"Түркияда кыргыздардын кадыр-баркы жогору"

- "Кыргызстан достук жана маданият коому" качан жана кандай максатта түзүлгөн?

- "Кыргызстан достук жана маданият коому" 2009-жылдын май айында Стамбул шаарындагы Кыргызстандын атуулдары тарабынан расмий түрдө түзүлгөн. Анкара шаарындагы өкүлчүлүгүбүз 2010-жылы ачылган. Аты айтып тургандай эле түзүлгөндөн баштап негизинен маданиятка көбүрөөк көңүл бөлүп, өзгөчө ушул тармакты өнүктүрүүгө далалат кылып келебиз. Ошондой эле коомубуз Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы экономика, илим-билим, маданият жана достук мамилелерин чыңдоо багытында көптөгөн иш-арекеттерди жүргүзүп жатат. Башкы максатыбыз эч кандай саясий көз карашта эмес, Кыргызстанды кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын, үрп-адатын Түркияга, дегеле дүйнө жүзүнө таанытуу болуп саналат. Ошондой эле боордош Түркия мамлекетинде жашап, иштеп жана билим алып жаткан атуулдарыбыздын ынтымагын бекемдөө менен мекенибиздин, эли-жерибиздин келечегинин кең болушуна салым кошуу болуп саналат. Бул багытта бул жактагы кыргыздар бир үй-бүлө, бир айылдай ынтымакта эмгектенип жатабыз.

- Коом тарабынан уюштурулган маданий иш-чаралар туурасында айтып берсеңиз?

Бизде жылына 31-август Эгемендик күнүнө, айымдардын 8-март майрамына, Ч.Айтматовго арналган жумалыктар дайыма өткөрүлөт. Бул жакта Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан жана башка бир нече түрк дүйнөсүнүн маданият үйлөрү жайгаштырылган "Топкапы" маданият борбору бар. Жай айындагы программалардын бардыгын ушул жерде белгилейбиз. 2010-жылы 31-августта өз аракетибиз менен биринчилерден болуп боз үй алып келип тиккенбиз. Бизден кийин борборго казактардын боз үйлөрү тигиле баштады. Анын үстүнө бул жердеги мекендештерибиздин арасында шаар жеринен келгендер бар. Алар Кыргызстанда белгилебеген майрамдарды, колдонбогон салттарды ушул жакта өркүндөтүп, өздөштүрүп жатат. Анын үстүнө мекендин баркы четте жүргөндө жакшы билинет эмеспи. Сагынычтан улам ичибизде жаткан нерселерди өзүбүз таанып билүүгө аракеттенип жатабыз. Быйыл төртүнчү жылы Нооруз майрамын белгиледик. Жылына кыргыздар үчүн гана концерттик программаларды уюштурсак, ушул жылдан баштап өз маданиятыбызды түрк элдерине тааныталы деген максат койдук. Бул багытта Кыргызстандан "Ордо Сахна" фольклордук этнографиялык ансамблин чакырып, Түркиядагы бир нече муниципиалитеттеринде чоң программадагы концерттерди уюштурдук. Биздин тааныта турган, ал гана эмес мактана турган маданиятыбыз бар. Элибиздин, мамлекетибиздин маданий баалуулуктарын жоготпошубуз керек. Түрк туугандарыбыз көчмөндүк жашоодон чыгып кеткендиктен салт-санаалардын көбү унутулуп калган экен. Биз да көчмөн элек биздин да ушундай салттарыбыз бар беле деп таң калып сурап жатышат.

- Сиздердин коомду кимдер каржылайт? Демөөрчүлөр туурасында айтып берсеңиз?


- Биздин коомдун айрым мүчөлөрүнүн келгендерине 20 жылдын жүзү болду. Ушул жерде бала-бакыралуу болуп отурукташып калдык. Биз деле кетебиз деп жүргөнбүз, бирок, эми диаспора катары калыптанып калдык. Коомдун негизги түпкүрүн Түркияда жогорку окуу жайларын аяктап, бул жакта иштеп калган кыргызстандыктар түзөт. Бул жакта кыргыздардын кадыр-баркы жогору. Көпчүлүгү жакшы жерлерде, ири ишканалардын мүдүрү болуп иштешет. Айрымдарынын жеке ишканалары бар. Мына ошолор бизге демөөрчүлүк кылат. Андан сырткары мүчөлүк акыларыбыз бар. Башында сексендей бала баштаганбыз. Азыр Стамбулда расмий түрдө үч жүз элүү, Анкара шаарында эки жүз элүү мүчөбүз бар. Ошолордун көмөгү менен өзүбүздү материалдык жактан каржылап, эч кимден жардам сураган жокпуз. Өз демилгебиз менен аракет кылып жатабыз. Быйыл кеңсебиз да чоңойду. Үстүбүздөгү жылдын январь айында президентибиз Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасына болгон беш күндүк иш-сапарында биздин коомдун жаңы кеңсесинин ачылыш салтанатына катышып, лентасын кескен. Бүгүнкү күнгө чейин кылынган иш - аракеттер жана кийинки боло турган мааракелер жана иш-чаралар жөнүндө айтып бердик. А.Атамбаев коомдун демөөрчүлөрүнө да ыраазычылыгын билдирип кетти. Бул бизди аябай кубандырды. Жеке эле кыргыздар эле эмес, Түркия элине жаңылык болду.

