ишкерлердин дагы ой-пикирлери жана сунуштары эске алынат. Алар форум өткөрүүнү колдошту.  Москва шаарынын өзүнөн эле 100гө жакын ишкердин форумга катышуусун күтүүдөбүз. Андан кийин Россиянын Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспорасы жана Кыргызстандын консулдугу менен байланыштык. Ал жакка дагы жакын арада барып, форумдун максаттарын түшүндүрөбүз.

– Кайсы өлкөлөрдөн ишкерлерди чакырдыңыздар?

– Так айта турган болсок, Россиядан 100дөн ашуун ишкер келет. Кыргызстандан «Жаш ишкерлер ассоциациясы» менен байланыштык, алар 20га жакын ишкерлерди жибермекчи. Казакстан менен байланышып жатабыз, Европадан, Америкадан жана Кыргызстандын диаспоралары бар мамлекеттерден ишкерлерди күтүп жатабыз.

– Уюштурууга каражат талап кылынаары белгилүү. Демөөрчүлөрүңүз барбы?

– Форум 3 күндүк программа менен өтөт. Анын ичинде Стамбулду таанытуу, шаарды кыдыртуу жана ушуга окшогон көп иш-чаралар бар. Албетте, булар үчүн каражат керек, демөөрчүлөр чыгып жатат.

– Форумдун Кыргызстан үчүн кандай пайдасы бар?

– Бул чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын ишкер чөйрөлө­рүнүн алгачкы форуму болуп жатат. Ийгиликтүү болуп өтөөр деген ишеничтемин. Биз четте жүргөн кыргызстандыктардын бири-бирине жардамдашып, бакубат иштешине салым кошо алсак, Кыргызстан үчүн эң чоң пайдабыз ошол болсо керек. Четте жашап, өздөрү тандап алган кесип боюнча ийгиликке жетишкен ишкер мекендештерибиз келечекте Кыргызстанга инвес­тиция саларына ишенем.

Маектеш жөнүндө: Мак­сат Кошоев 1996-жылы Түркияга окуу издеп келген. Университетти, андан соң магистратураны менеджмент тармагы боюнча бүтүргөн. 2002-жылы түркиялык өнөк­төшү менен биргеликте соода тармагында фирма ачып, азыр ишин ийгиликтүү улантып жатат.

 Маектешкен Бексултан ТОКТОСУНОВ, Стамбул шаары

«Кыргыз туусу», 17.07.2012-ж.

24 Июль 2012

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED