“Аялдар атынан айта кетейин, биз көп иш жасайлы деп ойлоп жатабыз.”

- Мөлмөл эже, сиз Стамбул шаарындагы Кыргызстан Достук жана Mаданият коомунун эң урматтуу жеңелерибизден болуп эсептелесиз. Мүмкүн болсо өзүңүздүн үй-бүлөөңүз жана Стамбул шаарына кантип келгениңиз жөнүндө айта кетиңиз.

- Мен 1970-жылы 12 январда Ысык-Көл областынын Ак-суу районуна караштуу Маман айылында орто үй-бүлөөдө төрөлдүм. Алты бир-тууганбыз: 3 эркек, 3 кызбыз. Мен экинчиси боломун. Ата-энем биздин рахатыбызды көрүп азыр айылдагы үйүбүздө. Мен болсо 1986-жылы онунчу классты бүтүрдүм. Андан кийин улуттук консерваторияда дерижордук хор адистигин аяктадым. Ошол жерде иштеп калып азыркы жолдошум менен тааныштым. Биз экөөбүз классташ болчу элек, ошондон бeри таанышып, сүйлөшүп жүрчүбүз. 1992-жылы жолдошум Стамбулга окууга кетти, биз болжолошкон убакытта телефон жана кат аркылуу байланышып турчубуз. Ошентип 2000-жылы экөөбүз баш коштук. Ноябрь айында эле Стамбулга келип, бул жерден биздин эң биринчи үй-бүлөөлүк жашоо кадамыбыз башталды. Азыр 3 уул балабыз бар, аларга таттыктуу билим жана тарбия берип жатабыз. Жолдошум болсо 1992- жылдан бeри бул жакта иштейт, Стамбул университетин бүтүрүүчүсү.

- Сиз өзүңүз бул жакта иштейсизби?

- Мен үйдөмүн, үч баламды окууга алып барып келип үйдөгү иштерди жасайм. Стамбулга келгенден бeри такыр иштеген жокмун.

- Анда эмесе, кыргыз коому жөнүндө кеп кылсак: ар ишемби күндөрү аялдар коомго келишет, өз ара кандай иштер менен алектенишет,коомго кандай салым кошуп келүүдө?

- Биздин бул жерге келгенибиздин максаты - аялдарды бир чөйрөгө алып келип,ынтымагыбызды бекемдөө. Азыр биз чет өлкөдө жүрөбүз: башка эл, башка салт, ошондуктан бир-бирибизди дайыма колдоп жана жардам беришибиз үчүн биз даыйма катташып турушубуз керек. Кыргыз коому да өз жардамын берип,ар аптанын ишмеби күндөрдү атайын аялдар жана балдар үчүн дeп күн белгилеп берген. Ошондой эле биздин кийинки максатыбыз - Кыргыздын үрп-адатын, тарыxын жана салтын унуттурбай сактап калуу. Улуттук тамак-аштарын жасайбыз, бир-бирибиз менен сырдашабыз, балдарыбызды алып келип тааныштырабыз, кийин өздөрү бир-бири менен байланышын үзбөй, катташып турушат. Андан сырткары, балдарыбыз кыргыз жана орус тилдеринин курсуна барышат. Кийин Кыргызстанга барганда кыргызча так сүйлөп жана орус тилден кыйналып калбасын деп аялдар өз ара балдарыбыздын билимине колдоо көрсөтүп жатабыз. Социалдуу тараптан, биз дайыма жар уюштуруп кыргыздын тамактарынан: манты, самсы, плов, пирожки жана башка түрдүү нерселерди жасап, андан түшкөн каражатты коомго тапшырып беребиз. Аялдар атынан айта кетейин, биз көп иш жасайлы деп ойлоп жатабыз. Үйдө күйөөлөрүбүздү карап отурбастан өзүбүз арабызда ар түрдүү иштерди жасайлы деп пландаштыруудабыз.

- Бул иш - аракттер башка жеңелерибизге канчалык деңгээлде маанилүү? Коомдо канча аялзаты бар?

- Ортоломо бизде 15 аял даыйма келет. Aндан тышкары, мисалы, 8 - мартта бул жерде жигиттерибиз стол даярдап куттукташканда, ошондо 70 аял, кыздар жана коомдун мүчөлөрү келди. Ушинтип жакшы бир камырга окшоп жуурулуп келе жатабыз, буйурса.

- Сиздин критикалдуу ойуңуз боюнча коомдун азыркы абалы жана анын келечектеги статусу каднай болот деп ойлойсуз?

- Менин өз көз карашым боюнча коом жакшы жолдо кадам салып жатат. Себеби деген биздин курулганыбызга аз эле убакыт болду. Жаңы бутка туруп эми басып келе жаткан балага окшоп турган чагыбыз. Бирок ошентип басса дагы жакшы адамдардын кадамдары менен басып жаңы чуркайм деген акыбалда турат дагы, дагы чуркап бир топ жерлерге жетет деген максаттабыз. Анткени азыр Стамбул шаарынын райондорунун жетекчилери менен көрүшүп, өнүгүп жаткан кезибиз. Мурунку 4-бөлмөлүү квартирага караганда азыр болсо мынакей аябай чоң кеңсеге көчүп алдык. Aчылыш аземине президентибиз Алмазбек Атамбаев катышып кетти. Ошондой эле биздин рухий дүйнөбүздү такыр эле бул жакка сиңип кетпеши үчүн, Кыргызстандан чакырылган көптөгөн артисттер ар-түрдүү мааракелердерде катышып кетишет. Түрк жана Кыргыз мамлекеттери бир-бири менен тыгыз жана достук мамиледе болооруна чын жерөктөн ишенебиз.

- Коомго кандай программалрады, сунуштарды бере аласыз?

- Аялдар атынан бала-бакча маселеси бар эле. Мына азыркы убакытта көптөгөн аялдар иштегилери келет, бирок бала-бакчалар кымбат баада болгондуктан жумушка орношо aлбaй жатышат. Анан ошол балдарыбыздын келечеги үчүн кыргызча, орусча, комуз курстары дагы кеңирээк бир деңгээлге чыгуусуна үмүттөнөбүз.

- Мөлмөл эже, өззүңүздүн убактыңызды бөлүп бизге маанилүү маек куруп бергениңизге чоң рахмат.

Маектешкен

Айгерим Баязбекова

23 Май 2012

Башына
KDMK 2014 ALL RIGHTS RESERVED