- Түркияда билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен кандай байланыштасыздар?


- Түркияда былтыркы жылдын эсеби боюнча расмий түрдө жети жарым миң кыргыз бар деп айтылып жүрөт. Ал эми биздин эсеп менен он эки миң мекендешибиз болушу мүмкүн. Алардын үч миңи Стамбул шаарында жашаса сегиз жүзү студенттер. Концерттик программалар, атайын иш-чаралар уюштурулганда жети жүздөй киши дайыма катышып турат. Бул жерде студенттер биздин мамлекеттин кайрадан калыптануу убагына туш келгендиктен мамлекетке болгон мамилеси бир аз бошоңдоп калгандай. Анын үстүнө Кыргызстанга барганда жакшы жумуш таба албагандыктан Америка, Кытай, Жапонияга иштеп кетишет. Андыктан өз мекендеринде кызмат өтөп, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошсо деген ойдо алар менен көбүрөөк иштешип жатабыз.

- Алдыдагы пландар тууралуу айта кетсеңиз?


- Бизде алдыга койгон пландар, ишке ашырыла турган долбоорлор арбын. Маданият жана достук коому башында бул жактагы кыргызстандыктар өз-өзүнчө бөлүнбөй бир коомдун алдында бириктирүү максатында түзүлгөн. Эми Түркияда эле эмес, башка өлкөлөрдөгү ишкерлерди ынтымакка чакырсак деген тилегибиз бар. Өзгөчө Орусия, Украина, Казакстан, Америка, Малайзия, Кытай, Дубай сыяктуу өлкөлөрдө түрдүү соода тармактарында иш алып барып жаткан кыргызстандык ишкерлер бири-бири менен тыгыз байланышта иштешсе жакшы болмок. Бул боюнча атайын долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Мындан тышкары Түркияда окуп кеткен жердештерибиздин илимий эмгектери, диссертациялары бар. Мына ушул эмгектерди бир эле университетке калтырбай башка окуу жайларга жеткиликтүү болсун деген ниетте жыйнак чыгарганы турабыз. Ошондой эле жалпы эле түрк элдерине, Түркияга кыргыздын акын жазуучуларын таанытуу максатында жаңы журнал чыгаруу планыбызда бар. Бул боюнча коомдо атайын уюм түзүлүп, залкар акын-жазуучулардын чыгармалары түрк тилине которулуп жатат. Буюрса, май айында чыгып калат. 1954-жылы көчүп келген кыргыздардан чыккан кыргыз дегенде күйүп жанган патриот Тажигүл Күнтүз аттуу эжебиз бар. Ал сайма сайып, сүрөт тартып жүрөт. Ал да өз кол өнөрчүлүгү туурасында семинарларды өтүп, өз өнөрүн бул жактагы кыз-келиндерге үйрөтсөм дейт. Дагы бир кызыбыз өзү демилгеси менен түрктөрдүн "Атам жана уулум" аттуу тасмасын кыргыз тилине которуп кыргызстандыктарга көрсөттү. Жакында алтын фонддогу жана жаңы кыргыз фильмдери жандуу котормо түрүндө көргөзүлөт.
Ошондой эле 1982-жылы келген Вандагы кыргыздар менен жакшы мамиледебиз. Былтыр жаз айларында өткөргөн фестивалына колдоо көрсөттүк. Алар бул жакка келгенге чейин Афганистан, Пакистанда жүргөндүктөн көптөгөн салт-санааларды унутушкан. Мына ошолорду жандандыруу, үйрөтүү максатында долбоор түзүп жатабыз. Вандык туугандарыбыздын мектебинде 8-класска чейин эле билим алышат. Андан кийин кыздары гана окуусун улантпаса, эркек балдардын көпчүлүгү окубай калат экен. Бул багытта жардам көмөк көрсөтөлү деген ойдо бул жактагы жана кыргызстандагы түрк лицейлери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жок дегенде уул-кыздары лицейдин деңгээлиндеги билимге ээ болсо жогорку окуу жайларында билимин улантууга мүмкүнчүлүк түзүлүп калмак.
                                                                                                                                                                                                                                                       Маектешкен Мээрим Искакова

 

29 Июнь 2012

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED